Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Гаага соту Киевдин Орусияны айыптаган арызын кароого юрисдикциясы бар-жогун чечет


Гаагадагы БУУнун Эл аралык соту
Гаагадагы БУУнун Эл аралык соту

2-февралда Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту Украинанын Орусияга каршы арызын кароого юрисдикциясы бар-жогу тууралуу чечимин чыгарат. 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Киев Москванын үстүнөн 1948-жылы кабыл алынган геноцид жөнүндө конвенцияны бузду деп арызданган. Украина Кремль Донбасстагы «геноцид» тууралуу жалган айыптоолорду согуш ачуу үчүн шылтоо кылып, 1948-жылкы конвенцияны бузган деп эсептейт.

Москва бул ишти кароо БУУнун Эл аралык сотунун "юрисдикциясына кирбейт" деп билдирип келген.

Киевдин соттогу өкүлү Антон Кориневич Орусиянын соттун чечимине көңүл бурбай жатышын Эл аралык соттун "беделине кол салууга барабар" деп баалаган.

«Орусиянын биздин шаарларды көздөй учурган ар бир ракетасы бул соттун чечимине каршы учуп атат» - деген Кориневич.

31-январда Гаагадагы Эл аралык сот Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча чечимин жарыялап, орус бийлиги терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу тууралуу эл аралык конвенцияларды жарым-жартылай бузган деген тыянакка келген.

Чечимде орус бийлиги аннексиялап алган Крымда украин тилиндеги билим берүүнү коргобой, БУУнун дискриминацияга каршы келишимдерин бузганы айтылды, бирок Орусияны кенемте төлөтүү тууралуу талап колдоого алынган жок жана Крымдагы татарлар менен украиндер басмырлоого кабылганы тууралуу өтүнүч да канааттандырылган эмес.

Жалпысынан Эл аралык сот келишимдердин эки беренесин бузганын тастыктап, калгандары боюнча доону колдогон жок.

Орусия Украинадагы согушту "атайын операция" деп, украин бийлигинин жана эл аралык коомчулуктун айыптоолорун четке кагып келет. (AiA)

XS
SM
MD
LG