Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Умар, Салиха, Али. Ысымдан чыккан талаш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялаган тизмеде соңку мезгилде ымыркайларга арабча ысымдар көп ыйгарылганы байкалат.

Кыргызстанда 2024-жылдын алты айында 70 миңге жакын бала төрөлгөн. Алардын 33370и кыз болсо, 35359у уул.

Бул ымыркайлардын ичинен 2043 кызга Салиха, 3667 балага Мухаммад деген ысым берилген.


Мындан сырткары баяндамадан кыздар арасында Фатима, Айлин, София, Амина, Алия, Раяна, Аиша, Хадича, Аруузат, балдар арасында Умар, Али, Рамазан, Амир, Билал, Усман, Алихан, Нурислам, Мухаммед ысымдары эң көп коюлганын көрүүгө болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы.

"Өзүбүз түшүнбөгөн аттарды коё беребиз"

Негизинен Кыргызстанда балага кандай ат коюуну эч бир мыйзам жөнгө салбайт, бул жөрөлгө анын ата-эне, жакындарынын эркинде.

Деген менен дин таасиринен улам башка тилдеги ысымдар басымдуулук кылып, улуттук ысымдар менен төл сөздөр жоголуп кетет деп чочулаган кыргызстандыктар да арбын.

Маселен, акын Бурулкан Карагулова башка тилде ат коюуга байланыштуу бир топтон бери эле пикирин социалдык тармактар аркылуу билдирип келет:

"Албетте, ата-бабабыз ислам динин кабыл алгандан кийин биз деле мусулманбыз. Бирок ушул арабча аттарды коё берүү менен бара-бара таптакыр эле кыргызчылыгыбыз жок болуп кетеби деп корком. Ошондуктан улут уңгусун сактайбыз десек, кыргызча ысымдарды ыйгарып, кайра өзөгүбүзгө кайтыбышыз керек".

Кыргызстанда арабча аттардын эң көп коюлганы быйылкы алгачкы жогорку көрсөткүч эмес. Бул бир топ убакыттан бери эле байкалат. Маселен, мындан жети жыл мурда деле өлкөдө балдарга Умар, кыздарга Раяна деген ысымдар эң көп ыйгарылганын Мамлекеттик каттоо кызматы жарыялаган.

Белгилүү кыргыз таануучу, этнограф Сулайман Кайыпов да улут өзүнүн аттарына ээ болмоюнча улуттук идендүүлүккө зыян келе берет деген ойдо:

"Ханафий мазхабында улуттук аттарды коё берет. Ал эч качан ислам дининин парздарына каршы келбейт. Биз ошого карабастан өзүбүз түшүнбөгөн, билбеген аттарды коё беребиз. Негизи, адамдар өзүнүн улуттук аттарына ээ болмоюнча, ар кандай жер-сууларга берген аттар улуттук негизде өнүкмөйүнчө, биздин улуттук иденттүүлүгүбүзгө зыян келе берет. Анткени ошол аталыштардын бардыгы биздин этно-маданий коддор болуп эсептелет".

Анткен менен Кайыпов бул тенденция утурумдук экенине ишенет:

“Ушул боюнча барып эле туңгуюкка киребиз деген кеп жок. Дайыма тарых өзү ушундай өнүгөт. Бир убактарда бир нерсе мода болуп кетет. Анан кайсы бир учурларда башка нерсе бааланат. Анан акырында улут өзүнүн негизине кайтат. Улут өзү жашап турганда баалуулугунан таптакыр бөлүнүп кетүүгө мүмкүн эмес”.

"Баланын аты эмес, заты кыргыз болушу керек"

Дин таануучу Иманбек Азизилла уулу улуттук нарк менен диний баалуулуктарды карама-каршы койбош керек деген пикирде:

"Балага ысым ыйгаруу - ата-эненин укугу. Ата-эне көөнө кыргызча ат коёбу, исламий ысым береби, же кайсы бир окумуштуунун атын ыйгарабы, өзү билет да. Байкашымча, айрым адамдар ислам ысымдарына өтө эле кастык мамиле күтүп жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Балага исламий ысым коюу кечээ-бүгүн чыга калган жок да. Кыргыз эли мусулманчылыкты кабыл алгандан бери карай мындай ысымдарды көмөкөйгө ылайыктап коюп келет. Мисалы, Абдылда (Абдулла), Ыбырай (Ибрахим), Жусуп (Юсуф), Жапар (Жаъфар), Калык (Холик), Мукамбет (Мухаммед), Байымбет (Бай-Мухаммед), Алмамбет (Ал-Мухаммед), Нурмат (Нур-Мухаммад), Акмат (Ахмад), Аалы (Али), Абакир (Абубакр), Осмон (Усман), Омор (Умар), Садык (Содик), Ашык (Ашик), Керим (Карим), Асан (Хасан), Үсөн (Хусейн), Адыл (Адил), Максат (Максод), Азамат (Азоомат), Айша (Аиша), Кадича (Хадижа), Батма (Фатима), Зуура (Зухро), Зулайка (Зулайха), Бактыгүл (Бахт), Мариям (Марйам), Минавар (Мунаввара), Нургүл (Нуур), Алия (Алия), Жамиля (Жамийла) ж.б. Мындан сырткары түпкүрү фарсий аттар да аз эмес. Исламий ысымга каршы чыккандарды карасаң, өзүнүн атында же фамилиясында арабизм бар. Бул эми трагикомедия да. Андыктан ысым маселесинен чочулап, ыксыз дуулдай бериштин кереги жок. Улутмандык маселесине келсек, баланын аты эмес, балким, заты кыргыз болушу талапка ылайык. Бокмурун же Итибай деген атты алып жүрүп, бирок Мекенге чыккынчылык кылгандан оор кылмыш барбы".

"Умарды - Омор, Фатиманы - Батма деп коё беришсин"

Кыргыз эли ислам динин кабыл алгандан бери эле күнүмдүк турмушта колдонор сөздөр менен катар адамдар арасында арабча аттар жапырт жайылганы маалым. Ошол эле маалда советтик доордун да таасири тийбей койгон эмес.

Бирок кабыл алынган сөздөр, адам ысымдарынын дээрлик көпчүлүгү сингармонизмге баш ийип, кыргызстандыктардын көөдөнүнө сиңип, төл сөзгө айланып кеткен.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министринин орун басары Марат Тагаев адам ысымдары жаатында маселе бар экенин айтып, реформа жасоо ашыкча болбойт дейт:

"Улуттук кимдигибизди, элди калыптандырууда жана сактап калууда адам аттарынын мааниси зор. Бир эле үй-бүлөдө Манас, Жакып, Сейтек, Батма өңдүү салттык ысымдар менен катар Клара, Советбек, Спутникбек, Нестан, Феликс, Эрнис сыяктуу советтик доордо пайда болгон ысымдар бар. Ошону менен катар ислам дини кыргыз элине келгенден кийин пайда болгон Мукамбет, Мамат, Омор, Аалы, Жусуп сыяктуу аттар белгилүү. Албетте, бул аттарды коё беришсин. Бирок биз адам ысымдарына байланыштуу реформа кылсак да артыкбаш болбойт. Себеби азыр кыргыз тилине ыңгайланышып калган адам аттарын кайра өзгөртүүгө учуратып жатышат. Мисалы, Мамбет, Мукамбетти - Мухаммад, Өмөрдү - Умар, Жусупту - Юсуп, Айшаны - Аиша деп жазып жатышат. Бул бир гана ислам маданиятынын улам кирген аттарга эмес, советтик доордо кирген ысымдарга да тиешелүү. Маселен, белгилүү саясатчылардын фамилиялары да өзгөрүүгө учурап кеткен. Субаналиев - Суваналиев, Түлөбаев - Тулобаев деп жазылып жүрөт".

Жаңы мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо коомчулукта кызуу талкууга алынган маселелерде интеллигенция чөйрөсү үн катып турса деген оюн айтты. Эл өкүлү жакын арада адам ысымы менен фамилиясы боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатыптыр:

"Балага кимдин ысымын койсо сөзсүз эле ал ошол адамга окшошуп калат деген кеп эмес да. Мухаммед деп ысым ыйгарса эле Мухаммед пайгамбардай болуп калбайт, же Манас койсо эле Манас баатыр болуп калбайт. Ушунун баарын талкууга коюп, анан кыргызча эле жакшы аттарды койсок туура болот деген пикирдемин. Биз азыр жакында фамилиядагы “-ов” менен “-ичти” алуу боюнча мыйзам демилгелеп жатабыз. Негизги мыйзам демилгечиси менмин. Маселен, кыргызча адам аты менен фамилиясы Олжобай Шакир дегендей эле болот. А ким кааласа “-ов” “-ич” бойдон кала берет. Жакында коомдук талкууга коюлат".

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда Кыргызстанда күнүнө 350-400дүн тегерегинде бала жарыкка келет. Калктын санынын өсүшү бир жылда 150-160 миңге жакын, ал эми адамдын өлүмү бир жылда 30 миңге чейин катталат. 2010-жылы кыргызстандыктардын саны 5 миллион 400 миң адам болсо, 2022-жылы 7 миллионго жеткен. Мындан үч ай мурдагы көрсөткүч боюнча учурда өлкө жарандарынын саны 7 миллион 2 миңден ашты.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG