Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Түштүк Корея президенти Пхеньянга барды


Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, 18-сентябрь, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, 18-сентябрь, 2018-жыл.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин 18-сентябрда Пхеньянга барып, Ким Чен ын менен жолугушту.

Бул эки лидердин быйылкы жылдагы үчүнчү саммити. Апрель жана май айларында өткөн саммитте алар Корей жарым аралын өзөктүк куралдан “толук” арылууну жана 65 жыл мурда токтогон корей согушуна акыркы чекитти коюну убада кылышкан.

Үч күндүк визит менен Пхеньянга келген Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инди аба бекетинен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү тосуп алды. Андан соң эки президент бир автоунаага отуруп, сүйлөшүүлөр өтө турган "Пэкхвавон" резиденциясына сапар алышты.

Эки лидер бараткан кезде көчө бойлой тизилген миңдеген түндүк кореялыктар "Биригүү" деп кыйкырып турушту. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин:

- Эгер түштүк кореялыктар бизди түндүк кореялыктар кандай тосуп алганын көрсө, алар да сыймыктанып, сезимдерге бөлөнөт. Алар бул саммиттин жыйынтыгы олуттуу болот деп ойлошот.

Түндүк жана Түштүк Кореянын президенттери.
Түндүк жана Түштүк Кореянын президенттери.

Үч күндүк саммиттин күн тартибинде Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасын токтотуу, Вашингтон-Пхеньян жана эки Корея мамилесин жакшыртуу маселелери бар. Ким Чен Ын:

- Президент Мун Чжэ Инди жылуу тосуп алганыбыздын белгиси: биздин эл буга чейинки болгон жыйынтыктардай, тез жана чоң натыйжалар болот деп үмүттөнөт. Биз элдин күтүүсүн жана үмүтүн унутпай, тез ылдамдыкта иштеп, чоң жыйынтыктарга жетишибиз керек, - деди.

Бул Түштүк жана Түндүк Корея президенттеринин быйылкы жылдагы үчүнчү саммити. Ага чейинки жолугушуулар апрель жана май айларында өткөн. Анда эки өлкөнүн лидерлери 65 жыл мурда токтогон, бирок азыр да согуш абалында деп эсептелген жагдайга акыркы чекит коюучу тынчтык келишимине жетишүү, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу ниеттерин билдиришкен.

Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын акыркы жолугушуусу 12-июндагы АКШ-Түндүк Кореянын саммитинин алдында болгон.

- Саммиттин биз үчүн мааниси чоң. Менимче, азыркы маселелер Кошмо Штаттары менен Түндүк Кореянын ортосундагы иштерге гана байланыштуу. Түштүк Корея өзүнүн колунан келгендин баарын жасады. Ошондуктан мен Мун Чжэ Ин бул масеге көп көңүл бурбастан, өлкөнүн ичиндеги иштер, экономика менен алпурушат деп ойлойм, - деди Түштүк Кореянын тургуну Пу Хо Жин.

Бул Түштүк Корея президентинин кошуна өлкөгө жасаган акыркы 11 жылдагы биринчи сапары.

Түштүк Кореянын өзүндө бул саммитти колдобогондор да бар. Сеулдагы демонстрациянын катышуучусу, 52 жаштагы Ян Еун Жу сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпайт деген ойдо:

- Көптөр бул жолугушууну “эки Кореянын саммити” деп айтып жатышат, бирок бул “дурус саммит эмес”. Түндүк Корея татыктуу мамлекет болбогондуктан, ал биздин өнөктөш боло албайт. Алар өзөктүк куралдан арылуу ишин чындап аткарышы керек. Алар глобалдык компаниялардын түштүк кореялык жетечилеринен акча алууну көздөгөн чайкоочулугун токтотушу зарыл.

1950-1953-жылдардагы согуштук аракеттер токтогону менен эки Кореянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган эмес. 2018-жылга чейин баллистикалык ракеталарын жана өзөктүк бомбаларын тынымсыз сынап, эл аралык коомчулуктун сынына кабылган Түндүк Корея быйыл жыл башында дипломатиялык аракеттерин жанданткан.

"Кылым жолугушуусу" деп сыпатталган АКШ – Түндүк Корея саммити 12-июнда Сингапурда өтүп, "Корей жарым аралын куралсыздандыруу" зарылчылыгын, Түштүк Корея менен ымаланы бекемдөө маселелери сүйлөшүлгөн.

29-августта президент Дональд Трамп Түндүк Пхеньян менен иш уланып жатканын, бирок "АКШнын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу аракетине тоскоолдук жаратууда" деп Кытайды күнөөлөгөн. Расмий Бээжин бул айыптарды четке каккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG