Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

ЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү тапшырмасы берилди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук борборуна бурган учурда. 2-февраль, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук борборуна бурган учурда. 2-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми Финансы министрлигине калыбына келтирүү иштерине зарыл болгон каражатты тез бөлүп бериши керектиги айтылды.

Президент Садыр Жапаров да Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG