2024-жыл жаш энелер мыкаачылык менен ажал тапкан, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары эң көп катталган жылдардан болуп калды. Мындан улам Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды. Аялдарга каршы зомбулук эмне үчүн токтобой жатат, кыз-келиндердин укугу корголушу үчүн эмне кылуу керек?
"Бишкекте 33 жаштагы келин күйөөсүнүн бычагынан каза тапты. Ошто аялын, кайненесин сабаган деген адам бир айга камалды. Өзгөндө төрт балалуу келин киши колдуу болду. Күйөөсү иштеген жерине барып бычактаган. Сузакта күйөөсү балка менен урган келин ооруканада жатат. Кадамжайда майып келин жолдошунун таягынан каза болду".
Тилекке каршы, буга окшогон жаңылыктар ар кайсы маалымат булактарда, социалдык тармактарда күн алыс жарыяланып турат. Узаган жылда кыз-келиндердин зомбулукка кабылган жагдайларына көз чаптырып жатып ичим дагы бир сыйра эңшерилди. Тилекке каршы 2024-жылы өз жакынынын колунан мыкаачылык менен ажал таап, бир нече жаш өмүр жайрады.
23 жаштагы Айкыздын кейиштүү тагдыры
2024-жылдын башында Баткен районунда биринчи топтогу майыптыгы бар 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан. Окуя 2-январда болгон. Маркумдун жакындары келин буга чейин да катуу таяк жеп ооруканага жатып чыкканын, милицияга кайрылганын, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтып беришкен.
Айкыз Калмурза кызы 2001-жылы Баткендин Кара-Бак айылында туулган. 2017-жылы, 16 жашында турмушка чыккан экен. Айкыз бала кезинен укпай жана сүйлөй алчу эмес. Күйөөсүнүн дагы ушундай эле майыптыгы бар.
Кырчындай кезинде зомбулуктун курмандыгы болгон шордуу келиндин сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Бакка коюлду. Анын артында калган үч жана алты жаштагы эки кызды тайлары багып жатат.
Милициянын маалыматына ылайык, тергөөдө шектүү жубайы менен уруша кетип аны көчөдө муунтканы, ал ошол эле жерде каза болгону аныкталган.
Келиндин сөөгүн кароодо анын сол көзү көгөргөнү жана моюнунда колдун издери аныкталган. Окуя боюнча Кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип Айкыздын күйөөсү кармалган.
Жакындары келин буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулук көрүп, ур-токмок жеп келгенин окуя болгондон кийин "Азаттыкка" айтып беришкен.
Айкыздын күйөөсү 13 жылга эркинен ажыратылып, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө моралдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Маркумдын жакындары соттун өкүмүнө нааразылыгын билдирип чыгышкан.
"Өмүр бою жаза бериш керек. Бул жерде адам өлүп жатат. Кызынын көзүнчө мыкаачылык менен өлтүрүп жатат. Денесине өтө оор жараат келтирип өлтүргөн. Кыздары ыйлап, куса болууда. Бизден башкаларга да сабак болушу керек. Он үч жылга эле мөөнөт берсе, ал 5-6 жылда эркиндикке чыкса, дагы бирөөнүн өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн. Кыз-келиндерге зомбулуктун жазасын күчөтүш керек да. Антпесе жазасы жеңил болгону үчүн мындай окуялар көп кайталанып кетиши мүмкүн", - Айкыздын бир тууган эжеси Сапаргүл Пиржанова.
Тилекке каршы Айкыздын окуясынан көп өтпөй 17-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү балка менен урган 32 жаштагы келин оор абалда ооруканага түшкөн. Облустук милиция келин мурда дагы үй-бүлөсүндө ур-токмокко кабылып жүргөнүн билдиришкен. Дарыгерлер келин ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөнүн, бейтапка мээсинен жараат алган деген диагноз коюлганын билдиришкен.
Жалал-Абад облустук милициясы келин буга чейин да күйөөсүнөн запкы көрүп, анын ур-токмогуна кабылып жүргөнүн айткан. Бирок 32 жаштагы келин эч жакка арызданган эмес.
Бул факты боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин “уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бирок иш сотко дагы өткөн эмес. Келин тосмо арыз жазып берип, иш токтотулган.
39 жаштагы Айжандын өлүмү
"Жанга кубат берерим, жаркылдагым,
Сен өзүңдөй баарына жаркылдадың.
А бир зулум өчүрүп жамалыңды,
Эң акыркы үмүтүң калтырбады..."
Бул 39 жашында өз үйүндө киши колдуу болгон Айжан Алыкуловага арнап апасы Роза Жекшенованын жазган ыры.
Айжан быйыл 24-февралда түнү Бишкектеги батиринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы киши кармалып, учурда тергөө абагында отурат. Тергөөнүн версиясына караганда, Айжан катуу сабалган, бир нече кабыргасы сынган. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн апасы Роза Жекшенова айтып берген:
"Муунткандын изи бар. Каракуштан үч тешик кеткен. Оң жак, сол жактагы сегиз кабыргасы сынган. Кабыргасы өпкөсүн жарып кеткен. Сол жактагы кабыргасы бөйрөгүн жарып кетиптир. Башына кан куюлган. Көз айнек тагынчу эле кызым, көз айнектин тирөөчтөрү көзүнө кирип кеткен. Бетинде көгала болбогон жери жок. Өзүм төрөп, өзүм чоңойтком деп баламды өзүм жуунттум, өзүм узаттым. Денесинин тамтыгы жок, бардык жеринде кыйноонун изи бар. Ар бир түнү уйкум бузулат. Кызымдын кантип кыйналып жаны чыкканын эстесем, бул жашоодо бир мүнөт да тургум келбейт, бир мүнөт..."
Айжан соңку 15 жылын чет өлкөдө жашаган. Англис тилин өз алдынча үйрөнүп, Түркия, Дубай, Германия, Бельгияда иштеген. Ден соолугуна байланыштуу Кыргызстанга бир жыл мурун келген экен. Аны жакындан тааныгандар колу бошогон учурда балдар үйүнө, карылар үйүнө белек-бечкек ала барып, ыктыярчы болгонду адатка айландырып алганын айтып беришти. Айжан быйыл жаңы жылдын алдында таанышып, бактымды таптым окшойт деген кишинин колунан каза болгон. Ал Айжандын үйүнө көчүп келгенден бир ай өтпөй ушундай кылмышка барган. Учурда бул иш сотто каралып жатат.
“Сүйүктүү Кудайым, мага берген бардык нерсе үчүн ыраазымын. Балам, үй-бүлөм, ата-энем, эже-сиңдилерим, мага берген сулуулук, ден соолук үчүн рахмат. Мен өзүмдүн сүйүүмө бактылуу адаммын. Сүйүктүүмө жолугуп, мен сүйгөн жана мага кымбат адамдарды бактылуу кылгым келет. Мен ошого даярмын. Кыздуу же уулдуу, Кудай кандай кааласа, негизгиси балалуу болгум келет”.
Айжандын күндөлүгүнө жазып калтырган, эми такыр ишке ашпаган мындай кыялы ишке ашкан жок.
Зомбулук фактысы 37% өстү
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, соңку 2,5 жылда Кыргызстанда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен ажал тапкан. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 10 айда 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган). Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 447 кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул жалпы катталган фактылардын 3 гана пайызын түзөт. Алардын ичинен 276 иш сотко жөнөтүлүп, 133ү кыскартылган. Дагы 38 иш өндүрүштө.
ИИМ кылмыш иштеринин 30у Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси, “Аффект абалында адам өлтүрүү” менен бир, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” менен 23, “Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү” беренеси менен 24, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” менен 10, “Уруп-согуп кыйноо” менен 37, “Зордуктоо” беренеси менен 13, “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” менен 7 жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен 9 иш козголгонун билдирди.
Буга чейин Кыргызстандык журналисттер эл аралык уюмдун колдоосу менен алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдеп чыгышкан. Анда 54 миңден ашуун маалымат, жаңылык талдоого алынып, ар бир аныкталган фемицид учурлары боюнча маалымат базасы түзүлгөн. Бул изилдөө өмүрү кыйылган аялдардын көбү күйөөлөрүнүн, өнөктөштөрүнүн такай зордук-зомбулугуна кабылып жүргөнүн көрсөткөн.
Рахима күйөөсү менен жарашкан күнү бычактаган
Бишкектин четиндеги конуштардын биринде күйөөсүнүн колунан ажал тапкан 34 жашта Рахима Айкымбаева зомбулукка кабылган, фемицид курмандыктарынын бири. Ал ушул жылдын апрель айында өзү жашаган үйүндө, 27 жеринен бычак жеп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Маркумдун жакындары Рахима буга чейин деле далай жолу күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, мунун айынан ал ажырашууга бел байлаганын айтып беришкен. Каргашалуу окуяга чейинки үч ай чогуу жашабай калышкан.
Рахиманын апасы Салкынай Курманова каргаша тооруган күнү күйөө баласы кечирим сурап келгенин, туугандары жубайларды жараштырганын көз жашын төгө айтып отурду. Орозо айына туш келген ошол эле түнү Рахима үч жашар кызынын көз алдында бычакталып, каза болгон.
“Эгер кызым ооруп же бир кырсыктан каза болсо дагы мынчалык кыйналбайт белем. Ушунчалык кыйнап өлтүргөнүн эстегенде, жүрөгүм эзилип келет. Кээ бир күндөрү таң атканча уктабай чыгам. Сот болот дегенде эле жүрөгүм уйгу-туйгу, бир жерге отура албайм. Эне баласынан ажыраган өтө оор экен. "Кой эми, бул дагы бирөөнүн баласы, сен деле жашсың, күйөөсү жок дегенче барып жаша" деп баланын сөзүн сүйлөптүрмүн. Алдын ала эмне болорун билбейт экенбиз да. Азыр ойлонуп алып абдан өкүнөм. Күйөөсү жок жашай берсе мындай ишке туш болот беле, жокпу?” - дейт Салкынай Курманова.
Турмуштун бир топ сыноосун баштан кечирген Рахима өзү өңдүү зомбулукка кабылган, миграциядан кайтып келген жалгыз бой аялдарга кол сунуп, жардамын аячу эмес. Ал алты бир туугандын ортончусу эле. Артында үч баласы калды.
Быйыл октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Рахима Айкымбаева боюнча өкүм чыгарып, күйөөсү Калыбек Байсаловду 15 жылга кескен. Жакындары ага макул болбой, шаардык сотко даттанышкан.
Рахима, Айжан, Айкыздын башына келген каргаша, былтыр Асел Ногойбава туш болгон, коомчулукту нес кылган окуялардан кийин зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылып жүргөн ондогон кыз-келиндер бул көйгөй кыскарат, тийиштүү мекемелердин күрөшү, алдын алуу иштери күчөйт деген үмүттө болушкан. Тилекке каршы, андан бери деле күйөөсүнүн, жакындарынын колунан ажал тапкан бир нече учур катталды.
- 17-декабрда Бишкекте 33 жаштагы келин күйөөсүнүн бычагынан каза тапты. Кылмышка шектелип анын күйөөсү кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя түшкө жуук Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш авто бекетинин аймагында болгон. Жубайлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, күйөөсү аялын бычак менен сайып жибергени аныкталган. 33 жаштагы келин “Тез жардам” келгенге чейин каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
- Мунун алдында Ош облусунда аялын жана 64 жаштагы кайненесин сабаган деп шек саналып жаткан 35 жаштагы адам кармалып, камалганы белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен айып коюлууда.
- 31-августта социалдык тармактарда Нарын шаарындагы соода борборлорунун биринде жайгашкан ашканадан 42 жаштагы эркек киши 41 жаштагы аялынын моюнуна бир нече жолу бычак сайып жибергени тартылган видео тараган. Көп өтпөй моюнуна жана денесинин ар кайсы жерине бир нече жолу бычак жеген келин ооруканага жеткирилгени, ал эми бычактоого шек саналып анын күйөөсү кармалып, эки айга камалганы кабарланган. Учурда бул иш сотто каралып жатат.
- Октябрда Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган 22 жаштагы келин оор абалда ооруканага түшкөн. Милиция кылмышка шек саналып келиндин күйөөсү кармалганын билдирген. Дарыгерлер ал бир нече жеринен жараат алганын билдирген. Окуянын күбөсү күйөөсү аялын түнү менен кыйнап, тырмагын жулуп, бычак менен сайгылаганы айтып берген.
- Бишкекте №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү шаар четинен табылган. Спорттун чебери, ачык-айрым Даша бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Аны өгөй атасы уурдап кетип, өмүрүн кыйган.
- Сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында мурда аскер кызматкери болуп иштеген күйөөсүнөн токмок жеген келин оор абалда ооруканага түшкөн. Бул фактыны укук коргоочу Азиза Абдирасулова коомчулукка ачыктап, социалдык тармактарга жазып, маалымат каражаттарына жарыялагандан кийин гана милиция кылмышка шектүү кармалган. Учурда иш сотто каралып жатат.
Абдирасулованын айтымында, 28 жаштагы келиндин көзүнө доо кетип, бет сөөгү, тиштери сынган. Укук коргоочу зомбулукка кабылган аялдардын көбү каражатка байланыштуу адвокат жалдай албай, арыз жазган күндө деле укугу корголбой калган учурларды айтып берди. Ал зомбулуктун токтобой жатышынын себептерине да токтолду:
"Аялын өлтүрүп койгондон кийин гана чоң жаза берилип, 15-20 жылга соттолуп жатат. Ал эми кол көтөрүп, уруп-сабап, бир жерин сындыра чаап, бир жерин көгөрткөнү үчүн жазага тартылбай эле калып жатышат. Бир эле мисал, аялын такай токмоктоп жүргөн Токмоктогу окуя. Булар ага чейин дагы бир ажырашып, кайра жарашып дагы көрүшкөн. Келиндин көзүнүн чанак сөөгү, сол жаагы, төрт тиши сынып кеткен. Эксперттер контузия, башы жабыркаган жана мээси чайкалган деп жатышат. Көзүнүн сөөгүн чет өлкөдөн операция жасатып алмаштырыш керек экен. Ушундай оор токмок жеген, кыйын абалда турган келиндин күйөөсүн сегиз күндөн кийин гана, министрликке, прокуратурага кайрылгандан кийин гана кармашты. Аялы ошол күнү күйөөсү "нашаа чегип алган эле" деп айтып жатат. Алгач аны милиция кармап койо берген. Аны текшерген эмес. Бул жерде эркектердин тилектештиги деген нерсе дагы болуп жатат. Милициялар келгенде дагы арыз жазбоого үндөшүп, "ортодо үч балаң бар го, эртен эле жарашасың да, эмнеге жазасың" деп кетишиптир. Адвокаты жолун тосуп "аялдар, силердин тилиңер бар да, жөн жүрбөйсүңөр анан токмок жейсиңер" деп кетип атат. Коомдо көпчүлүк эркектер, аялдар деле "койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын токмок дейт" деп бардык күнөөнү жабыркаган аялдарга коёбуз. Ошондуктан зордук-зомбулук токтобой жатат. Экинчиден, үй-бүлөлук зомбулук кабылган, кордук көргөн аялдар акча-тыйын тартыш, финансылык мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан адвокат ала алышпайт экен. Жоопкер тарапты, уруп соккон күйөөсүн мамлекет адвокат менен камсыз кылат экен. Мыйзамда ушундай көрсөтүлүп калыптыр. Азыр мен коргоого алып жаткан келиндин адвокаты жок. Мен өзүм дагы юрист, адвокат болбогондуктан айрым учурларда кыйналып калып жатабыз. Бул жерде токмок жеп, жабыркаган аял менен зомбулук көрсөткөн эркекке мамлекет канчалык тең салмактуу карап жатат деген суроо туулат".
Бул аялдар уруп-сабалган учурлардын айрымдары гана. Көпчүлүгү жергиликтүү менталитеттен улам бул маселени айтып чыгууну туура көрүшпөйт же коркушат.
Ушундай эле мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, ажырашкандан кийин дагы зордукталып, кулак-мурду кесилип, аман калган Асел Ногойбава азыр деле ошол учурдун кесепетин тартып жатат. Мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолгону менен абакта туруп коркуткан кат жөнөткөн.
"Менин окуямдан кийин аялдарга зомбулук азаят деп ойлогом. Тескерисинче күчөп, биринин артынан бири катталып жатат. Аялдар тескерисинче көз карандысыз болуп, күчтүү болуп кетишти. Мурдагы же жашап жаткан күйөөсүнө көз каранды болбой калганын эркектер көтөрө албай калдыбы деп ойлоп жатам. Ушундай кылсаң зомбулук көрбөйсүң же дал ушул үчүн болуп жатат деп айта албайсың. Мыйзамдарды канчалык катаалдатсак деле адам өзүнүн аң-сезимин өзгөртмөйүнчө болбойт окшойт. Жөн гана адам болуш керек. Башка эч нерсе токтотпойт окшойт".
Аялдарга каршы зомбулук - адам укуктарын бузуунун эң жайылган түрлөрүнүн бири. Андай учурлар теңсиздиктен, чыр-чатактан, жакырчылыктан, кыз-келиндерди жериген социалдык нормалардан келип чыгат.
Ар бир саат сайын дүйнөдө кеминде беш кыз-келин жакын адамдарынын колунан каза табат. Дагы далайы жараат алат, оорукчан, майып болуп калат.
Андай зомбулукка жашы, билими, социалдык, финансылык абалына карабай, ар бир кыз-келин кабылышы мүмкүн. Адам укуктарын кордогон кылмыштардын көбү аялдарга каршы жасалат.
Социолог жана гендердик эксперт Гүлнара Ибраева зомбулуктун тамыр жайышы коомчулуктун кайдыгерлиги менен байланыштуу экенин белгиледи:
"Фемицид - аялдардын, кыздардын өлтүрүлүшү. Коомчулуктун кайдыгерлиги, мамлекеттик тийиштүү органдардын натыйжалуу иштебегени, ошонун баары - фемициддин түпкү себеби. Массалык түрдө катталып жаткан соң, муну фемицид эле деш керек. Көбүнчө эркектер деп айтып жатабыз, аялдар да агрессор болуп чыгат. Ошол агрессорлорду коррекция кылган программалар аз жана натыйжасы жок. Эгер адам өзү көрүп, мен бирөөнүн укугун тебелеп жатам, зомбулук кылып жатам деп түшүнбөсө, бул ого бетер күчөйт. Боло берет, баарыбыз эле ушундай жашайбыз, баарыбыз эле баштан кечиргенбиз деген сөз өтө зыяндуу. Негизи зордук-зомбулукту изилдөө - абдан татаал иш. Биз көп болсо көзгө көрүнгөн, айсбергдин үстүн эле изилдей калабыз. Суунун астындагы, коомчулукка байкалбаган учурлар 70-80%. Сотко өткөн учурлар 30% дагы жетпейт. Балким, толук кандуу жазаны алгандар 1% эле болот. Өлүм менен аяктаган окуяларда деле кылмышкерлердин өтө аз бөлүгү жазасын алууда".
Бириккен Улуттар Уюумунун соңку баяндамасында зомбулукка кабылган аялдар үчүн эң кооптуу жай - анын үйү деп айтылган. Анткени кылмыштардын көбү өздөрү жашап жаткан үйүндө катталып, аялдар күйөөсү, досу, өнөктөшүнүн колунан ажал тапкан. Кыргызстанда катталган учурлардын 75% дагы ушундай.
Соңку учурда зомбулук көргөн аялдардын укугун коргоп жүргөн адвокат Индира Саутова үй-бүлө институтун бекемдеп, балдарды тарбиялоо маселесине көңүл бурууга чакырды:
“Катталган фактыларды анализдесек, ошол эле зөөкүр кишилер өздөрү дагы зомбулук көргөн кишилер болот экен. Ал эми жабыркаган кишинин психотибин анализдесек, алар дагы бала үчүн, ата-энеси үчүн чыдап жашап келишкен. Көп келиндер мени ата-энем барган жериңден кайтпагын деген үчүн зомбулукка чыдадым дейт. "Сени жолдошуңа аманат кылып бердим, ошол жактан келбе" деген үйдөгү тарбия ушундай. Бул психологиялык жактан дагы туура эмес. Келин төрөсө, үйдө отурса, күйөөсүнө көз каранды болуп отурса, ошондо зомбулукка кабылса, бара турган жери, коргоп алар эч кимиси жок экен. Мунун артында айтылбаган, жазылбаган ушундай оор учурлар болуп жатат”.
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жана эл аралык өнөктөштөрдү аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зомбулуктун алдын алууда биргелешип иш алып барууга чакырды. Жаманбаева бул тууралуу 10-декабрда Аялдарга карата дискриминацияны жоюу жөнүндө конвенциянын 45 жылдыгына арналган жыйында билдирген.
Акыйкатчы Кыргызстанда аялдардын жана балдардын, аялуу адамдардын укуктары көп бузуларын, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар алардын укугун коргоого көбүрөөк көңүл буруп жатканын да белгилеген.
Ички иштер министрлиги атайын видео ролик жарыялап, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды же күбө болгондорду сөзсүз 102 номуруна чалууга чакырды. Милиция үй-бүлөлүк зомбулук жеке адамдардын көйгөйү эмес, коомчулуктагы олуттуу маселе экенин белгилейт.
“Эгерде сиз зомбулукка күбө болсоңуз же өзүңүз жабыркасаңыз - четте калбаңыз. Кыска 102 номуруна чалыңыз. Жардам жакын жерде!” - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Быйыл августта президент Садыр Жапаров "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Анда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо жагы күчөтүлгөн. Ошондой эле кылмыштуу зомбулуктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо каралат.
Мындан тышкары зомбулукка байланыштуу кылмыш ишин жана сотко чейинки өндүрүштү алып барган укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максат кылынган.
Буга байланыштуу өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Жаза аткаруу кодексине, Турак жай кодексине, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына, “Пробация жөнүндө” мыйзамына, “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамына киргизилди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 26-июнда кабыл алган.
Аны кароо учурунда айрым депутаттар мыйзам долбооруна кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен колдоодон баш тартышкан.
Мындан сырткары кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы катары ага электрондук билерик тагып коюу ыкмасын колдонууну киргизген мыйзамга кол коюлган.
Юстиция министрлиги электрондук билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу болорун кабарлаган. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусун чектей турганы айтылган. Бирок бул азырынча ишке аша элек.
Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алды.
Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалады.
“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деди президент.
Зомбулуктун алдын алууга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлерине нааразылыктар көп айтылып келет.
Шерине