Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:56

Укук коргоочунун кадырын жарандык коом да, бийлик да таанышы керек


Азиза Абдирасулова. Бишкек. 17.7.2024.
Кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова. Бишкек. 17.7.2024.

Жакында ар кыл коркутуулардан улам Кыргызстандан убактылуу чыгып кетүүгө аргасыз болгон таанымал коомдук ишмер, жарандык жигердүү өкүл Азиза Абдирасулованын тагдырына байланыштуу коомдо ар кыл пикирлер айтылууда. Бул окуя жалпы эле жарандык коом үчүн алдыда жаңы түйшүктөр жаралганына ишаара кылып жатабы? Тарыхчынын блогу.

Азиза Абдирасулова – өлкөбүздүн жарандык коомунун туу көтөргүчтөрүнүн бири

Албетте, XXI кылымдын алгачкы чейрегиндеги кыргыздын каарман айымдарынын бири – укук коргоочу Азиза Абдирасулова, деп айтсак, бул бааны алгачкы жолу берип жаткандай болбойбуз. Калайык бул айымды жана анын негиздеген уюмун көп жылдардан бери алкап келет.

Нечендеген укугу тебеленип, мукураган, өз таламын чогуу талашканга бейтарап жактан кайрымдуу жана сабаттуу адисти карайлап издеген миңдеген карапайым жердештерибизди динине, этностук тегине, социалдык макамына карабастан колдоого алган каарман укук коргоочуларыбыз бар.

Алардын сап башында “Кылым шамы” кайрымдуулук уюмун негиздеген Азиза Абдирасулова эжекебиз турат.

Албетте, Азиза айым эч качан жалгыз эмес

Анткени постосоветтик Кыргызстанда жарандык эркиндиктердин ар кыл өңүттөрүн коргоо менен алектенген бир канча бейөкмөт уюмдар иш жүргүзүшүп, жалпы жарандык коомдун телчигишине олуттуу салым кошууга жетишкен.

Постсоветтик Кыргызстанда авторитардык режимди түзүүгө жана чыңдоого умтулган ар кандай мамлекет башчылары үчүн орток бир терс салт бар.

Бул терс көрүнүш – жарандык коом жетишкен жеңиштерди четинен быт-чыт кылып ойрондоп, путиндик Орусиянын же Түркмөнстандын режиминин жолоюна түшүү далаалатынын салты. Алгач эркин басма сөзгө, эркин журналисттерге, оппозициячыл партияларга чабуул жасалат, анан күндөлүк саясат менен эч иши жок бейөкмөт уюмдарга кысым күчөйт.

Антониу Гутерриш жана Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү. 02.7.2024.
БУУну баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү менен жолукту. Чолпон-Ата, Кыргызстан. 02.7.2024.

Мындай жосунсуз чабуулдарга мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмаз Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков мырзалар бийликте турганда нечен ирет күбө болдук.

Эми 2020-жылдагы (кылым башынан берки үчүнчү) элдик ыңкылаптан кийин бийликке келген Садыр Жапаров мырза мындай жосунсуз жоруктарга барбашы керек эле.

Анын өзү жазыксыз жерден абакта болгондугун Кыргызстандын Жогорку Соту 2020-жылы октябрда мойнуна алган жана аны (башка да оппозициячыл саясатчылар менен чогуу) актаган.

С.Жапаровдун өзү абакта жатканда Азиза Абдирасулова сыяктуу укук коргоочулар анын таламын жактап чыгышканы да эсте.

Эми ошол эле укук коргоочулар кайрадан кодуланууга дуушар боло баштайбы?

Оомал-төкмөл дүйнө

Азыркы бийлик өкүлү, өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов мырза өзү деле бир кездери (асыресе, К.Бакиевдин авторитардык бийлиги маалында) демократиячыл жаштар канатынын жигердүү өкүлү болгон.

Демократиячыл бейөкмөт уюмдардын жигердүү жетекчилеринин бири катары анын өзү да 2006-жылы 12-апрелде кол салууга кириптер болгон опурталдуу кезең эсибизде.

Эдил Байсалов. Бишкек. 13.4.2006.
2006-жылдын 12-апрелинде жигердүү демократ жаран Эдил Байсаловго бейөкмөт уюмунун кеңсесинен чыгып бараткан чагында байкоостон артынан келип кол салышып, ал башынан жаракат алган. Бишкек. 13.4.2006.

Ал эми 2024-жылы 30-декабрда “Азаттык” үналгысы үчүн курган маегинде Эдил Байсалов мырза укук коргоочу Азиза Абдирасулова тууралуу азыркы президентке кайсы бир аткаминерлер декабрдагы курултай учурунда туура эмес маалымат берип коюшкан экен, деп өзүнүн кейигенин баса айтып, укук коргоочу айымды кайрадан өлкөгө кайтаруу үчүн аракет көрүлөөрүн таасын белгилеген экен.

Азиза Абдирасулова айым дагы Э.Байсаловдун мындай турумуна ыраазычылыгын билдирди.

“Бир сом” нааразылык чарасы. Бишкек. 17.12.2015.
Укук коргоочулар жана медиа өкүлдөрү сот тарабынан эркин журналист Дайырбек Орунбековго каршы доо боюнча соттук каржы жазасына каршы “Бир сом” нааразылык чарасын өткөрүштү. Мындагы жалгыз айым – А.Абдирасулова. Бишкек. 17.12.2015.

Ал арада расмий төбөлдөрдүн дагы бири интернеттеги ачык жарыясында “Абдирасулова жарандын укугун коргоо маалында чет элдик грант берүүчүнүн алдында өзүн көрсөтүү үчүн” гана ушул сыяктуу кайрымдуулук иштерге барган эмеспи, деген аткаминердик бир беткей пикирин шардана кылды.

Биз үчүн, албетте, мындай бир беткей турумга күбө болуу абдан өкүнүчтүү.

Албетте, укук коргоо уюму сырткарыдан грант алышы ыктымал, грант алууга умтулушу да керек, бирок анын шарттары бардык жарандарга тегиз мамиле жасоо талабын да өзүнө камтыйт.

Эгерде кайсы бир аткаминер кийинчерээк жеке өзү оор кырдаалга кабылса, анда баары бир өзү бир кездери куугунтуктаган жергиликтүү укук коргоочу уюм кайрадан ошол эле мурдагы төбөлдүн жарандык укуктарын коргоп чыккан окуялар Кыргызстанда 2002–2024-жылдары арбын кайталанды.

Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров. 16.5.2016.
Белгилүү укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров президент А.Атамбаевдин саясатына каршы нааразылык билдиришти. Бишкек. 16.5.2016.

Укук коргоочуну коркуткан уюкфон чалуулары

Аты-жөнү белгисиз кишилердин былтыр декабрда уюкфон аркылуу Азиза Абдирасуловага коркутуп-үркүткөн учурлары орун алгандыгы терең тынчсыздандырат.

Айрым бийлик өкүлдөрү укук коргоочу айымдын кадырын түшүндү дейли. Ал эми Абдирасулова айымды тымызын коркуткан алиги белгисиз (аноним) тараптарды кантип агартабыз жана “жоошутабыз”?

Алар, деги, кимдир-бирөөлөрдүн көмүскө саясий тапшырыгын аткарып жатышкан жокпу?

Менимче, жыл башында бийликтин эң жогорку секисиндеги Э.Байсаловдон башка жетекчилер деле А.Абдирасулованын жеке коопсуздугу жаатындагы өз турумдарын калайыкка таасын ачыктап коюшса сонун болмок.

Бейөкмөт уюмга колдоо – бул жарандык коомду чыңдоо

Мурдагы коммунисттик доордон жаңы гана чыккан коомдордо демократиячыл жүрүм көз ачып-жумгуча толук жеңишке жетпестигин акыркы 33 жылдын оош-кыйыштуу тарыхы айгинеледи.

Дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө деле нагыз демократиялык өкмөттүн ордуна барып турган популист саясатчынын өкмөтү келген учурлар орун алууда.

Ал эми 1999-жылдын 31-декабрында Орусиядагы бийликке капысынан келип, бул өлкөнү демократиячыл нукта өнүктүрүүгө салым кошом деп убада кылган жаш саясатчы Владимир Путин эми “түшпөс хан” болуу үчүн өз өлкөсүн бүлдүргүч баскынчыл согушка кириптер кылган “ажыдаар карыяга” айланды.

Орусияда өз ишмердигин ачык жүргүзө алчу эч бир оппозициячыл партия, эч бир көз каранды эмес басылма, эч бир укук коргоочулар уюму калбады. Путинизм өз азуусун Орусияга өнөктөш болгон өлкөлөрдүн коомдоруна да салууда.

Путинизмдин демагогдук тыянактары “көз карандысыз бейөкмөт уюмдар – Орусияга кастарын тиккен чет өлкөлүк уюмдардын “тыңчылары” катары бул өлкөнү ичтен бүлдүрүүгө тырышчу коркунучтуу бирикмелер” деген зыяндуу бүтүмдү да өзүнө камтыйт. Бул турум жарандык коомго каршы багытталган.

Путинчилер башка өлкөлөргө да “чет элдик агент” тууралуу өзүнүн жазалоочу мыйзамын таңуулоо үчүн далаалат кылып келишет. Иш жүзүндө бул сыяктуу мыйзамдар аларды кабыл алган өлкөнүн жарандык коомуна моюнтурук тагууга гана багытталган.

Ал эми тийешелүү өлкөдөгү укук коргоо уюмдарын, жалпы эле бейөкмөт уюмдарды жана демилгелүү жарандарды каржылык, моралдык жана башка колдоого алуу – демократиячыл нуктан тайбай турганын шардана кылган ар кандай өкмөттөрдүн асыл милдетине жатат.

Садыр Жапаров, Эдил Байсалов жана Бүбүкан Досалиева. 22.7.2010.
“Ата журт” партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Садыр Жапаров, “Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов “Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө. Алып баруучу – Бүбүкан Досалиева. 22.7.2010.

Евразиядагы тандоо мүмкүнчүлүктөрү

Расмий бийликтер оппозициячыл партияларга да бөгөт кылбашы керек. Мурдагы президент Роза Исак кызы Отунбаеванын бийлигинин тушунда ар кыл оппозициячыл партиялар эркин иш алып барып, парламентте кыйла орундарга ээ болушкандыгы жадыбыздан чыга элек.

Эми Евразиядагы айрым өлкөлөрдүн айырмалуу саясий турмуштарына кайрылалы.

Демократиячыл жумурият болгон Түштүк Кореяда азыркы тапта деле кыйла көйгөйлүү маселелер бар.

Бирок бул өлкөдө бийликтеги президент Йун Сок Йөл мырзаны 2024-жылы 3-декабрда күтүүсүздөн өлкөдө аскердик абал жарыялагандыгы үчүн кызматтан четтетүүсү окуясы мындагы парламент менен сот бийлигинин көз карандысыз бийлик бутактары катары ролун таасын көрсөттү. Бул өлкө менен диктатордук Түндүк Кореянын айырмасы – асман менен жердей.

Азыркы Түркияда дагы демократиялык турмушта бир катар көйгөйлөр бар.

Бирок бул өлкөдө Стамбул сыяктуу бир катар ири шаарларда калайык шаар акими (мэри) кылып оппозициячыл талапкерлерди шайлап алууга жетиши, ал эми Режеп Тайып Эрдогандын нагыз атаандаштык сезилген президенттик шайлоодо эптеп жатып жеңишке жетүүсү – бул жумурияттагы кырдаал менен Орусия Федерациясындагы кырдаал асман менен жердей экенин айгинелеп койду.

Бир жагынан, диктатордук Түндүк Кореянын жоокерлеринин Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушунда Кремл тарабынан ачык колдонулуп жатышын жана, экинчи жагынан, Түштүк Корея менен Түркиянын эгемен Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоого алып жатышын деле салыштыра кетели.

Жалпысынан, оппозициячыл партияларга жана бейөкмөт уюмдарга карата азыркы Кремлдин эмес, бир катар өксүктөргө карабастан, расмий Анкаранын туруму Кыргызстан үчүн алда канча алгылыктуу.

Албетте, соңку окуяларга учкай кайрылсак, расмий Бишкек “Сапат” мектептерин “Маариф” коруна тарттырып жибербеши керек эле, “Сапат” агартуу мекемесин өз алдынча сактоо зарыл болчу, анткени анын мектептери – жергиликтүү агартуу системасынын эле жеке менчик менен мамлекеттик мекеменин (министрликтин) менчиги айкалышкан орток мүлкү менен иш-аракетинин мөмөсү болчу. (“Сапат” жаатындагы соңку эки тараптуу келишимдин чоо-жайы азырынча бизге белгисиз).

Депутат Жанарбек Акаев мырза бул жаатта чечим жашыруун кабыл алынганын сынга алып, “Сапаттын” Кыргызстандын билим берүүсүнө кошкон салымы чоң экенин билдирди.

Түркиянын бийликтеринин бир тууган эгемен мамлекетке карата бул мамилеси, албетте, талаш-тартыштуу болду, анткени Анкара ансыз деле Ала-Тоодо “Маариф” фондунун мектептерин өз алдынча өнүктүрүүгө Бишкек тарабынын толук тилектештигине кабылып жаткан.

Кыргыз өкмөтү да гранттар үчүн күрөшөт

Эми, эл аралык кайрымдуулук гранты жаатында дагы бир жагдайга кайрыла кетелик.

Кыргызстандын өкмөтү, башка өкмөттөрдөй эле, өз өлкөсүнүн ажайып тоолорунун жана өрөөндөрүнүн экологиясын сактоо үчүн, өзүнүн өнөр жайын, айыл чарбасын, туризм, агартуу, маданият тармагын, ж.б. заманбап деңгээлде өнүктүрүү, ГЭСтерди, темир жол жана авто жолдорун куруу жана башка олуттуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк кайрымдуулук жардамдарын (гранттарды ж.б.) алууга өзгөчө кызыкдар.

Кыргызстандагы эл аралык университеттер, эл аралык медиа каражаттары дагы ошондой эки тарапка тең пайдалуу кайрымдуулук иш-аракеттердин мөмөсү.

Бул сырткаркы кайрымдуулук көмөк ар бир мекендешибиздин жашоо шартын оңдоого багытталган, ошондуктан бул сыяктуу гранттарды алууга жетишкен өкмөткө жарандардын бардыгы тең ыраазы болууга тийиш.

Ал эми Кыргызстандагы жарандардын эркиндиги, адам укуктары, жекече бакыбаттыгы үчүн Кыргыз өкмөтү ичкен ашын жерге коё калып иштөөгө милдеттүү. Дал ошондуктан шайлоочуларды да өзүнө камтыган жарандык коом бул өлкөнүн бийлик бутактарын терең үмүт менен шайлап алышкан.

Эми бул өкмөт өз ишине жеңилдик кылып, ушул эле орток милдеттерди жүзөгө ашырууга салым кошуу үчүн ыктыярдуу талаптанып жаткан жигердүү жарандардын иш-аракетине (анын ичинде укук коргоочулардын кыймылдарына дагы) өзү деле шарт жаратышы керек эмеспи.

Ал эми өзүнүн каржылык чамасы чарк болуп жаткан кырдаалда өкмөт эмне үчүн өзү деле алып жаткандай сырткарыдан келчү гуманитардык жардам түрлөрү, гранттар жергиликтүү укук коргооочу жана башка кайрымдуулук уюмдарга эркин келишине каршы болууга тийиш?

Тээ 1997–1999-жылдардагы бир окуя эсиме түштү. Ал кездери “Кыргызстан–Сорос” корун профессор Чынара Жакыпова жетектеп турганда, бул кор өз ишмердиги жөнүндө ар бир тыйынынан бери ачык маалымдаган баяндаманы жергиликтүү басылмага жыл соңунда жарыялап турчу.

Дал ушул айкындуулук тажрыйбасы ошол кездеги төбөлдөрдүн жемкор бөлүгүнүн ачуусун келтирген.

Азыркы бейөкмөт уюмдар ансыз да мыйзамга ылайык өз ишмердигин ачык жүргүзүшөт. Мындай бейөкмөт уюмдардын эч биринин жетекчиси оффшор эсебин ачып, деңизде жүрчү яхта же миллиондогон доллардык чет элдик мүлк сатып алгандыгы тууралуу кыпындай да факт жок.

Ал эми бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен кызматкерлеринин маяналары айлыктан айлыкка жетчү гана көлөмдө экени шексиз.

Жигердүү жарандар, албетте, мындай бейөкмөт уюмдарды түзүү жана чет өлкөлүк каржы булактарына таянып, аларды жана башка ыктыярчыларды өз долбоорлорунда иштетүү аркылуу өлкөбүздө жумушсуздукту да азайтууга салым кошуп жатышканын кошумчалай кетүү ашыкча эмес.

Бейөкмөт уюмдардын (анын ичинде укук коргоочу уюмдардын) өлкө үчүн дагы бир орчун салымы бар.

Эгерде дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде демократиялык өлкөлөрдүн калктары, тигил же бул өлкөдө (маселен, Кыргыз Республикасында) бейөкмөт уюмдар, коомдук бирикмелер, көз карандысыз басылмалар жана башка медиа каражаттары канчалык эркин иш алып барышаарын билишсе, анда ошол өлкөнүн (б.а. мисалга алынган Кыргызстандын) эл аралык бедели да ошончолук жогорулайт.

Албетте, кайсы бир бейөкмөт уюм расачыл, шовинист, фашист, террорчу сыяктуу адамзат жектеген зомбулук идеяларын таркатууга багытталса, анда андай уюм тийешелүү өлкөдө гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө дагы жектелет.

Уугум, сага айтам... Керегем, сага айтам...

Эми бир суроо жаралышы мүмкүн.

Блог Азиза Абдирасуловадан башталып, анан негедир “талаалап” кеткен жокпузбу?

Албетте, жок.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы кармоо. 15.11.2022.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы убактылуу кармоо учурларынын бири. Бишкек. 15.11.2022.

Учурда биздин өлкөбүздө бир катар журналисттер жана айдыңдар абакта кармалууда. Оппозициячыл социал-демократтар партиясынын жаш лидери, “Социнтерн” эл аралык бирикмесинин вице-президенти Темирлан Султанбеков да айрым үзөңгүлөштөрү менен бирге камакта отурушат.

Жеке менчик укуктары да талаш-тартыштуу жагдайларга кабылган учурлар бар.

Ушундай кырдаалда Азиза Абдирасулованын жеке коопсуздугунун көйгөйү – Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын, жарандык коомунун жана жалпы жумурияттын демократиячыл багытынын болочокку тагдырынын суроосуна айланды.

2020-жылы күзүндө Үчүнчү элдик ыңкылап бекеринен жүзөгө ашырылган эмес.

Анын чындап өз максатына жакындап бара жаткандыгын азыркы тапта “Шералынын жомоктогу чокоюн керегеге илүү” аркылуу эмес, эркин басма сөздүн, эркин саясий оппозициянын, эркин бейөкмөт уюмдардын иш-аракеттерин, жарандык коомдун эч бөгөтсүз ишмердигин, сот адилеттигин, көп партиялуу Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгын камсыздоо аркылуу гана тастыктай алабыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG