Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

АКШ: Кыргызстандын жана дагы беш өлкөнүн мыйзамсыз мигранттары дароо депортацияланат


Техас. Колго түшкөн мыйзамсыз мигранттар.
Техас. Колго түшкөн мыйзамсыз мигранттар.

АКШнын Калифорния штатынын Чек ара кызматы Борбор Азиянын үч мамлекетинен – Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана дагы бир катар мурдагы советтик өлкөлөрдөн барган мыйзамсыз мигранттарды колго түшөр замат депортация кылууга милдеттүү болот. Бул тууралуу 10-июнда New York Post жазды.

Макалада айтылгандай, чек арачыларга ушундай тапшырма берилген документ жөнөтүлдү. Ага ылайык, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн мыйзамсыз барган жашы жеткен курактагы адамдар дароо АКШдан чыгарууга жөнөтүлөт.

Ал эми Африка, Азия, Европа жана Австралия аймагындагы 100дөн ашуун өлкөнүн чек арадан кармалып калган жарандарына арызы АКШ сотунда каралып бүткөнчө калууга уруксат берилет, бирок алар качкын макамын алууга арыз бере алышпайт.

Fox News жазгандай, жаңы талап Сан-Диего секторуна гана тийиштүү. Ал жер азыркы тапта АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган чет элдиктер өтө көп топтолгон тилке болууда.

Мексика АКШнын Калифорния, Аризона, Нью-Мексико жана Техас штаттары менен чектешет.

5-июнда АКШ президенти Жо Байден Мексика тараптан өтүп барган мыйзамсыз мигранттардын башпаанек алуу эрежелерин катаалдатуу тууралуу буйрук берген. Эми андай келгиндерди артка кайтаруу мурдагыга караганда оңой болуп калмакчы. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG