Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Акыйкатчы институту психиатриялык ооруканадагы бейтаптардын укуктарына мониторинг жүргүзөт


Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Республикалык психиатрия жана наркология борборуна барды. 2024.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Республикалык психиатрия жана наркология борборуна барды. 2024.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бейтаптардын укугун жеринен коргоо максатында Республикалык психиатрия жана наркология борборунун (РПНБ) имаратына көчүрүлдү. Укук коргоочуларга ооруканадан үч бөлмө бөлүнүп берилди. Аталган институттун басма сөз кызматы билгилегендей, укук коргоочулар бейтаптарга катаал жана адамгерчиликсиз мамиле жасоого жол бербөө үчүн туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүшөт жана жарандарга юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Маалыматка караганда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталген мекемеге барып, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. Анын айтымында, соңку кезде бейтаптардан укуктарынын бузулуп жатканы тууралуу арыздар азайып кеткен.

Акыйкатчы институтунун психиатриялык ооруканаларда жаткан бейтаптардын укугун коргоо кызматы буга чейин 2009-жылдан 2020-жылга чейин РПНБнын имаратында иштеп келген. Төрт жыл мурда кызмат Акыйкатчынын имаратына которулган.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, 2019-жылы аталган кызмат 100 кайрылууну караса, 2023-жылы алардын саны 8ге түшкөн.

"Мындай статистика тынчсызданууну пайда кылат. Анткени психиатриалык бузулуулар менен жабыркаган бейтаптар аялуу жана алар катаал мамиле, ал тургай кыйноого кабылып калышы мүмкүн. Мындан улам туруктуу негизде алардын шарттарын мониторинг кылуу аркылуу укуктарын коргоону күчөтүү керек”, - деген Жаманбаева.

Буга чейин Акыйкатчы институту "Республикалык балдар психиатриялык ооруканасындагы балдардын укугу" аттуу атайын баяндама жасаган. Анда Кыргызстанда психикалык оорулардан жабыркаган алты миңден ашык бала катталганы, алардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылган. Баяндамада айрым ата-энелер мындай балдарын каттоого тургузгусу келбей турганы белгиленген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG