Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

ТИМ: Бир айда чет өлкөлөрдөн 14 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди


Венгриядагы кыргызстандык мигранттар жашаган борбор. Иллюстрациялык сүрөт.
Венгриядагы кыргызстандык мигранттар жашаган борбор. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдук мекемелери тарабынан май айында оор кырдаалда калган 34 жарандын мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүлдү. Алар Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Венгрия, Казакстан, Орусия, Сауд Арабиясы, Түркия жана Украинадан Кыргызстанга кайтарылган. Алардын ичинде Ирактын түрмөсүндө энеси менен чогуу кармалып турган эки бала жана Түркияда кароосуз калган бир өспүрүм бар.

Ошондой эле май айында чет өлкөлөрдөн 14 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 11-июнда кабарлап, май айында чет өлкөлөрдүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү менен кыргызстандыктардын укуктарына байланыштуу 90 жолугушуу болгонун да кошумчалады.

Элчилик жана консулдук кызматкерлер Кыргызстандын жарандары кириптер болгон окуялардын жерине, укук коргоо жана сот имараттарына 110 жолу барып, Орусияда 6 сот жараянына катышкан.

БАЭ, Иракт, Казакстан, Кытай жана Орусиянын бир катар шаарларындагы 14 түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан 118, ошондой эле Венгрия менен Орусиянын тергөө абактарында кармалып турган үч кыргызстандык жаран менен жолугушуу болгон.

Орусиянын Екатеринбург, Сургут, Тюмен шаарларындагы убактылуу кармоочу жайларда кармалып турган кыргызстандыктардын шарты менен таанышып, аларга укуктук-консулдук жардам көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары Венгрияда кыскартууга туш болгон 211 кыргыз мигрантына кайрадан ишке орношууга жана 9 кыргызстандык жарандын мыйзамдуу айлык акысын алуусуна көмөктөшкөн.

"Азаттык" Венгрияда кыскартууга дуушар болгон 200дөн ашуун кыргызстандык мигранттар ара жолдо калганы тууралуу кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, миграцияда жүргөн жалпы кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Анын 410 миңден ашууну Орусияда.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда кыскарган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG