Бейшембиде Европа парламенти "Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, айрыкча Темирлан Султанбековдун иши боюнча" деген резолюция кабыл алды. Документте Кыргызстан демократия жолунан тайганы айтылат. Резолюцияны 492 депутат колдоп, 28и каршы добуш берди, 41и катышкан жок.
Европалык депутаттар өзгөчө “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун “күмөндүү жүйө менен” кармалганына токтолуп, кыргыз өкмөтүнүн медианын эркиндигине, сөз эркиндигине, саясий оппозицияны куугунтуктоого, журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин камалышына камтамасын билдиришти.
Европарламент Султанбековду жана партиянын калган мүчөлөрүн дароо бошотууга, Еврошаркет менен Кыргызстан ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырды.
Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган Султанбеков ачкачылык кармап отурганына 36 күн болду.
Султанбековдун маселеси Страсбургда буга чейин да көтөрүлгөн. 25-ноябрдагы жыйында Испаниядан шайланган депутат Начо Санчес Амор тынчсыздануусун билдирген.
27-ноябрда Европарламенттин депутаттары – испаниялык Хана Жаллуль Муро жана португалиялык Бруно Гонкальвеш да кайрылуу таратып, кыргыз бийлигин Султанбековду бошотууга жана Социал-демократтар партиясынын укуктарын калыбына келтирүүгө чакырышкан.
Социал-демократтар партиясы лидеринин фундаменталдык укуктарын жана партиянын укугун калыбына келтирүүгө жетишүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссариатына кайрылды.
14-ноябрда “Социнтерн” уюму эл аралык бирикменин эң жаш вице-президенти Темирлан Султанбековдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун сайтына чыккан билдирүүдө Султанбековго суракта талапкерлигин алып салуу сунушу менен басым жасалганы, адвокаты менен жолуктурбай жатканы демократиялык принциптерге каршы келери айтылат.
Эл аралык уюм кыргыз бийлигин мыйзамдарды сактоого, эл аралык коомчулукту - Европарламентти, ЕККУну Султанбековду боштондукка чыгарууга жана Кыргызстандагы демократияны коргоодо тилектеш болууга чакырды.
2022-жылы ноябрда Султанбеков “Социнтерн” эл аралык уюмунун вице-президенти болуп шайланган. 126 өлкөдөгү 150 партиянын башын бириктирген “Социалисттик Интернационал” (“Социнтерн”) уюму 158 жыл мурун түптөлгөн.
Көз карандысыз медиага кысым
Европарламенттин реолюциясында "Клооп", "Темиров Live", "Айт Айт Десе" жана "Азаттык" өңдүү көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары куугунтукка кабылып жатканы да белгиленет.
Резолюцияда журналисттер Махабат Тажибек Кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевадан айыптарды алып салуу зарыл экени айтылат.
18-декабрда Бишкек шаардык соту "жапырт башаламандыкка" айыпталган төрт журналисттин ишин карап, Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Махабат Тажибек кызы коюлган айыптарга макул эместигин кайталады. “Толугу менен күнөөмдү мойнума алган жокмун жана кандай кылмыш иши козголуп жатканы тууралуу да эч нерсе түшүнгөн жокмун. Менин командама коюлуп жаткан айыптар менен макул эмесмин”.
Ал эми Азамат Ишенбеков 11 айдан бери камакта отуруп, коррупцияга шектелип кармалгандарды сот эркиндикке чыгарып жатканына күбө болгонун айтып, оор абалда жаткан чоң энесине жазган ырын окуп берди.
“Апакебай, балаң жакшы камактагы,
Алла буюруп койсо калат баары.
Азаматың акыйкатты сүйгөн үчүн,
Айып менен каматышкан каяктагы".
Үч жылдык пробация жазасы менен абактан бошонгон журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева күнөөнү мойнуна албай турганын айтышты.
Адвокат Нурсултан Жаныбеков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди.
16-январда Ички иштер министрлиги Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүн тинтип, өздөрүн кармап кеткен. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Буга чейин 11 журналисттин ичинен жетөөнүн аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров соттун чечими менен эки жыл мурда өлкөдөн чыгарылган. Ал бийлик башындагылар жемкорлукка аралашканы тууралуу иликтөөлөрү үчүн "өч алып жаткан болушу мүмкүн" экенин айткан.
Быйыл 16-июлда Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечим кабыл алды.
“Клооп Медиага” каршы кылмыш иши 2023-жылдын август айында Бишкек шаарынын прокуратурасы жазган арыздын негизинде козголгон. Анда “Клооп Медиа” маалымат каражаты катары каттоодон өтпөстөн, уставында жазылбаган ишмердүүлүк менен алектенгени белгиленген. Ошондой эле айыптоочу мекеме Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдүн себеби катары “Клооп” басылмасын көрсөткөн. Прокуратура “Клооптун” материалдары "жарандардын аң-сезимине жана ой жүгүртүүсүнө терс таасир этүүдө" деп эсептеген. “Клооптун” жетекчилиги бул айыптарды абсурд катары четке каккан. Былтыр сентябрда “Клооп медианын” веб-сайты жабылган.
Бул чечимди президент Садыр Жапаров комментарийлеп жатып, “Клооп Медиа” жабылганы тууралуу кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуганын, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айткан.
Талаштуу мыйзамдардын таасири
Европарламент депутаттары ошондой эле расмий Бишкекти “жалган маалымат таратуу” жана “чет элдик өкүлдөр” тууралуу мыйзамдарды жокко чыгарууга, "Украинадагы баскынчы согушка байланыштуу Орусияга киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө" үндөдү.
Соңку үч-төрт жылдын ичинде медиа коомчулугун чочулаткан, ЖМКнын ишин чектеген же оорлоткон бир нече мыйзам да кабыл алынды.
19-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Коомчулукта анын текши иштешине күмөн санагандар да бар. Ошол эле малда мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деген кооптонуулар айтылып жатат.
Документке президент кол койсо, эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.
Быйыл апрелде президент Садыр Жапаров “Чет элдик өкүл” мыйзамына кол коюп, “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт" деп билдирген. Мыйзам чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдардын Кыргызстандагы саясий процесстерге аралашуусуна чектөөлөрдү коёт. Арийне, жарандык коомдун өкүлдөрүн мыйзамда каралган “саясий ишмердик” деген тизме нааразы кылып келет. Ал тизмедеги иштерге баш салган уюм “чет элдик өкүлдөрдүн” реестрине катталууга милдеттендирилген.
Парламент 2021-жылы августта “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Жарандык коом менен бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы гана иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип, бир топ каршылык көрсөтүшкөн. Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. Бийлик койгон доомат эске алынбаса, анда басылманы жоюу чарасы көрүлөт.
Кыргыз бийлиги мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип, өлкөдө сөз эркиндиги менен катар эле жоопкерчилик да болушун белгилеп жүрөт.
Бишкектин жообу: Кыргызстандын сот жана тартип коргоо органдарына кысым көрсөтүү аракети
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү резолюциянын кабыл алынышына байланыштуу билдирүү таратты. Мекеме Султанбеков шайлоочулардын добушун сатып алуу, үгүтчүлөрдү жашыруу жана башка мыйзамга каршы келген фактылардын негизинде кармалганын, сот аны жана эки партиялашын кармоону мыйзамдуу деп тапканын белгиледи.
Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы сот иштерине кайрылып, ТИМ 18-декабрда сот төрт журналисттин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганын, алар массалык башаламандыкка чакырганы үчүн айыптуу деп табылганын, бул иштеги калган жети журналист акталганын билдирди.
Тышкы саясий мекеме сөз болгон резолюцияны Европараменттин Кыргызстандын сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады. ТИМ ошондой эле кыргыз тараптын “өз ара урматтоо жана ички иштерге кийлигишпөө принцибине негизделген диалогго даяр экенин” белгиледи.
Быйыл июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгиядагы сапарынын жүрүшүндө “Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган.
Шерине