Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

"Сапаргүлдүн окуясы эске түштү". Орусияда кыргыз кыздарды коркуткандар табылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусияда кыргызстандык ондогон жигит интернетте кайрылуу жасап, Москвадагы “жүрүм-туруму бузулган кыргызстандык кыздарды” жазалаарын жарыялашты. Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгү алардын тек-жайын тактап, айрымдарын Москвадагы кеңсесине чакырып сүйлөштү.

Укук коргоочулар бул кайрылуу Орусияда иштеп жүргөн бардык кыздардын жеке коопсуздугуна, өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жаратышы ыктымалдыгын белгилеп, тартип коргоо органдарын алдын алууга чакырууда.

Интернетте кайрылуу жасаган 50дөн ашуун эркек Москвада иштеп жаткан айрым кыздардын "жүрүм-туруму бузулганын" белгилешип, алдын ала эскертип жатканын айтышкан. Жалаң жаштардан турган топтун арасында блогерлер дагы бар экенин белгилешкен. Алар Орусияда "сойкулук менен алектенген" кыздардын дареги, кайда иштей турганы боюнча маалыматтар бардыгын айтышып, мындай ишти токтотпосо видеого тартып, коомчулукка ачык жарыя кылышарын эскертишкен. Кайрылуу жасагандар ачык чыгышканы менен өздөрүнүн аты-жөндөрүн айтышпайт.

"Бул жерде 15-16 жаштагы кыздар жаман ишке барып, денесин сатып, иштеп жаткандар өтө көп экен. Бизге кайсыл жерде иштеп жатканы боюнча дареги, бүт маалыматтар келди. Эскертүү катары кайрылабыз, дагы деле ушундай боло бере турган болсо, биз силерге барып, элге көрсөтүп чыгарабыз. Алдын ала эскертип коёлу деп жатабыз. Ошондуктан ойлонгула, эже-карындаштар..." - деген кайрылуу жасагандардын бири.

Видеодо ондогон эркек кыздарга дин жолунда муну түшүндүрүп, бул көрүнүштү токтотууну чечишкенин айтып жатышат.

"Атайын ушунча жаштар ушул жерге чогулдук. Беш маал намаз окуган таксырга айтып, атайын алып келдик. Шарият жолундабы, кандай жол менен түшүндүрүп, ушул нерсени 50-60% түшүндүрөлү деп чечтик. Бул видеону эскертүү түрүндө тартып жатабыз. Эмкисинде бул нерсе токтобосо, ошол иштеп жаткан жеринде видеого тартып, ачык чыгарууга даярбыз. Ата-энелерге жана бардыгына тиешелүү, бардыгына эскертүү беребиз", - дейт видеодогулардын бири.

ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүндөгү жолугушуу, 16-август, 2024-жыл.
ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүндөгү жолугушуу, 16-август, 2024-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү кыз-келиндерди коркуткан кыргызстандык жарандар менен жолугуп, түшүндүрүү ишин жүргүзгөнүн жума күнү билдирди.

"Аларга түшүндүрүү иши жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Аягында алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузган аракеттерге барбай турганын билдиришти. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт", - деп маалымдады ички иштер мекемесинин басма сөз кызматы.

"Ушул эркектерди ким тарбиялайт?"

Социалдык тармакта мындай кооптуу кайрылуу талкууга түшүп, топтун чакырыгы мыйзамга каршы келерин эскерткен пикирлер айтылууда.

"Анда эркектер, эже-карындаштарды, апаларды баккыла, аларды иштетпегиле. Алардын акчасын жеп, унчукпай диванда жаткан эркектерге дагы кайрылгыла", - деп жазган социалдык сайттагы колдонуучулардын бири.

Коопсуздук үчүн алардын атын ачык атаган жокпуз.

"Эркектер аппак сыяктуу сүйлөбөгүлөчү, ар бир адам өзүнө жооп берет. Ар бириң өз карындашыңды тыйсаң болгону, эркектердин баары эле таза дейсиңерби. Кылбаган кылыктары жок, келип-келип кыздарга асыласыңар. Кыздардын баары жаман эмес, арасында бар. Эркектер, өзүңөрдү дагы тыйгыла, тартипти биринчи өзүңөрдөн баштап, анан башкаларга акыл үйрөткүлө. Кудайым ар бир адамдын өзүнө ыйман, ынсап берсин", - деген пикирин жазган дагы бир Фейсбук колдонуучу.

Москвада мигранттардын укугун коргоп, котормочу болуп жүргөн Салтанат Митиева бул кайрылууга жооп берип, кыргызстандык кыздарды ошол эле мекендештери алдап, жолго таштап кеткен учурлар арбын экенин белгилеген. Ал кыздарды эле эмес, Орусияда жүргөн эркектерди дагы тарбиялоого чакырган.

"Орусияда аялдар абагында жаш балдары менен отурган кыз-келиндердин балдарынын аталары - бүт кыргыздар. Былтыр абактагы бир кыз төрөдү, атасы кыргыз. Ал "кыздуу болдуң деп айтып коюңуз, менден кабар албаса да, кызынан кабар алсын" деп, ымыркайдын атасынын номерин берген. Атасы "ооба, мен ал кыз менен жашагам, менин кызым экенин танбайм, бирок үйлөнө элекмин, кызымды таштабайм" деп айткан. Андан бери бир жыл өттү, кабар алган жок. Ай сайын барсам, "келем деди беле, келсе керек" деп үмүт үзбөй отурат. Бир жыл мурда ымыркайын таштандыга таштап кеткен дагы бир үрөй учурган окуя болгон. Анын күйөөсү дагы кыргыз. Аялын уруп жүрүп, депрессияга кабылып калган. Боюна бүтүрүп, таштап кетип калган дагы кыргыз. Мындай окуялар аябай көп. "Кайсыл жерде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол жердин уулуна кой айыпты" деп Майрамкан Абылкасымова эжекебиз жазган. Бир жактуу эмес, эки жактуу карагыла. Москвада канчалаган альфонстор жүрөт. Кыздарды канча какшаткандар жүрөт. Келгиле, кыздарды эле эмес, эркектерди дагы тарбиялайлы. Ушул эркектерди ким тарбиялайт?" - деген Салтанат Митиева.


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай кооптуу учурлар кыздардын жана ошол эле кайрылуу жасаган эркектердин дагы тагдырын талкалай турганын белгилейт. Ал өлкөнүн укук коргоо органдарына кайрылып, мунун алдын алууга чакырды:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Сапаргүлдун окуясы ачык мисал катары айтылганы менен андан башка дагы бир топ кыздарды токойго алып барып жылаңачтап, видеого тарткан учурлар болгон. "Азыр биз силерди видеого тартабыз, жарыялайбыз" деп ошого кетип атышат. Ал эми видеого ар кандай жагдайда тартышы мүмкүн да. Күч колдонуп алып барып тартышы мүмкүн. Бул өтө коркунучтуу, буга күч органдары УКМК, милиция тез арада көңүл бөлүп, Орусиянын органдары менен байланышып, кайрылууну кимдер жасады, аны аныктап, эскертүү берип, алдын алуу иштерин жүргүзүш керек. Ал эми кыздар чын эле мыйзамсыз ишке барып жаткан болсо, аларды жөнгө сала турган мамлекеттик органдар бар да. Кайрылып жаткан балдарга ким андай ыйгарым укук берди, кайсыл мыйзамдын негизинде ошондой кайрылуу жасап жатат? Кайрылуунун алдында колдоп жазып жатышат. Бул Орусиянын башка шаарларына дагы тарап, Кыргызстандын өзүндө ошону кайталабайт деген кандай кепилдик бар? Бул кыз-келиндердин өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч алып келиши мүмкүн. Ошол балдар өздөрү да сот жообуна тартылып кетиши ыктымал. Бул жерде эки тарап тең сактанышы керек".

Орусиядагы кыргызстандык "жарма патриоттор" кыргыз кыз-келиндерди "жаман жолдо жүрөт" деген негиз менен уруп-сабап, кордоп, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган окуялар буга чейин маал-маалы менен кайталанган.

2012-жылы Сапаргүл деген кызды эркектердин тобу “суракка алган” видео интернетте тараган. Анда алар өздөрүн Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин жүрүш-турушун көзөмөлдөгөн “морал сакчыларындай” көрсөтүшөт. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратканы менен күнөөлүүлөр жоопко тартылган эмес.

Мындай мыйзамсыз көрүнүштү көпчүлүк социалдык тармактарда “мыкаачы”, “жапайы” жана “кылмыш иш” деп сындаса, ошол эле маалда аларды “кыргыз элинин патриоттору” деп мактагандар да чыккан.

XS
SM
MD
LG