Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:47

11 журналисттин иши: Сот Акыл Орозбековду камакта калтырды


Акыл Орозбеков. Бишкек шаардык соту. 2-февраль, 2024-жыл.
Акыл Орозбеков. Бишкек шаардык соту. 2-февраль, 2024-жыл.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын оператору Акыл Орозбековду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырып, анын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ал сотто “массалык башаламандыктар” боюнча коюлган айыпты четке кагып, үй-бүлөсүн жалгыз багарын, 2,5 жаштагы кызы барын жана жубайы кош бойлуу экенин айтты.

Шаардык сот ушул эле күнү “Арча Медиа” порталынын журналисти Сайпидин Султаналиев менен “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун кармалышын мыйзамдуу деп чечти.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Ал 5-февралга чейин каралат.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG