Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

11-июнь: ЖК комитети талаштуу долбоорду колдоду, Арменияда оппозиция акциясын улантууда


Еревандагы нааразылык акциясынын катышуучусу
Еревандагы нааразылык акциясынын катышуучусу

11-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Миң-Кушта сайга кулаган машина уран калдыгын ташып бараткан

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаада уран калдыктары болгонун ырастады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожонун суроосуна жооп берип жатып айтты. Миң-Кушта 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

ЖК комитети уран казууга жол ачкан долбоорду колдоду

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Долбоор эми Парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Тоң районунун жана Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Кемпир-Абад иши: Дагы үч шектүүнүн иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүндү. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын сегизи камакта жатат. Калганы эркиндикте. Аларга “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Шектүүлөр коюлган кинени четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келишет.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча донордук комитет түзүлдү

Министрлер кабинети 10-июнда Австриянын борбору Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүү менен аяктаганын билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ГЭСти курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетерин айтты. ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Берлин: Украина боюнча жыйынга 60тай өлкө жана уюм катышууда

Орусиянын чабуулдарынан коргонуш үчүн Украинага абадан коргонуучу Patriot системаларынан кеминде жетөө керек. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Берлинде конференцияда сүйлөгөндө билдирди. Германиянын канцлери Олаф Шольц Дүйнөлүк банктын маалыматына таянып билдиргендей, Украинага жакынкы 10 жылда реконструкциялоо үчүн 500 млрд долларга жакын каражат керек болот. Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн 1,5 млрд еврону Украина июль айында алса болорун билдирди. Июнь айында Украина UkraineFacility программасынын алкагында дээрлик 2 млрд евро алат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израил Газа боюнча соңку планды жактап жатканын айтты

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы атышууну токтотуу боюнча планды жактай турганын ырастаганын Блинкен Тел-Авивде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Бул күндөрү ал Газа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып Израилди жана Египетти кыдырууда. Блинкен БУУ кабыл алган резолюцияны «үмүт берүүчү белги» деп атады. ХАМАС Израил аскерлеринин Газадан толук чыгып кетишин талап кылып келет.

Польшанын Беларус менен чек арасындагы буфердик зона 13-июнда иштей баштайт

Польшанын чыгыш тарабында, Беларус менен чек арасында 2021-жылдан бери миграциялык кризис уланууда. Жүздөгөн, айрым учурларда миңдеген мыйзамсыз мигрант Европа Биримдигинин аймагына ошол тилке аркылуу өтүүгө аракет кылган окуялар катталган. Польша бул үчүн орус жана беларус бийлигин «шыкакчы болууда» деп айыптап келет. 2021-жылы Орусиянын негизги союздашы болгон Беларус Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө туристтик агенттиктерди ачып, Европага мыйзамсыз өтүү жолдорун сунуштай баштаган. Польшанын Беларус менен чек арасынын жалпы узундугу 398 чакырымды түзөт.

Арменияда оппозиция акциясын улантууда

Арменияда өкмөттүн отставкасын талап кылган акция уланып, анын уюштуруучусу «Тавуш Мекен үчүн» деп аталган кыймылдын тарапкерлери борбор калаа Еревандагы айрым көчөлөрдү тороп турушту. Еревандын Баграмян проспектиси кечээтен бери жабык турат. Демонстранттар ал жерге чатыр тигип, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылууну улантып жатышат. Арменияда Азербайжан менен чек ара маселесинен улам өкмөттүн отставкасын талап кылган, оппозициянын лидери, Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян жетектеген акциялар 9-майда башталган.

Казакстанда Орусияга кошулууга үндөгөн эки жаран беш жылга соттолду

Чыгыш Казакстан облусунун прокуратурасы билдиргендей Өскемен (Усть-Каменогорск) шаардык сотунун өкүмү менен эки киши "улут аралык жана социалдык араздашууну козутуучу жарыясы жана комментарийи үчүн" соттолду, алар күнөөсүн толук мойнуна алышты. Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февраль айынан бери Казакстанда жикчилдикти жактаган бир нече адам камакка алынып, соттолгон. Казакстан түндүк жана батыш тарабынан Орусия менен чектешет. Эки өлкөнүн чек ара тилкесинин узундугу 7591 чакырым. Бул дүйнөдөгү эки өлкө чегин ажыраткан эң узун чек ара сызыгы болуп саналат.

“Роскосмос” декабрда станцияга астронавттарды ташуу боюнча НАСА менен программасы 2025-жылга чейин узартылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG