Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

"Дөөлөрдү" айтыштырган ракеталык келишим


Михаил Горбачев жана Рональд Рейган келишимге кол коюп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.
Михаил Горбачев жана Рональд Рейган келишимге кол коюп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.

АКШ Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыга турганын жарыяласа, Орусия мындай кадам “опурталдуу” кесепеттерге алып барарын эскертүүдө.

Ракеталардын жасалышын токтотуш үчүн мындан отуз жылдан ашуун убакыт мурда, “кансыз согуш” доору бүтөр алдында кол коюлган келишимдин шарттарын бузуп жатканы үчүн Вашингтон Москваны акыркы жылдары утур-утур айыптап келген. АКШнын эми ал келишимден чыгуу ниети Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө талкууланууда.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр (INF) боюнча келишимден чыга турганын жарыялаганда мунун эң башкы жүйөсү катары Орусия ал макулдашууну бузуп жатканын атады:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Орусия макулдашууну бузду. Ал муну көп жылдан бери бузуп келе жатат, президент Обама бул маселени эмне үчүн талкуулабаганын же андан чыкпаганын мен билбейм. Биз алар өзөктүк келишимди бузуп курал жасашына жол бербейбиз. Биз болсо макулдашууну сактап, аткарып келдик. Тилекке каршы, Орусия андай кылган жок. Андыктан биз келишимди токтотобуз жана андан чыгабыз, - деди Трамп 20-октябрь күнү Невада штатындагы иш сапарында.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон эле. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана кургакта жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

Тарых ирмеми: Михаил Горбачев жана Рональд Рейган келишимге кол койгон учур
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:17 0:00

Бул макулдашуу түзүлгөнгө чейинки "кансыз согуш" доорунда ошол кездеги СССР өзөктүк дүрмөтү бар 400 ракетаны Батыш Европаны каратып орноткон болчу. АКШнын бул келишим тыюу салган жана кезинде СССРге каршы багытталган ракеталарынын көбү Европада жайгаштырылган эле.

Орусия "кансыз согуш" доорундагы келишимди бузуу менен орто аралыкка учуучу ракеталарды жасап жатканын америкалык тарап мурдатан эле билдирип жүргөн. Бирок Вашингтон өз дооматттарын 2014-жылдан тартып утур-утур ачык айта баштаган.

Акыркы жолу Кошмо Штаттардын НАТОдогу элчиси Кей Бейли-Хатчинсон ушул айдын башында Орусияны келишимди сактоого кайтаруу зарыл экенин билдирген. Ал бул маселеде АКШ дипломатияга артыкчылык берерин, бирок аскердик да чара көрө аларын, ал “контрчаралар” Орусия келишимди бузуп жасап жаткан "ракеталардын коркунучун жоготууга" багытталарын эскерткен.

Эми болсо Орусия тараптан тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын келишимден чыгаарын жарыялашы “өтө опурталдуу” экенин, буга Москванын "аскердик жана техникалык" жооп кайтарыларын билдирди. Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын жооп иретиндеги кадамы “аскердик балансты калыбына келтирүү” болорун белгиледи.

- Биз чынында Кошмо Штаттар бул келишимдин негизин, анын негизги жоболорун жокко чыгарып жатканы тууралуу далилдерди көргөзгөнбүз. Муну алар ракетаны гана кармабастан, орто жана алыс аралыкка учуучу ракета да боло алган антиракеталарды орнотуу, учкучсуз башкарылган жана сокку уруучу жабдууларды колдонуу аркылуу да жасашкан. Булар иш жүзүндө орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталар эле. Биз “Орусия келишимди бузуп жатат” дегенге такыр макул эмеспиз. Орусия бул келишимдин жоболорун сактап келген жана дагы эле сактап турат, - деп ырастады Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 22-октябрда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимде андан чыгуу кетүү мүмкүнчүлүгү каралганын, АКШ тарап ниетин айтканы менен бул процедураны расмий баштай элек экенин билдирди.

Келишимдин тагдыры Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Москвада орус бийлиги менен сүйлөшүүлөрүндө да талкууланууда. Болтондун президент Путин менен кездешүүсү 23-октябрга мерчемделген. Орус расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алар Болтон президент Дональд Трамптын келишимден чыгуу жарыясына байланыштуу түшүндүрмө беришин күтүп жатышат.

Жон Болтон (солдо) Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен кездешкен учур. Москва, 22-октябрь, 2018-жыл.
Жон Болтон (солдо) Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен кездешкен учур. Москва, 22-октябрь, 2018-жыл.

Үчүнчү тараптын реакциясы

Батыш өлкөлөрүнөн Франциянын президенти Эммануел Макрон президент Дональд Трамп менен сүйлөшүп жатып “кансыз согуш” доорундагы келишим Европанын “коопсуздугу менен туруктуулугу үчүн маанилүү” экенине басым жасаган. Британиянын коргоо министри Гэвин Уильямсон Лондон бул маселеде АКШны толук колдой турганын белгиледи. Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас болсо Трамптын жарыясы Берлиндин өзү жана Европа үчүн “татаал суроолорду жаратып” жатканына, Орусия келишимди бузганы тууралуу айыптоолорго эмгиче ишенимдүү жооп бербегенине токтолду.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШны сынга алып, глобалдык стратегиялык тең салмактуулукка тиешеси бар маселеге “аяр” мамиле кылууга чакырды.

АКШ менен 1987-жылкы келишимге кол койгон мурдагы СССРдин президенти Михаил Горбачев президент Трамптын жарыясын “даанышмандыктын жоктугу, жаңылыштык” деп атады.

Кошмо Штаттардын өзүндө президент Дональд Трампты сындагандар келишимден чыгуу АКШнын коопсуздугун жакшыртпай турганын айтышууда. Алар Орусия келишимди бузганы боюнча далилдерге карабай кырдаалдан пайдалануу менен келишимдин жок болгону үчүн АКШны күнөөлөйт деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG