Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Түркмөнстанда төрт жылга кесилген журналист эркиндикке чыкты


Нургелды Халыков. Архивдик сүрөт.
Нургелды Халыков. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстанда 2020-жылы төрт жылга эркинен ажыратылган журналист Нургелды Халыков жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, боштондукка чыкты. Turkmen.news басылмасы жазгандай, ал 8-июнда бошотулду.

2020-жылдын июль айында «Инстаграм» колдонуучуларынын бири баш калаа Ашхабаддагы мейманканада бир топ чет өлкөлүк жаран сүйлөшүп отурганы жашыруун тартылган сүрөт жарыяланган. Сүрөттүн алдына «Бул отурган чет өлкөлүктөр Түркмөнстанда коронавирус эпидемиясы жок экенин текшергени келишкен» деп жазылган. Кийин сүрөттү жарыялаган автор аны өчүрүп салган.

Turkmen.news басылмасынын ошол кездеги кабарчысы Нургелды Халыков сүрөттү колдонуп сайтка жаңылык жазган. Бир күндөн кийин аны полиция кармап, кийин октябрь айында шылуундукка айыптап, төрт жылга соттолгону белгилүү болгон.

Халыков иштеген Turkmen.news басылмасы «бул басма сөз эркиндигине каршы куугунтук» деп сындаган билдирүү тараткан.

«26-июлда Нургелды басылмага «5000 доллар карызым бар болчу, ошон үчүн мени полицияга чакырышты» деген маалымат жөнөттү. Ага карызга акча бергендер арыз жазышыптыр. Бирок Халыковдун мындай карызы бар болсо бизге айтмак, биз билмекпиз» деп жазган Turkmen.news.

«Чек арасыз кабарчылар» жана сөз эркиндигин коргогон бир катар башка да эл аралык уюмдар Нургелды Халыковго жалган жалаа жабылып, ал абакта кыйноого кабылып жаткан болушу ыктымал экенин билдирген жана окуяны «эркин басма сөздүн акыркы өкүлдөрүнүн оозун жабуу аракети» катары бааланган.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавируска чалдыккандар бар экенин четке кагып келген, бирок карантиндик катуу чараларды киргизген.

Жарандык журналист Халыков Turkmen.news менен 2017-2020-жылдары кызматташкан. Ал Лебап велаятындагы LB-E/12 жалпы тартиптеги абакта отурду. Ошол эле колонияда азыр активисттер Мырат Душемов, Алламурат Корханов жана Мырат Овезов кармалууда.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун соңку рейтингинде Түркмөнстан 180 өлкөнүн арасынан 175-орунду ээледи.

2021-жылы Журналисттерди коргоо комитети Халыковду камалган журналисттер тизмесине кошкон жана анын абалы тууралуу эч кандай расмий маалымат ала албай жатканын белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG