Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдө 1,5 миңдей кыргызстандык кармалып турат


Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөлөрдөгү абактарда 1,5 миңдей кыргызстандык жаран жаза өтөп жатат. Дагы 800 чамалуусу тергөө абактарында кармалып турат. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 11-июндагы жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Юстиция министрлиги адвокаттардын лицензиясын эки тараптуу таануу сунушу Орусиянын мамлекеттик органдарына жиберилген.

"Азыр Орусияда эксперттер карап жатышат. Бизде мыйзамдар даяр. Орусиянын адвокаттар мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген соң, биз ал жакка биринчи этап менен алгач 50 адвокат жиберүүгө даярбыз", - деди Сыдыков.

Депутат Чыңгыз Ажибаев чет өлкөлөрдө кыргызстандык жарандар түрдүү кылмыштарга айыпталып, камалып калышына тиешелүү адвокаттык жардамдын жоктугу негизги себеп болуп жатканын билдирди.

Юстиция министринин орун басары учурда чет жактарда кылмышка шектелип кармалган жарандардын укугун коргоо боюнча ал өлкөлөрдөгү кыргызстандык мигранттардын диаспоралары менен да кызматташтык бардыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 11-июнда “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-3-окууда кабыл алды.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) былтыр Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын 73ү мекенине которулганын маалымдаган.

Расмий маалыматка караганда, миграцияда жүргөн жалпы кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Анын 410 миңден ашууну Орусияда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2-июнда чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттар дээрлик 300 миң адамга азайганын билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG