Мындай пикири менен “Батыш-Чыгыш” иликтөө борборунун жетекчиси, саясат таануучу Арастун Оружлу “Азаттыкка” курган маегинде бөлүштү.
"Азаттык": Акыркы алты айдын ичинде эле Анкарада үч чоң жардыруу болду. Андан тышкары Стамбулда, Түркиянын башка аймактарында да бир катар теракттар жасалды. Сиздин оюңузча, расмий Анкаранын терроризмге каршы күрөштү күчөтүү саясаты тескери жыйынтык берген жокпу?
Арастун Оружлу: Негизинен бул күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени Түркиянын дээрлик бардык тарабында толугу менен согуш жүрүп жатат. Бир жагынан Ирак, ал жакта бийликтин алсыздыгынан улам ар кандай террордук топтор күч алып кетишти.
Түштүк жагында Сирияда эмне болуп жатканы баарына маалым, аймак дээрлик көзөмөлсүз калды. Ал тарапта да ар кандай экстремисттик күчтөр басымдуулук кылат. Ага кошумча Сирияда Асаддын да террорчул режими бар. Албетте мындай кырдаалда Түркия үчүн бул өлкөлөр менен чек аралаш болуп, өз аймагына үч миллиондой качкынды киргизүү менен терроризмден коргонуу өтө кыйын.
Анын үстүнө дүйнөдө терроризмден эч ким толук 100 пайыз сактана албайт. Маселен, ошол эле 11-сентябрдагы окуяларды алалы, же болбосо жакында эле Францияда болгон кандуу калаба. Бул деген терроризм менен күрөш 100 пайыз натыйжалуу болбойт дегенди билдирет.
Менимче, Түркия бир канча убакытка чейин Сириядагы же Ирактагы террористтик топторго лоялдуу болуп келген, аларга кийлигишкен эмес, аларга каршы күрөшкөн эмес. Анткени Анкара алардын бутасына илинүүнү каалаган эмес. Мындан улам түрк бийлиги ар кандай сындарга кабылып, атургай экстремисттер менен кызматташып жатат деген айыптоолор да айтылып келди. Эми Түркия эл аралык терроризмге каршы күрөшкө кошулуп, аскерий операциялар активдеше баштаганда күтүлгөндөй эле чабуулдарга кабылды. Азыр Түркия ар кандай экстремисттик топтордун бутасында калды. Түркия азыр оор абалда деп айтсак болот.
"Азаттык": Жекшембиде болгон жардыруудан кийин өкмөттүк күчтөр Ирактын түндүгүндөгү күрт кошуундарына сокку урууну күчөттү. Бул нерсе тирешүүнү кайра күчөтүп жибербейби?
Арастун Оружлу: Менимче, бир жагынан эч ким террористтер менен тынч сүйлөшүүлөргө барбайт. Негизинен бардыгы эле күч колдонушат. Ал эми күрттөрдү алсак, булардын абалы бир аз башкача. Анткени күрттөр Түркияда, Ирак менен Сириянын Түркия менен чектеш аймактарында жайгашкан. Мына ушундан улам Анкара күрттөр менен кандайдыр бир тынчтык жолу менен элдешүүнү караштырыш керек.
Бул жерден Ирактык күрттөргө караганда сириялык күрттөр Анкарага көбүрөөк коркунуч жаратат. Анткени алар Түркиядагы күрттөр менен көз карандысыз күрт мамлекетин түптөөнү көздөп жүрүшөт.
Анкаранын позициясы жакынкы союздашы делген АКШ менен да бир багытта болбогону дагы абалды бир аз курчутууда. Маселен Вашингтон түрк бийлигин күрт куралдуу күчтөрүн аткылоону токтотууга чакырып келет, анткени Кошмо Штаттар күрттөрдү Асадга каршы чыккан оппозициялык күч деп карайт. Ошондой эле күрт факторун ушул тапта Иран жана Москва да өз кызыкчылыгына колдонуп келатат. Ал эми Москва менен Түркиянын мамилеси жакшы деп айтуу кыйын эмеспи. Күрт фактору Түркияны туңгуюкка кептеди десек жаңылышпайбыз.
"Азаттык": Мындай окуялардан соң президент Эрдогандын жикчил күрттөр менен элдешүү, аларды интеграциялоо жараяны туңгуюкка кептелди деп айтса болобу?
Арастун Оружлу: Азырынча жок. Күрт кошуундары ар кайсы өлкөдө бири-биринен айырмаланып турушат. Айрымдары ич ара да бир пикирге келише алышпайт. Мен Түркия өз ичиндеги күрттөр менен келишип алса, ички саясатка коркунуч туулбайт эле деп ойлойм. Ал эми сырткы факторду жайгаруу оңой.
"Азаттык": Эми Түркия экстремизмге каршы күрөштө стратегиясын өзгөртүшү мүмкүнбү?
Арастун Оружлу: Мен мындан ары тирешүү курчуй берет деген ойдомун. Эгер теракттар улана берсе Батыш өнөктөштөрү Түркияны колдогонго мажбур болушат. Муну расмий Анкара түшүнүп турат. Эгер теракттар дагы күчөй берсе Вашингтон, Брюссель анда же күрт кошуундарын, же Анкараны тандашы керек. Менимче Түрк бийликтери күрт куралдуу кошуундарына каршы күрөштө анын өнөктөштөрү Анкараны колдоо чечимин кабыл алат деген ишеничте турат.