- Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.
Күч органдары тарабынан ур-токмокко кабылып, абакта криминалдык топтордун кысымын көрдүм деген активист Алга Кылычев жана анын жубайы бийлик алмашкан 2020-жылдын октябрынан бери тиешелүү кызмат адамдары жоопко тартылбай жатканын айтып кайрылды. Алга Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары кармалган учурда кыйноого кабылганын мындан эки жыл мурда "Азаттыкка" курган маегинде айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы анын кыйноо фактысы боюнча айткандарын четке каккан.
Азиза Абдирасулова: “Адилеттик издейм” подкастын мен, укук коргоочу Азиза Абдирасулова алып барам. Бүгүн бизде конокто 2019-жылы Кой-Таш окуясынан кийин кармалып, беш ай тергөө абагында отуруп чыккан Алга Кылычев жана анын жубайы Гүлнур Ниязова. Ошол тергөө абагында камалып турган кезин, андан кийин дагы саясий куугунтукка кабылганын, кыйноо фактылары болгонун Алга мырза бүгүнкү күнгө чейин айтып келет. Алга мырза, айтсаңыз, сиз камалгандан кийин кандай мамиле кылышты эле?
Алга Кылычев: Биринчиден, бизди кармаганы мыйзамсыз болчу. Тергөөчүнүн бир чакырык кагазы менен эле эскертүүсүз кармашты. Малды баса калгандай эле, беткапчан адамдар келип, буту-колубузду кайрып, байлап, ИИМге алып барышты. Биздин бөгөт чараны бир айга узарттык деп, тергөө абагына (СИЗО-1ге) кармоо чечими чыкканда, ИИМдин оперлеринин башкы башкармалыгына алып барып, эки күн бою таң аткычакты, азыркы заманда болоруна эч ким ишенбегидей, илгери кинолордон көргөн ыкмалар, мыкаачылык менен кыйноого өтүштү. Кылбаган кылмышты моюнга алдыруу жана чогуу кармалган адамдарга жок кылмыштарды жасады деп жалаа жаптыруу деген эки максат менен кыйноого алышты.
Азиза Абдирасулова: Ошондо кантип кыйнашты эле?
Алга Кылычев: Кадимки желим баштыкты башыма кийгизип, тумчуктурушкан. Сабагандан жыйынтык чыкпаганын түшүнүшкөндө, ошол ыкмага өтүшкөн. Өзүм дагы кант диабети менен жабыркайм. Баштыкты башыма кийгизип сабаганда, эки-үч жолу эсим ооп, жыгылдым. Андан тышкары денеде так калбасын деп, желим бөтөлкөлөргө сууну толтуруп, айрыкча ички органдарга, башка, көгөрбөй турган жерлерге уруп, сабашкан. Ошол кездеги кой терисин жамынган бандит чалыштар менен кызматташкан ички иштер кызматкерлеринин азабынан бүгүнкү күндө ишемиялык инсульт алдым. Дарыгерлердин изилдегени, эмнеден бул ооруга кабылып калгандыгым, мээнин кан тамырлары эзилип, ошол күндөн бери эки-үч жыл чирип жүргөндүгү азыр медициналык маалымкатымда жазылган. Кан тамырлар жарылып, эсим ооп жыгылганым изилденген. Өткөн жылы август айында экинчи жолу кайталануучу ишемиялык инсульт алдым. Бул жолкусунда абдан оор болду. Анысы аз келгенсип, боордун циррозу, боордун 3-стадиядагы рак оорусу пайда болуптур. Мунун баары өпкө-боорум эзилип, абдан катуу сабалгандан улам экендигинде шегим жок.
Азиза Абдирасулова: Гүлнур айым, жолдошуңуз камалгандан кийин балдар менен калдыңыз. Балдар, кайненеңиз дагы сиздер менен чогуу жашады окшойт. Ошол кезде өзүңүздү кандай сездиңиз? Кандай кыйынчылыктар болду?
Гүлнур Ниязова: Камалган күндөн баштап эле, ИИМде убактылуу кармоо жайына (УКЖ) каттап, кабар алайын деп жүрдүм. Адвокат аркылуу кат менен кабарлашып жаттык. 9-августта камалды. 11-августта сот чечими менен камакка алынды. Айт күнү болчу. Камалгандан кийин үйдү тинтүүгө келишти. Үйдө үч кайним бар болчу. Бирөө дүкөнгө чыгып кеткен. Эчтекеден кабарыбыз жок, айт күнү боорсок бышырып, сотко жөнөгөндө тамак алып баралы деп даярданып жатканбыз. Эртең менен эшиктин коңгуроосу басылды. Террористти кармаганы келгендей болуп, тергөөчүлөр, спецназдар автоматтары менен келип, үйдүн тегерегин курчап, күтүп турушуптур. Эшикти ачсам, ордерин көрсөтүп, “үйдө куралчан кишилер бар деген кабар келди, үч күндөн бери силердин үйүңөрдү кайтарып жатабыз” деди. Тогуз айлык балам бар эле. “Балдарымды алып чыгайын, жүрөктөрү түшөт” десем, топур-сопур болуп эле өтүктөрү менен киришип, үйдүн баарын тинтишти. Үйдө апабыз, кош бойлуу келиним дагы бар болчу. Кары кишини дагы түрткүлөшүп... Апамдын колун кайрып, “бул жакка туруңуз” деп... Боюнда бар келиним балдарды алайын десе болбой, аны дагы “бул жакка тур” деп, бир бөлмөгө камап коюшту. Мен сыртта калдым. Колдогу телефондун баарын тартып алышты. Көчөдөн кайним келе жатса, аны жолдон спецназ кармап алып, жерге жаткызып, тепкилеп, бычагын алып чыгып, сайгылап, колу-бутун бурап отургузуп коюшуптур. Үйдөгүлөр менен алышкычакты, ал эсибизден чыгып калыптыр. Анан үйдөгү кайнилеримди баса калып, буту-колун кайрып, бирден чыгарып жатышты. Үйдү толугу менен тинтишти. Балдарымды чыгарып коёюнчу деп, бөлмөгө кирсем, үстөлдүн астына балам менен кызым кирип кетип, чыгышпайт. Ыйлап, жүрөктөрү түшүп калыптыр. Кызым азыр 6-класста окуйт. Эмдигичекти караңгыга чыккандан коркот.
Азиза Абдирасулова: Алга мырза, сизди негизги кандай доомат менен кармашты? Кайсы кылмыш менен айыпталып жаттыңыз? Кармалган убакта кант диабети менен ооругандыгыңызга байланыштуу үй камагына чыгаруу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду беле? Кимдир бирөө абалыңарды түшүндүбү?
Алга Кылычев: Ал жерде алты айга чукул отурдук. Мени кыйнаганда ачык эле айтышкан. “Сени ал жерде каралардын дүйнөсү, он чакты адамды өлтүргөндөр тосуп алат. Керек болсо көзү жакпай алды деп өлтүрүп же шарф менен муунтуп эле өзү өлүп алды кылып коёбуз. Жакшылап ойлон. Тергөө менен кызматташууга барасың. Жалган көргөзмөнү бересиң”, - дешкен.
Азиза Абдирасулова: Ушул сөздү тергөө кызматкерлери айтты да ээ?
Алга Кылычев: Ооба. Үй-бүлөмдү коркутуп, акча алышкан. Бүгүн ошол адам ИИМдин экинчи орун басары. Телефон менен сүйлөштүрүп жатты. “Үйүң менен сүйлөш, эмне болуп жатат, сурап кой” деп. Ал жакта телефон жок болот да. Чынында күч түзүмдөрүнүн адамдары кылмыш дүйнөсүнүн адамдары менен сүйлөшүп алышат. Кайсы учурда болбосун түрмөнүн эшик тоскон кызматкерлери телефон алып келишет. Ал телефон менен сүйлөшүп жатканда, сен кимди жакшы көрөсүң, апаңдыбы, балдарыңдыбы - изилдешет экен. Абакта жатып алып ким жөнүндө кабатыр болуп жатасың - баарын иликтеп, жанымда отурган адамдар, кимиси экенин айта албайм, бирөөлөр аркылуу айттырып, аялуу жериңди билип алып, үйүңдү кысымга алат экен. Бул кыйноонун өтө адамгерчиликсиз түрү.
Азиза Абдирасулова: Мындайча айтканда, талылуу жерин билип алышат экен да...
Алга Кылычев: Үй-бүлөңдү кысымга ала башташат экен. Балдарымды эстедим... Бир жашар, үч жашар, биринчи класста окуган балдарда эмне күнөө? Гүлнур машине айдап баратканда авария уюштурушуп...
Азиза Абдирасулова: Гүлнур айым, айтсаңыз, ошондо байланышканда сизге кандай маалымат берип жатты жолдошуңуз? Ошол маалда үй-бүлөңүз кандай абалда болду?
Гүлнур Ниязова: Ошол телефон менен байланышканда канты көтөрүлүп, ден соолугу начарлагандыгын, кысымга кабылып жаткандыгын айтты. “Тергөө менен кызматташ, көргөзмөлөрдү бер” дегендерин дагы айтып жатты. Телефон менен сүйлөшкөндөн кийин талылуу жерин билип алышат экен да. Балдарым менен унаада кетип бара жатканда, кадимкидей эле аркамдан кубалап, кысып, авариялык жагдайга алып келишти. Ошондон кийин бир ай коркуп, жөө жүрдүм. Үйгө келсем, Алгадан кат келиптир. “Өмүрүмө коркунуч келүүдө. Эгерде кокус бир нерсе болсом, кылмыштуу топтун же ИИМде иштегендердин колунан болду деп биле бергиле. Мен өзүмө эч качан кол салбайм”, - деп кабар бериптир. Бул кат жөнүндө, атайын аварияны уюштурууну кайненем укканда, кант көрсөткүчү эки жарымга төмөндөп, комага түшүп калды. Тез жардам кызматын чакырып жүрсөк, Алга байланышка чыгып калды. Карабайсызбы, булардын кылгандарын. Айтпай эле коёлу дедик эле, бирок айтууга туура келди. “Апам ушинтип калды” дегенде, Алга дагы аябай жаман болду. Алга сотко, тергөөгө келет дегенде, адвокат: “Кичинекей баласын сагынып жатат. Алып келбейсиңби, жолуктуруп коёлу. Мен уюштуруп берем. ИИМдин алдына алып кел”, - деген. Менин оюмда эчтеке жок. Чын эле барып, көрсөтүп койсомбу дедим. Көрүшө элегине эки айга чукулдап калган эле. Алып барсам, унаадан чыгарып, тогуз айлык баламды колумдан алышып, мени сүйрөп кетишти. Моралдык, психологиялык жактан адамды аябай ойнотуп, үй-бүлө менен адамды басмырлашат экен.
Азиза Абдирасулова: Үй камагына кантип чыгардыңар?
Гүлнур Ниязова: “Ден соолугуна байланыштуу деп чыгарып беребиз. Бизге акча алып келгиле” деп, ошол жактагы ИИМде иштегендер адвокатка айтыптыр.
Азиза Абдирасулова: Канча сумманы сурашты?
Гүлнур Ниязова: Биринчи камалган учурда, тигил жактан караларга киргизбей, жакшы камерага киргизүү үчүн 1000 доллар сурашкан. “Ден соолугуна байланыштуу кагаздарын чогултуп кел, чыгарып беребиз” деп 5000 доллар сурашты. Жолдошумдун башы, өмүрү мага кымбат болчу. Эч нерсеге карабай, үйдө айдап жүргөн унаасын сатууга мажбур болдум.
Азиза Абдирасулова: Ошондо акча адвокат аркылуу берилдиби?
Гүлнур Ниязова: Ооба.
Азиза Абдирасулова: Ушул окуялар боюнча тергөө абагында камалып турган убагыңызда, кандайдыр бир жактарга арыз менен кайрылып, укугуңузду коргогонго аракет жасадыңызбы?
Алга Кылычев: Ал жер жабык да. Коргоочуларга дагы жетпейсиң. Керек болсо адвокатың тергөөнүн башкы башкармалыгынын досу болуп жатса... Абдан кыйын болду. Эң башкысы, кат жетти, апам ооруп, жыгылып калгандыгына байланыштуу. Мен аттарын айтпай эле коёюн, тарапташ бир-эки адамдан кайра кат келди: “Ансыз деле сенден башка беш адам тергөө менен кызматташууга чыгып жатат. Тескерисинче, булар кандай мыйзамсыз иш кылып жаткандыгын тарых үчүн далилдешиң керек. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн сен тергөө менен кызматташууга “макул” демиш болуп кой. Чыгып апаңды сактап калгандан кийин, алдыңда чоң күрөш бар. Ошондон кайтпасаң туура болот эле”. Тергөө менен кызматташуу деген шылтоо менен чыгып, чыныгы адвокаттарга, укук коргоочуларга жетип, өмүрүбүз сакталды. Андан кийин бизди СИЗОдо жатканда каралар дүйнөсүнүн баңгилери менен, терорристтери менен байланыштырып, ар кандай ыкмаларды жасашты. Анын баары өтпөй калгандан кийин убактылуу кармоочу жайга эки жарым ай жалгыз отургузду. Ошол жерде сабап, өлтүрүүгө аракет кылышкан. Ошол күнү кудайдан болуп, эсим ооп жыгылып калганда, адвокат келип калат. Адвокатмын деп иштетип жүргөн адам, жаш кыздын лицензиясын пайдаланып жүрүшкөн. Аргасы жок, тез жардам чакырганга туура келди. Өлтүрүп жатса эле, бирөө келип калса... Кыйноого каршы кызматка факты болуп калган да. Болбосо баарын жашырып коюшмак. Тартып турган камера тескери карап, кирип келип эле сабашкан да. Адамдын акылына келбей турган нерсени “айт” деп кыйнашкан. Эжем өзү журналист. Акыры далил боло берсин деп акчасын бергенден баштап, сүйлөшкөндөрүн, керек болсо, кылмыш дүйнөсүнүн адамдары кошулган сөздөрдөн бери жаздырып жүрүшүптүр.
Азиза Абдирасулова: Демек, фактылар сакталып жүрүптүр да...
Алга Кылычев: Фактылар бар, жетиштүү.
Азиза Абдирасулова: Андай болсо, бүгүнкү күндө ушул иш боюнча, мисалы, Гүлнур айым акча талап кылып акча алганы, аварияга кабылтууга аракет боюнча, кандайдыр бир жактарга арыз менен кайрылдыңызбы?
Гүлнур Ниязова: Ооба. Жолдошум чыккандан кийин, ошол эле 2019-жылы 26-ноябрда УКМК жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылгам. УКМКда Мусабеков Урмат деген тергөөчү кабыл алган. Аудио, видео жаздырууларды дагы өткөрүп бергем. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин жаз айларында: “Иш козгогонбуз. Ошол боюнча келип көргөзмө бериңиз”, - деп чакырган. Көргөзмө алышты. Ырас болду, иш жылды, бийлик алмашканда дедик. “Жакын арада беттештирүүгө (очная ставкага) чакырам. Келип бериңиз” деп тергөөчү бала жиберген. Бирок ошол боюнча жок.
Азиза Абдирасулова: Алга мырза, көргөн кордуктар, ур-токмок боюнча кандайдыр бир жактарга арыз менен кайрылып, бир тергөө иштерин жүргүзгөнгө аракет болдубу?
Алга Кылычев: Албетте, болду. Мыйзамды талап кылып, камалып, кордук көрүп жатсам, коркутуп, акча талап кылса, “арыз жазгыла” деп, чогуу эле жазганбыз. Баягы арыз жазылгандан кийин, ошол кездеги бийлик Сооронбай Жээнбековдун убагында бир жылдай эч жакка жибербей жаткан. Октябрь окуясынан кийин үмүт пайда болуп, “кылмыш иши козголду” деп УКМКнын тергөөчүсү чакырып, иш жүрүп жатып эле, азыр токтоп калды. Мурунку эки кызматкер тең азыр орун басарлыкка чейин көтөрүлүп кетишти да.
Азиза Абдирасулова: Баягы кыйноону жасап, акча алгандар да ээ...
Алга Кылычев: Беш жылдан бери мени үй камагында кармап келишти. Мындайча айтканда, мени кайырмакка илип коюу максатындабы... Жедеп, акыры август айында эс-учуман танып, экинчи жолу чоң инсульт алгандан кийин аргалары жок, катталуунун негизинде чыгарышты. Бүгүнкү күндө “биз ушинтип койсок эле, булар үй-бүлөсү менен басылып калат, токтоп калат” деп, “сатып алалы” деген дагы аракеттер болду. Бизди коргойт деген күч түзүмдөрүнүн адамдары кылмыш дүйнөсүнүн адамдарына аралашып алып, аларга саясий буйрук берип... Мындай нерселер болбоосу үчүн биз ушул арызыбыздан кайтпайбыз. Жубайым менен сүйлөшүп, бөлөк үй-бүлөлөр да биз көргөн күндү көрбөшү үчүн акыры аягына чейин күрөшүүгө бел байлаганбыз.
Азиза Абдирасулова: Башка отургандар да ошондой кыйноо, басмырлоого кабылат бекен? Же саясий өңүт берип, сизди эле ошондой кылдыбы?
Алга Кылычев: Ал жердегилер кылмыш дүйнөсү менен аралашып алышпадыбы. Укугуңду коргойт деген адвокат (адвокаттын баары эмес эми), соттор, ошол эле милициялар каралар дүйнөсүнө таянып, керек болсо финансылык жардамды дагы ошолордон алып атса... Башкача айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн армиясын мамлекет өзү даярдап берип жатат.
Азиза Абдирасулова: Силердин күткөнүңөр эмне?
Гүлнур Ниязова: Адилеттик болсо экен деп жатабыз. Биз кайрылган арызыбыз тергелип, күнөөлүү, бизди мажбурлап, кысым кылган адамдар жоопко тартылса... Адилеттик издейбиз. Адилеттик болот деп ишенебиз. Чындык үчүн аягына чейин турабыз. Анткени кордук көргөн көп үй-бүлөлөр бар. Ошол үй-бүлөлөргө үлгү болуп, адилеттик үчүн күрөшүүбүз керек.
Алга Кылычев: Кыргыз элинде сөз эркиндиги болсо экен, адам укуктары корголсо экен деп айтып жүргөн адам катары качандыр бир кезде сөзсүз адилеттик болоруна мен ишенем. Анкени кыргыздын уучу куру эмес. Бизде миңдеген мыкты укук коргоочулар бар. Мыкты адамдар бар. Тарых бардыгын ордуна коёт. Бул адилеттик үчүн күрөштө жеңебиз деп ишеничтүү айта алам.