Аскат Жетигендин сотунда лингвист эксперттер суракка алынды

Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.

“Кылым шамы” укук коргоо уюму 11-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп, лингвист эксперттер Гуля Мураталиева менен Нурлан Сакпаев сурак бергенин билдирди.

Адвокат Самат Матцаковдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, Сакпаев “Аскат Жетигендин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеолорунда бийликти күч менен басып алууга чакырыктар бар” экенин айткан. Ал эми Мураталиева видеодо “сын-доомат гана айтылган” деген көрсөтмө берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки туруна өттүАКШ: Кыргызстандын жана дагы беш өлкөнүн мыйзамсыз мигранттары дароо депортацияланатСот арачылары Хантер Байденди айыптуу деп табыштыТүркмөнстанда төрт жылга кесилген журналист эркиндикке чыкты11-июнь: ЖК комитети талаштуу долбоорду колдоду, Арменияда оппозиция акциясын улантуудаТИМ: Бир айда чет өлкөлөрдөн 14 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди Прокуратура майыптыгы бар аялдарга бөлүнгөн акча мыйзамсыз жумшалганын аныктадыЧет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдө 1,5 миңдей кыргызстандык кармалып турат