Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

11 журналисттин иши: Султаналиев коюлган айыпты четке какты


Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келүүдө. 17-январь.
Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келүүдө. 17-январь.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Арча Медиа” порталынын журналисти Сайпидин Султаналиевдин кармалышын мыйзамдуу деген Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 17-январдагы токтомун күчүндө калтырды.

Анын адвокаттарынын райондук соттун бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн шаардык сот канааттандырган жок. Сотто Сайпидин Султаналиев коюлган айыпка макул эмес экенин айтты.

“Президент кызматка киришип жатканда “өлкөдө мыйзамдын диктатурасы орнойт” деп айткан. Мен Садыр Жапаровдун ушул сөзүнө ишенип, материалдарды, программаларды ар дайым так фактылар менен даярдап келе жатам. Бизди башаламандык уюштурууга айыптап жатканы өтө эле аша чапкандык”, - деди Сайпидин Султаналиев.

Бишкек шаардык соту ушул эле күнү “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун кармалышын мыйзамдуу деп чечти.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Ал 5-февралга чейин каралат.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG