Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Футбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки туруна өттү


Футбол боюнча улуттук курама команда. Бишкек.
Футбол боюнча улуттук курама команда. Бишкек.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюн 11-июнда Омандын Маскат шаарында болду.

Жыйынтыгында, Кыргызстандын курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан.

Тайпада 13 упай топтогон Оман биринчи, 11 упай менен Кыргызстан экинчи орун менен дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өттү. Малайзияда 10 упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай алган жок.

Дүйнө чемпионатынын 3-туруна жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунду алган курамалар чыгат.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG