Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Кой-Таш окуясы: Алга Кылычев 10 жылга кесилди


Алга Кылычев
Алга Кылычев

Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка айыпталган Алга Кылычев 10 жылга абакка кесилди. Чечимди 21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Кылычев Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айыптуу деп табылганын маалымдады.

"Бул - саясий чечим"

"Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркиндигимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген "Альфа" атайын кызматынын кызматкерлери да, милиционерлер да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим. Бийлик Бакиевди актап, Кыргызстанга алып келгиси келип жатат. Апрелчилерди сатып алуу аракети болуп жатат деп, мен катуу каршы туруп жатканым буларга жаккан жок. Ошондуктан, саламаттыгыма, жашы жете элек алты балам бар экенине карабай, мени камап атышат", - деди Кылычев "Азаттыкка" сот залынан.

Ал түрмөдөн өмүрүнө коркунуч келсе ага бийлик күнөөлүү болорун белгиледи.

Адвокаты Жанат Гүлжигитов өкүмгө байланыштуу Аламүдүн райондук сотунун судьясы Талгат Шанкаевдин үстүнөн "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн" прокуратурага даттана турганын билдирди.

"Бүгүн саат 10:00го сот отуруму белгиленген. Анда жарыш сөз болмок. Мен башка процесс бардыгын жүйө кылып, отурумду жылдырууну судьядан сурагам. Бирок судья аны четке кагып, мамлекеттик адвокат берилерин билдирген. Мен укугун коргоп жаткан Алга Кылычев да мамлекеттик адвокаттын коргоосуна муктаж эмес экенин билдирип, соттон жараянды жылдырууну өтүндү. Судья аны укпай, саат 11:00де отурумду баштады. Жарыш сөздү бат эле бүтүрүп, бир саатка жетип-жетпей, өкүмдү окуп, Кылычевди камап салды. Адвокат бул ишти билбесе, 40 томдук иш менен таанышуу үчүн бир саат эмес, бир күн жетпейт болчу. Бул жерде судья өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды", - деди Гүлжигитов.

Ал Кылычевдин сотунда Кой-Таш окуясында жабырлануучу деп табылган милициянын жана "Альфа" атайын кызматынын өкүлдөрү, күбөлөр да каршы көрсөтмө беришпегенин белгиледи.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Алга Кылычев кант диабетинен жабыркарын, кан басымы жогору экенин, боору да ооруп жүргөнүн Фейсбукка жазды. Ал Кылычевди №1 тергөө абагына камоо өкүмү чыккандан кийин ага "Тез жардам" чакыртылганын билдирди.

Соттун чечимине реакциялар

КСДП азырынча Алга Кылычевге чыгарылган сот чечими тууралуу билдирүү жасай элек.

Аталган партиядан парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон Рыскелди Момбеков мындай ой бөлүштү:

"Жабыркады дегендердин бири да сотко келбесе, Кылычевге каршы көрсөтмө беришпесе, анан аны сот 10 жылга кесип жиберсе, муну саясий куугунтук дебей, эмне дейсин. Бул аша чапкандык. Кылмыштын белгилери аныкталбаса да, мамлекетке зыян келтирбесе да, 10 жылдык жаза бергени өтө өкүнүчтүү".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сайдулла Нышанов бул ишти саясатка байлоонун кажети жок деген ойдо:

"Чындыгында бул ишке башынан аягына чейин байкоо салбагандыктан, чоо-жайын жакшы билбейм. Ошентсе да Кылычевди азыркы бийлик атайын темир торго отургузууну көздөйт деп ойлобойм. Себеби, булар менен Кылычевдин мамилеси эч жерден кесилишкен эмес".

Талдоочу Руслан Акматбек окуянын негизги күнөөкөрлөрү жазаланышы керектигин белгилейт:

"Эмнеге ошол Кой-Таш окуясынын себепкерлери - мурдагы президенттер Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев Алгач Кылычевге берилгендей жаза алышпайт? Ошол кездеги ички иштер министри, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы, Кой-Таштагы курчоого алуу тууралуу чечим кабыл алгандар кайда? Алардын жоопкерчилиги кайда?".

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев азыркы бийлик соттун ишине кийлигишпестигин айтты:

"Баары эле мурда көңүп калган пикир менен эле "саясий чечим" деп сыпаттай беришет. Азыр бийлик башындагылар сотко эч кандай басым өткөрбөйт, сот бийлиги эркин чечим кабыл алууда. Муну саясатчылар да, эксперттер да, калк да убакыт өткөндө түшүнөт".

Кой-Таш иши

Таасирдүү эки достун - мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тирешинин айынан чыккан Кой-Таш окуясына быйыл беш жыл болот.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Ага чейин Атамбаев жана анын тарапташтары аталган айылда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык акциясын өткөргөн.

Кармоо операциясында бир офицер каза таап, 175 адам жарадар болгон. Атамбаевдин тарапташтарына "күч кызматкерлерин барымтага алган" деген кине тагылган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Андан тышкары анын Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана мурдагы президенттин бир нече тарапташы баштаган жалпы 14 адамга айып коюлган.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) ошол кездеги жетекчиси Орозбек Опумбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жоопко тартуу талабы айтылып келе жатканы менен, аларга кылмыш иши козголгон эмес.

Алга Кылычев абакта көргөн кыйноо

Кылычев 2019-жылы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийин үй камагына чыккан. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы Алга Кылычов тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирген. Бир канча убакыттан кийин анын иши өзүнчө Аламүдүн райондук сотунда карала баштаган.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери жүрүп жатат. Аны негизинен Биринчи май райондук соту карайт.

2021-жылы “Азаттыкка” курган маегинде Кылычев күч органдары ур-токмокко алганын, абактан криминалдык топтун өкүлдөрү басым жасаганын айтып берген:

“Ал жакта түрмөнүн башчысы деген жок. “Алтуха” сыяктуу кылмыштуу дүйнөнүн адамдары башкарат. Бир күнү эле түрмөнүн кызматкери келип, “Алга Кылычев, сиз сүйлөшүүгө барып келиңиз” деп калды. Мен абактын башчысы же орун басары менен жолуксам керек деп ойлогом. Үчүнчү кабаттагы ыкчам кызматкерлердин башчысынын иш бөлмөсүнө кирсем эле “Алтуха” отуруптур. Эки жагында балдары бар экен. Ал менден 300 миң доллар талап кылып, эгер бербей турган болсом “бул жердеги жашооң тозокко айланат” деди”.

Кылычев анда түрмөнү толугу менен кримчөйрө башкарарын айтып, алар бийлик менен жакын мамиледе экенине да басым жасаган. Ал айткан “Алтуха” каймана аты менен белгилүү Камчы Көлбаев башында турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Ибраимов 2021-жылы кармалып, ИИМге сурак бергени кабарланган. 2023-жылы кайрадан УКМК тарабынан кармалып, ошол эле жылы октябрь айында үй камагына чыккан.

Алга Кылычев быйыл февралда "Азаттыкка" тергөө абагына камалып чыккандан кийин ден соолугуна олуттуу доо кеткенин айткан. "Адилеттик издейм" подкастында ал кыйноого алган күч кызматкерлери жазага тартылбаганына нааразы болгон.

"Ошол кездеги кой терисин жамынган бандит чалыштар менен кызматташкан ички иштер кызматкерлеринин азабынан бүгүнкү күндө ишемиялык инсульт алдым. Дарыгерлердин изилдегени, эмнеден бул ооруга кабылып калгандыгым, мээнин кан тамырлары эзилип, ошол күндөн бери эки-үч жыл чирип жүргөндүгү азыр медициналык маалымкатымда жазылган. Кан тамырлар жарылып, эсим ооп жыгылганым изилденген. Өткөн жылы август айында экинчи жолу кайталануучу ишемиялык инсульт алдым. Бул жолкусунда абдан оор болду. Анысы аз келгенсип, боордун циррозу, боордун 3-стадиядагы рак оорусу пайда болуптур. Мунун баары өпкө-боорум эзилип, абдан катуу сабалгандан улам экендигинде шегим жок", - деген ал.

Кой-Таштагы операциянын хронологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG