Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

11 журналисттин иши: Азамат Ишенбеков айыптарды четке какты


Азамат Ишенбеков. Бишкек шаардык соту. 2-февраль, 2024-жыл.
Азамат Ишенбеков. Бишкек шаардык соту. 2-февраль, 2024-жыл.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Соттук отурумда анын адвокаттары тергөөчү шектүүнү кармоо боюнча токтомду мыйзамсыз толтурганын айтып, анын кармалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп табуу тууралуу өтүнүч беришти.

Сот жараянында Азамат Ишенбеков коюлуп жаткан айыптарды четке какты.

“Мага коюлуп жаткан айыптар мен кылган иштерге дал келбейт. Себеби, мени коомчулук акын катары тааныйт. Мен чыгармачылык чөйрөгө аралашкандан бери мага коюлган айыптарга дал келе турган эч кандай сөз сүйлөгөн эмесмин. Андай иштерди кылган да эмесмин”, - деди ал.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттарынын апелляциялык арызы шаардык сотто 5-февралга чейин каралат.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG