Кыргызстанда банктардын бири 22 млн сом айыпка жыгылды

Улуттук банктын имараты. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети коммерциялык банктардын бирине 22 миллион 680 миң сом айып салды. Мындан тышкары банктын айрым кызмат адамдарына чара көрүлдү.

Улуттук банк айыпка жыгылган банктын атын жана эмне үчүн мындай чара колдонулганын тактаган жок.

Өлкөнүн негизги банкы 2023-жылдын декабрь айында да коммерциялык банктардын бирине 19 млн 80 миң сом айып пул салынганын билдирген.

Улуттук банк – Кыргызстандагы банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. Өлкөдө ушул тапта 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 318 филиалы бар. (BTo)

Дагы караңыз

11 журналисттин иши: Сот Акунбеков менен Турдалиевди да абакта калтырдыАдвокат Арстан Алайдын коопсуздугун коргоого алуу боюнча жазган каты жоголуп кеткенин билдирдиГаага соту Киевдин Орусияны айыптаган арызын кароого юрисдикциясы бар-жогун чечетСадыр Жапаров Бишкек ЖЭБи толук модернизация болорун айтты11 журналисттин иши: Сот Акыл Орозбековду камакта калтырдыЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү тапшырмасы берилди11 журналисттин иши: Султаналиев коюлган айыпты четке кактыАкыйкатчы институту психиатриялык ооруканадагы бейтаптардын укуктарына мониторинг жүргүзөт11 журналисттин иши: Азамат Ишенбеков айыптарды четке какты