Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Сот арачылары Хантер Байденди айыптуу деп табышты


Хантер Байден.
Хантер Байден.

АКШда сот арачылары президент Жо Байдендин уулу Хантер Байденди куралды мыйзам бузуу менен сатып алуу тууралуу иштеги бардык үч пункт боюнча айыптуу деп табышты.

Ага 2018-жылы револьвер сатып алуу үчүн толтурган каттоо кагазына «мыйзамсыз маңзат препарат колдонбойм жана андан көз карандылыгым жок» деп жалган маалымат жазган, ошондон кийин 11 күн бою тапанчаны мыйзамсыз колдонуп жүргөн деген айып тагылууда.

Эгер бул айып сотто колдоо тапса 54 жаштагы Хантер Байден 25 жылга чейинки мөөнөткө камалып, 750 миң доллардай айыппул төлөөгө милдеттүү болот.

Бирок АКШдагы юрист эксперттер бул өлкөнүн сот тажрыйбасына таянып боолгогондой, мурда соттолбогон жаран болгондуктан ал түрмөгө отургузулбашы мүмкүн.

Ишти карап жаткан Делавэр штатынын округдук сотунун судьясы Мэриэллен Норейка өкүм чыгарууга 120 күндөй убакыт талап кылынарын айтканын CNN жазды. Демек, өкүм октябрь айынын ортосунда, АКШда президенттик шайлоодогу добуш берүү башталып жаткан кезде жарыяланышы ыктымал.

Жо Байден, «Америка добушу» белгилегендей, кийлигишүү тууралуу айыптоолор болбошу үчүн уулунун иши боюнча дээрлик комментарий бере элек. Ал быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоого камданууда.

Байдендин негизги атаандашы, мурдагы президент Дональд Трампка бир нече айып тагылган. Өткөн айдын соңунда Нью-Йоркто сот арачылар коллегиясы аны айыптардын бири боюнча күнөөлүү деп тапкан.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү былтыр декабрда Хантер Байденге байланыштуу формалдуу иликтөө да башташкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG