Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимин өткөн айда эле кабыл алганы 29-августта гана белгилүү болду. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу тууралуу өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды. 16-июлда эле чыккан чечим "Клооп Медианын" юристтерине бир айдан кийин гана белгилүү болгон.
“"Клооп" Жогорку сотко эмне себептен чечим чыгарылары менен юристтерди жана фондду кабардар кылбаганы боюнча суроо жөнөттү. Азырынча соттон жооп келе элек”, - деп жазылат медианын сайтында.
"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими "күтүлгөндөй болгонун" айтты.
"Биз чындыгында башка эч нерсе деле күткөн эмеспиз. Эч нерсеге карабай "Клооп" иштей берет. Ликвидациялоо боюнча сот жараяндары жүрүп жаткан маалда социалдык тармактарда колдонуучуларыбыздын саны өстү. Бир кыргызстандык окуса да биз ири иликтөөлөрдү, калыс каралган жаңылыктарды жана курч макалаларды жарыялоону уланата беребиз", - деди Тухватшин.
"Клооп" соттук отурум 16-июлда тараптардын катышуусуз өткөнүн белгилейт. Жогорку соттун чечими чыккан күңдөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирген.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атады.
"Эл аралык сыйлыктарга татыган, журналисттик иликтөөлөрдү жасаган "Клооп" басылмасынын күчтөп жабылышы узак жылдардан бери Борбор Азиядагы эркин медианын чордону катары саналган Кыргызстандын бүгүнкү тарыхындагы кара так", - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.
Ал Кыргызстандын бийлигин эркин журналисттерге жасаган "репрессивдик багытынан" баш тартып, "Клооп" жана башка медиага эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Прокурордун арызы, соттун чечеми
Буга чейин фонддун юристтери Октябрь райондук сотунун чечимине каршы даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок баш калаанын соту арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткенин жүйө келтирип, апелляциялык арызды кароодон баш тарткан.
Бишкек шаардык прокуратурасы “Kлооптун” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы былтыр 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында "Kлооп" басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.
Көзөмөл органы өзүнүн катында Kloop Media уставында көрсөтүлгөндөн сырткары ишмердик кылып, “сайтында жана социалдык тармактарда жарыялаган материалдары азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындоого багытталган” деп билдирген. Доо арызында Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдүн себеби катары “Клооп” басылмасын көрсөткөн.
Ушул жылы февралда Бишкектин Октябрь райондук соту “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган.
Кыргыз бийлигинин мындай кадамын эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар кескин сындаган.
"Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков "Клооптун" жабылышы башка эркин медиага дагы таасирин тийгизиши мүмкүн деп кооптонуп турат:
"Клооп" медиа өзүнүн сапаттуу, ар тараптуу материалдары менен белгилүү. Жөн гана редакция эмес, окутуу борбору катары дагы иштеп келген. Бир топ журналисттер биринчи кадамын ушул жерден жасашкан. Экинчиден, медианы жабуу биздин өлкөгө аброй алып келбейт. Медиага болгон мамиле кандайдыр бир демократиянын, укуктук мамлекеттин көрсөткүчү деп эсептелет. Эки-үч жылдан бери эркиндик боюнча рейтингдерде төмөндөп келатабыз. "Клооптун" жабылышы буга дагы терс таасирин тийгизет деп ойлойм. Бул башка журналисттердин, редакциялардын дагы өзүн өзү цензуралоосуна түрткү бериши ыктымал".
Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев мындай пикирге кошулбайт:
“"Клооптун" ишмердигине байкоо салып келген адамга Жогорку соттун чечими күтүлгөн эле нерсе болду. Билбестик менен эмес, максаттуу түрдө чагым кылган мүнөздөгү материалдарды көп жазышчу. Мамлекеттин Конституциясына каршы келген аракеттери далилденген болсо, анын ишмердигин токтотууга соттун укугу бар. "Клооптун" кызматкерлеринин мындан трагедия кылышынын кереги жок. Бизде сөз эркиндиги бар, "Клоопту" жаап койсо, ошол сыяктуу башка маалымат булагын ачып иш жүргүзө берсе болот. Эгер дагы деле ушундай иштей берсе, кайра эле ушундай чечим чыгышы мүмкүн. Өздөрүнүн иш-аракеттеринен сабак алып, кайталабашы керек. Сөз эркиндиги деп каалаган нерсени жаза берген болбойт”, - деди Дүйшөнбаев.
Медиа талдоочу Жаннат Токтосунова "Клооп медианын" журналисттик иликтөөгө кошкон салымын белгилеп жатат. Ал аталган медианын жабылышын "авторитардык өлкөгө айлануунун белгиси" деп сыпаттады:
“"Клооп" канча жылдар бою кыргызстандыктардын ыйын-муңун, көйгөйлөрүн чагылдырып келди. Ошол эле бир кезде саясий туткун болгон Садыр Жапаровдун соттук териштирүүлөрүн калтырбай чагылдырган медиалардын бири болгон. Анын жабылышы - авторитардык өлкөгө айланганыбыздын дагы бир белгиси. Анткени эркин эмес өлкөдө эркин медианын иштеши мүмкүн эмес. Кыргызстандын жакшы жактарын, жетишкендиктерди айтканга канчалаган акча бөлүнүп, бир канча журналист, блогер, медиа иштесе дагы бир эркин медианын айткан сыны кабыл алынбай жабылганы иликтөөлөргө дагы бөгөт коюлду дегенди билдирет. Анткени Клооптун иликтөөлөрү чоң мааниге ээ болуп, ошонун артынан Кыргызстанга пайда алып келген. Бул өлкөнүн рейтингине дагы таасирин тийгизет”.
Буга чейин “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун май айындагы баяндамасында Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу эки тепкичке көтөрүлүп, 120 орунду ээлеген.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп, жоопкерчилик маселесине көңүл бурууну эскертип келет. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айткан.
Kloop Media: Журналисттердин мектеби, жигердүү жаштар
Клооп 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Медиа жаш журналисттерди окутуп, алгачкы тажрыйба алган мектеп катары дагы белгилүү.
“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп, Маданият министрлигине кайрылган.
Министрлик былтыр ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.
“Клооп” соттун чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.
Учурда “Клооп Медианын" сайты кыргызстандыктар үчүн жабык.