Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Дагестандагы кол салуудан кийин "Единая Россиянын" жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы кармалды


Дагестан.
Дагестан.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында кеминде 19 адамдын өлүмүнө алып келген кол салуудан кийин бийликтеги "Единая Россия" партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн катчысы, Сергокала районунун башчысы Магомед Омаров кармалып, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.

Омаров "Единая Россиянын" катарынан дароо чыгарылды. Партиянын басма сөз кызматы билдиргендей, буга анын партиянын “кадыр-баркын кетиргени” себеп болду. Партиянын расмий сайтындагы Омаровдун баракчасы да өчүрүлдү.

ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги жазгандай, жекшембидеги кандуу кол салууга катышкандардын экөө Омаровдун уулдары, дагы бирөө анын тууганы экени аныкталды.

Айрым маалымат булактары Омаровдун сегиз уулу бар экенин, сурак учурунда ал кээ бир уулдарынын вахабий көз карашы тууралуу билгенин, айрыкча Осман атуу уулу радикал болгонун, туугандары аларды колдобой келгенин айтып бергенин жазып жатышат.

23-июнда болгон окуя "теракт" беренесинин негизинде тергелип жатканын Тергөө комитетинин жергиликтүү башкармалыгы билдирген.

Жекшембинин кечинде Дагестандын эки шаарында - борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болгон.

Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында православ храмы жана синагога бутага алынган.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон колуна курал алган адамдар көчөдө аткылап жатканын, полиция менен атышуу болгонун, айрым жерлерде өрт чыкканын көрүүгө болот.

Соңку маалымат боюнча, кеминде 15 полиция кызматкери набыт болду, дагы төрт жергиликтүү тургун каза болду, алардын арасында православ чиркөөсүнүн кызматкери бар.

Кол салгандар кеминде алты киши экени, алар жок кылынганы маалымдалды.

Дагы 16 киши ооруканага жаткырылганы, алардын 13ү полиция кызматкери, үчөө жай тургун экени белгилүү болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG