Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

Адвокат Арстан Алайдын коопсуздугун коргоого алуу боюнча жазган каты жоголуп кеткенин билдирди


Арстанбек Абдылдаев.
Арстанбек Абдылдаев.

Адвокат Кайсын Абакиров Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевге Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) дагы, кийин ал которулган №31 түзөтүү мекемесинде дагы "инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу" деген алдын ала дарт аныктамасы коюлбаганын билдирди. Бул тууралуу жактоочу Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Кемел Садыковдун айткандарына жооп катары өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Анын билдиргенине караганда, бул диагноз инсульт, энцефалит, алкоголдук ичимдиктерди колдонгон жана баңгилерден клиникада аныкталат. Ошондой эле Абакиров Абдылдаевдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жазган каты жоголуп, абактын жетекчилигине жетпей калганын айткан. Бул боюнча дагы деле жооп ала электигин кошумчалаган.

"Адвокаттык тергөө Абдылдаевдин медициналык китепчесинде мындай диагноз СИЗО-1де, №31 түзөтүү мекемесинде коюлбаганын көрсөттү. Мындан сырткары Жаза аткаруу кызматынын бул эки мекемесинде тең мындай аныктама бере ала турган врач-психотерапевттер жок", - деген жактоочу.

Абакировдун айтымында, Абдылдаевди №31 түзөтүү мекемесине которууга негиз болгон эмес.

Ошондуктан маркумдун туугандары ЖАКтын жетекчилерин "кызмат абалынан кыянат пайдаланганы жана оор кесепеттерге алып келген шалаакылыгы үчүн" жоопко тартууну талап кылышат.

Мунун алдында жалпыга маалымдоо каражаттарында Арстан Алайдын өлүмүнө байланыштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Кемел Садыковдун комментарийин жарыяланган. Садыков Абдылдаевге алдын ала "инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу" деген диагноз коюлганын, дартты толук аныктоо үчүн Чүйдөгү №31 түзөтүү мекемесине которулганын айткан.

"СИЗО-1де дартын толук аныктоо үчүн мүмкүнчүлүк, тийиштүү адис жана шарт жок болчу. Ошондуктан бул медико-санитардык бөлүмдө коюлган алдын ала диагноз болчу", - деген ЖАК жетекчилиги.

Арстан Алай 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстан Алай “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.

31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаевдин) өлүмү боюнча тергөө иштери дагы деле жүрүп жатканын билдирди.(КЕ)

XS
SM
MD
LG