"Чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун"
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткенин алгач социалдык тармактарга жазып, кийин өзү "Азаттыкка" ырастады. Ал мындай кадамга коопсуздуктан улам барганын билдирди.
Укук коргоочунун айтымында, кол телефонуна чалып, социалдык тармактар аркылуу мазактап, коркуткан адамдар пайда болгон.
"Чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан кийин, кетүүгө аргасыз болдум. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алгам, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, "курултайга чакырылган" дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, электрондук почталарыбызга чейин текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир", - деди Абдирасулова.
Укук коргоочу кайсы өлкөгө чыгып кеткенин ачыктаган жок. Анын мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.
"Укук коргоонун сапатына таасир берет"
Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Абдирасулова сыртка чыгып кеткенден кийин Фейсбукка мындай пикир калтырды.
Азиза эже менен өзүм сүйлөшүп бул маалыматтын чын экенине ынандым. “Үйүмдү кечкисин эки машина, 5-6 жигит тооруп, ар жактан коркутуулар келе баштаганда кетүүгө мажбур болдум” деп тастыктады. Азиза эженин аргасыздан өлкөдөн чыгып кетиши өлкөдөгү адам укугун коргоонун сапатына таасир берет, Кыргызстандын эл аралык аброюн Европарламенттин резолюциясынан кийин дагы начарлатат, Түркмөнстан менен Түндүк Кореяга дагы бир кадам жакындатат", - деди Жээнбеков.
“Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюмунун директору Төлөкан Исмаилова Абдирасулованын сыртка чыгып кетиши азыркы бийлик үчүн чоң коңгуроо экенин белгиледи.
"Курултайдагы президенттин айтканы коркунуч эле эмес, кол салууга тете. Анткени бир дагы президент соттун чечимисиз айып тага албайт. Ошондо бир катар биз сыйлаган журналисттерди жана медиа каражаттарын атады. Бул деген журналисттерге, алардын уюмуна жана Азиза Абдирасуловага коркунуч алып келген мезгил башталды дегенди билдирет. Себеби президент өзү айтып жаткандан кийин калганы аны аткарат да. Азыр баары үй-бүлөсүн, балдарын дагы каралап жатат. Бул куугунтук деп эсептелет. Жакшы түшүнгөн адам бирөөнүн үй-бүлөсүнө, акчасына, банктагы эсебине, ишине кийлигишпеши керек"
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова буга чейин да бир топ коркутуулар болгонун айткан. Маселен, 2022-жылы 15-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча отуз чакты адам кармалганына нааразылык кылып, митингге чыккандарды милиция кууп тараткан. Ошол кезде ал жерде мониторинг кылып жүргөн укук коргоочуну кошо кармап кетишкен.
Биринчи май райондук соту укук коргоочуга "милиция кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн" 3миң сом айып салган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту аны жокко чыгарган.
Укук коргоочу былтыр августта үйүнө белгисиз адамдар келип, кирүүгө, телефонун алууга аракет кылганын айтып чыккан. Ал мунун артында күч кызматтары турат деген шектенүүсүн ачыкка чыгарып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага кайрылган.
Бийликтин жообу
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 30-декабрдагы маалымат жыйында Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетиши боюнча журналисттердин суроосуна мындайча жооп берди.
"Журналисттердин өлкөдөн чыгып кетиши алардын өз иши, аларды эч ким чыгарып салган жок. Укук коргоочунун кетиши да өз иши. Бирок Кыргызстанда демократия процесси артка кайтпайт. Биз эл аралык уюмдардын алдында да айтып жатабыз. Ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу. Бирок жалган айтып, бирөөнү маскаралабаш керек. Экинчиден, мамлекеттин коопсуздугуна зыяны тийбеш керек".
Буга чейин президент Садыр Жапаров 21-декабрда III Элдик курултай учурунда бир катар бейөкмөт уюмдарды жана көз карандысыз медиаларды сындап, анда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын да ысымын атаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 30-декабрда "Азаттыкка" курган маегинде өлкө башчысы укук коргоочуну сыйлай турганын айтып, курултай учурунда президенттин колуна туура эмес маалымат тийгенин белгиледи.
Байсалов Абдирасулованы өлкөгө кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлө турганын билдирди.
"Өз учурунда президентибиз Садыр Жапаровго болушкан Азиза Абдирасуловага сын айтылганы туура эмес болуп калды. Мен курултайдан кийин дароо Азиза эжеге чалып, "туура эмес иш болуп калды, кандай болсо да сиздин дарегиңизге айтылбашы керек эле, таарынбаңыз, терикпеңиз. Кээде мамлекет башчысына маалымат берилип, берилбей калат экен, Садыр Нуркожоевичтин сизге кастык, душмандык сезими жок" деп айткам. Азыр ага эч кандай коркунуч жок. Биз дагы тийиштүү органдар аркылуу, өзүбүз дагы айттырып, эжени сооротуп, карыганда башка мамлекеттен башпаанек издетүүгө эч кандай негиз жок", - деди Байсалов.
Азиза Абдирасулова ким?
67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы "Кылым шамы" бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.
2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердүүлүгүн улантып жаткан.
Абактагы ишкер Имамидин Ташовдун, камакка алынып кийин акталган 11 журналисттин жана бир катар саясатчы, активисттерден тартып, катардагы жөнөкөй жарандардын укугуна чейин коргоп келет.
Шерине