Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Журналисттерди жана ишкерди коргогон адвокат кармалды


Самат Матцаков
Самат Матцаков

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармаганы белгилүү болду. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, "алдамчылык" беренеси менен иш козголгонун "Азаттыктын" кабарчысына билдирди.

"Алдамчылык менен иш козгоп, бирок Ташовдун ишине байланыштуу диктафон жана төрт дискти алып кетишти. Мен кармалышымды адвокаттык ишмердүүлүгүмө байланыштырам. Мага каршы илинчек издеп атканы белгилүү болчу. Өткөн жумада эле "алдамчылык" беренеси менен иш козгошкон. Бирок бардык жарандык келишимдер бар. Иш козгой тургандай негиз жок".

Матцаковду күч органдарынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишти.

Анын адвоткаты Нурсултан Жаныбеков буларды айтты:

"Азыр өзүнө шектүү экенин угузушту. Соттун токтому жок эле да. Тергөөчү шашылыш эле бир токтом менен келди. Алдын ала маалыматтар боюнча менчикке каршы кылмышка шек санап атышат, алдамчылык дешип. Бирок өзүнүн айтымында, эч кандай алдамчылык фактысы болгон эмес. Үйүн тинткенде Ташовго байланыштуу дисктерди алып кетти".

Жаныбеков муну менен катар өзү да суракка чакырылып жатканын айтты.

"Эртең менен Матцаков менен суракка чогуу кирмекпиз. Бирок сүйлөшкөнгө жетишпей калдым. Азыр эч нерсе билбейм. Биз эми жактоочубуз да. Элдин душманы эмеспиз, элге каршы чыкпайбыз. Мыйзамга каршы иштебейбиз. Мыйзам алкагында өз ишмердүүлүгүбүз менен алектенсек, эмнеге мындай кылып атышканын билбейм. Ыкчам кызматкерлердин айрымдары "Журналисттерге эмнеге чалдыңар?" деп атырылышты, эмне дегенин айтпай эле коеюн. Бул биздин ишибизге тиешеси барбы деп ойлоп жатам".

28-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө абагында жаткан ишкер Ташовдун 26-ноябрда жазган катын Фейсбукка жарыялаган.

Катта ишкер анын укугун коргоп жаткан адвокаттарга басым-кысым болуп жатканын билдирип, башкы прокурорго, акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылган.

38 жаштагы Самат Матцаков Кыргызстан эл аралык университетинде юриспруденция адистигин бүтүргөн. Магистратураны Юридикалык академияда окуган. 2010-жылдардан бери юрист катары адам укугу, кыйноолорго каршы жаатында бир топ долбоорлордо иштеп келет. Матцаков адвокат катары өлкөдөгү жарандык активист, саясатчы, журналисттердин укугун коргогон. Ар кандай долбоорлор менен жарандарга юридикалык кеңеш берет.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова адвокаттын камалышына мындай баа берди.

“Авторитардык өлкөлөрдүн тажрыйбасында саясатчыларды, журналисттерди, адвокаттарды кармашат. Ошондуктан менде чочулоо бар. Анткени Матцаковдун көзөмөлүндө бир топ иштер бар. Ошол эле Актилек Капаров, Аскат Жетиген бар. Тергөөдөгү туура эмес иштерди да айтып жүрөт. Өзү билимдүү, мыйзамдуулукту жакшы түшүнгөн жигит”, - деди Абдирасулова.

Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун коргойт.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Ал кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Атайын кызмат Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

(макала толукталат)
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Шерине

XS
SM
MD
LG