Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Прокуратура майыптыгы бар аялдарга бөлүнгөн акча мыйзамсыз жумшалганын аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери майыптыгы бар аялдарды окутуп, аягында иш менен камсыздоо боюнча долбоорго багытталган акчаны кымырып алышкан деп шек саналууда.

Башкы прокуратура 11-июнда маалымдагандай, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголду.

Маалыматта жазылганга караганда, Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы аталган министрликтин кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, "пайда көрүү максатында "М.А.Р.К.К.А." коомдук бирикмеси менен келишим түзгөн. Анда майыптыгы бар аялдарды окутуп, иш менен камсыз кылууга багытталган долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашылган.

"Бирок эч кандай иш жүргөн эмес. Жасалма документтер боюнча жасалма отчетторду кабыл алышып, мамлекеттин акчасын жеке кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Жыйынтыгында майыптыгы бар адамдардын укугу бузулуп, мамлекетке 1 млн 440 миң сомдук зыян келтирилген", - деп жазылган анда.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укугу мамлекеттик органдар тарабынан көп бузуларын буга чейин Акыйкатчы институту жана Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору да билдирген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин быйыл апрелге карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашуун. Анын ичинен 37 миңи – 18 жашка чейинки балдар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG