
Кыргызстанда быйыл сентябрдан тартып жол эрежесин бузган айдоочу токтотулган жеринде эле жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Мындай талап коомчулук жана талдоочулар арасында түрдүү пикир жаратууда.
Эгерде жол эрежесин бузганы үчүн деп токтотулган айдоочу суроолорго жооп бере албаса, анын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, жаңыдан сынак тапшырууга милдеттүү болот. Мындай эреже президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен киргизилип жатканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт бул Кыргызстанда жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн көрүлгөн чара экенин айтууда. Эксперттер бул ыкма коррупцияны ого бетер күчөтөрүн эскертип жатат.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, эреже бузган айдоочу жол эрежелерин билбесе, быйыл 1-сентябрдан тартып айдоочулук күбөлүгү алына баштайт да, “Унаа” мамлекеттик мекемесине убактылуу жөнөтүлөт. Айдоочу каалаган убактысында кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү кайтарылат. Сынактан өтпөсө, кийинкиге калтырылат жана сынак тапшыруу төлөмү өсөт. Качан гана айдоочу жол эрежелерин жаттап, сынактан өткөндөн кийин күбөлүгү берилет.
“Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө сынак үчүн 500 сом төлөйт, өтпөй калып, кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу дагы кулап калса, анда төртүнчү жолу сынак тапшыруу айдоочунун капчыгына 4000 сомго турат. Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы”, - деди Аскат Алагөзов.
Фейсбукка жарыяланган маалыматта Алагөзов 1990-жылдардан 2020-жылдарга чейин Кыргызстанда адамдардын көбү айдоочулук күбөлүктү окубай эле алган учурлар көп экенин, күбөлүк 15-20 миң сомдон сатылып келгенин, ушундан улам жол кырсыктары көп болуп жатканын белгилеген.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу азырынча бул эреже кандай иштей турганы белгисиз экенин айтып, сентябрга чейин анын жол-жобосу иштелип чыгарын "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
"Бир жылдын ичинде жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбей өтүү, МАИ кызматкерлеринин токто деген талабына карабай кетип калуу, катуу ылдамдыкта айдоо сыяктуу үч жолу кайталап жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды кошумча квалификациялык экзаменге жөнөтүү деген талап бар болчу. Бүгүнкү күндө айдоочунун мыйзамды бузганын күтүп отурбастан сурамжылоо учурунда эрежелерди толук билбесе сынакка жөнөтүү тапшырмасы коюлуп жатат. Президенттин тапшырмасын биз кечээ гана алдык. Расмий түрдө дагы бизге келет. Өлкө башчыбыз ИИМ менен "Унаа" мекемеси андан аркы жол-жобосун иштеп чыгышы керек деп белгилеген. Балким биз атайын сурамжылоо жүргүзгөн кошумча бөлүм ачабызбы, канча убакытта, кандай кырдаалда иштейт, балким "Унаа" менен чогуу иш-чара жүргүзөбүз, беш айдын ичинде иштелип чыгат", - деди ал.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мекемеси) башкы адиси Бактыбек Жунусов жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан сынактан өткөрүүнүн тартиби тууралуу түшүндүрмө берди.
"Теориялык сынакта 20 суроо берилет. 25 мүнөттүн ичинде анын кеминде 18ине туура жооп берген адам сынактан өтөт. Андан соң практикалык сынак бар. Анда сегиз этап бар. Бир эле этапты тапшыра албай, калганынан өтүп кетсе, ийгиликтүү тапшырды деп эсептелет”, - деди ал.
Өкмөт мындай ыкма менен жол кырсыктарынын санын кыскартууну көздөп жатат. Бирок коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Айрымдар жол эрежесин одоно бузгандарды сынакка кайра жөнөтүүнү кубаттап да жатышат.
30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар автоинструктор Раимбек Султанов кырсыктарды алдын алууну автомектептен баштоо зарыл деп эсептейт:
"Бул адамдык фактор болуп эсептелет. Жол эрежесин билип туруп же өтө жакшы билип туруп деле аны бузгандар толтура. Бул кырсыктарды алдын алат дегенден алысмын. Айдоочулар камера жок жерде же жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкер турбаган жерде бузушат. Жол эрежесин бузган учурда токтотуш керек, негизи ушундай норма бар. Анан бузбаса деле токтотуп, түшүнбөгөн суроолорду берип, кайта-кайта адаштырып сурап, эптеп акча алыш үчүн жасалган нерсе деле болуп калышы мүмкүн да, инспекторлор деле психолог болуп калган. Бул эреже инспекторлор үчүн эле жакшы болуп жатат. Кырсыктарды алдын алуу автомектептерден башталат. Билетти эле жаттап коюшат экзамен тапшырарда, бирок эсинде калбайт ал. Эрежелерди жакшы билип, практикага келгенде айдай албай, ошол эрежелерди сактабагандар толтура. Стажы жок, бир жыл мурун бүтүп эле инструктор болуп жатпайбы. Ошондуктан бул маселени түбүнөн көзөмөлгө алыш керек".
Эксперттер бул ыкма коррупцияны андан бетер күчөтөрүн эскертүүдө. Жол коопсуздугу боюнча эксперт Урмат Казакбаев жол эрежелерин кайталап бузгандар базага түшүп, ошолорду сынак тапшырууга жөнөтүү туура деген ойдо. Ал жол эрежелердин санын кыскартууга эмес, адам өмүрүн алган кырсыктар катталган тилкелерге көңүл бурууга чакырууда.
"Бул ыкманы ушундай түрдө аткара турган болсо миң пайыз чөнтөккө иштейт. Жол кырсыктарынын санын азайтуу биринчи орунда турабы же ошол кырсыктардан адам өмүрү кыйылган учурларды азайтуу маанилүүбү? Экөө эки башка нерсе. Өлүм санын азайтуу үчүн ишти башкача алып барыш керек. Облус аралык жолдордо, мисалы, Чүйдөн Бишкекке кире бериштерде көп адам каза болот. Анткени узак жолдон келатып же катуу ылдамдык менен айдашат. Андан сырткары Ош–Бишкек сыяктуу узак жолдор. Эң биринчи кезекте өлүмдүн жана оор жарааттын санын азайтуу багытында иштеш керек. Бул багытта мурда эле анализ жасалган, аны аныктоо оңой эле. Ошол тилкелерге камера коюп, МАИ кызматкерлери көзөмөл кылышы зарыл. Аны аныктоо үчүн 10-20 жыл МАИ кызматында иштеп тажрыйба топтоонун кажети жок", - деди Казакбаев.
Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулунун белгилешинче, жол кырсыктарынын 91% айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупцияга байланыштуу буга чейин бир топ кызматкер кармалып, жоопко тартылган
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жакында эле алдыда “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашырып, андан кийин “Акылдуу айыл”, “Акылдуу шаар” долбоорлору да колго алына турганын айткан. Аталган мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча 25 миңдей видео камера орнотулат.