Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБи толук модернизация болорун айтты


Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборунда. 2-февраль, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборунда. 2-февраль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек берди. Мамлекет башчы кырсык тууралуу түнкү саат үчтөрдө маалымат алганын жана тиешелүү жетекчилерге ошол эле учурда тапшырма бергенин айтты.

Журналисттин “азыр айрымдар авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болду, эгер модернизация болуп, жаңы блоктор курулбаганда кырдаал азыркыдан да алда канча кыйын болмок деп айтып жатат. Башкача айтканда, модернизация болгону туура эле болгонбу?” деген суроосуна мындайча жооп берген.

“Ооба, авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле. Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп отургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми”, - деди Садыр Жапаров.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG