Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйдын орус өкмөтүнө каршы арызын карап, акыркы чечимин жарыялаганы жатканда ушундай окуя болду.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы жана коррупцияга каршы активист Алексей Навальный 13-ноябрда билдиргендей, ал Москванын аэропортунан сот аткаруучулардын чечиминин негизинде чыгарылган жок. “Чек ара кулпуланды. Жок эле дегенде мен үчүн”, деп жазды оппозиционер Интернеттеги баракчасында.
Расмий документте Навальныйдын өлкөдөн чыгышына чектөө коюлганы гана көргөзүлүп, бирок анын себептери ачык айтылган эмес.
Навальный - президент Владимир Путинди жана Кремлди сындап жүргөн саясатчылардын эң көрүнүктүүсү. Ушу тапта Адам укуктары боюнча Европа соту “Навальныйдын 2012-2014-жылдар аралыгында митингдерде кармалып, камалышынын саясий жүйөсү барбы?” деген маселе боюнча жыйынтык чечимин жарыялаганы турат. Соттун баш кеңсеси Страсбургда жайгашкан. Саясатчынын өлкөдөн чыгышына жол бербеген бийликтин аракети ошол чечимдин алдында болуп отурат.
Адам укуктары боюнча Европа сотунун Чоң палатасы өз өкүмүн 15-ноябрда чыгарышы күтүлүүдө. Сотко орус бийлигине каршы арыз менен Навальный өзү жана анын адвокаттары Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын негизинде кайрылган эле. Конвенцияны Орусия да ратификациялаган. Страсбургда анын иши боюнча буга чейинки эң соңку отурум быйыл 24-январда болгон.
Бийликтин уруксаты - оппозицияны саясий жактан кемсинтүү.
- Мен соттон бул иштердин баарынын айланасындагы саясий контекстти кароону суранам. Бул жөн гана беш иш эмес. Бул биздин жыйын өткөрүү укугубузду жерүүнүн системасы. Акыркы беш жыл ичинде мен жана менин кесиптештерим Москванын борборунда митинг өткөрүүгө канча жолу уруксат ала алдык? Нөл. Ушундай уруксатты Санкт-Петербургда канча ирет ала алдык? Нөл. Коррупцияга каршы чыккысы келген башка адамдар ири шаарлардын борборунда жыйын курууга канча жолу уруксат ала алышты? Бир да жолу ала алышкан жок. Бийликтин уруксаты - оппозицияны саясий жактан кемсинтүү, - деген эле Навальный Адам укуктары боюнча Европа сотунда быйыл январда сүйлөгөн учурунда.
Страсбургдагы сот буга чейин 2017-жылдын февралында “Орусиянын өкмөтү Навальныйды 2012-2014-жылдардагы митингдерде жети жолу кармаганы үчүн ага 63,7 миң евро кенемте төлөп бериши керек” деп чечкен. Сот жараян учурунда орусиялык оппозиционердин жүйөлөрүн колдоп, “бийлик анын тынч жыйындарды өткөрүү укугун бузган” деп тапкан.
Навальный акыркы жылдары Орусиянын аймактарында коррупцияга каршы бир нече демонстрацияларды уюштуруп, баяндамаларды жарыялаган. Ал быйыл акыркы айларда эле митингдер менен байланышкан административдик айыптардын негизинде 50 күндөй абакта олтуруп, 14-октябрда бошонгон.
Экономикалык жана саясий реформалар боюнча Москвадагы борбор өткөн аптада баяндамасын жарыялады. Андагы маалыматттарга караганда, 2017-жылдын 1-октябрынан 2018-жылдын 30-сентябрына чейин Орусиянын аймагында катталган пикет, митинг, жүрүштөрдүн саны кыйла көбөйүп, 2526га жеткен. Алардын 13% Алексей Навальный жана анын командасы уюштурган.