“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынагына көрсөтүлгөн талапкерлер менен тааныштырууну улантат. Белгилүү улакчы Сейитбек Анарбек уулу былтыр бутунан оор жараат алгандан кийин машыктыруучулукка өттү.
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынагына көрсөтүлгөн талапкерлер менен тааныштырууну улантат. Алардын бири Кыргызстандагы Көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү, паралимпиаданын катышуучусу Гүлназ Жүзбаева.
Журналист жана публицист, "Азаттыкта" көп жыл эмгектенген Амирбек Азам уулу "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" деп аталган эмгегин жарыкка чыгарды. Китепте XX кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында бийиктикке секирүүдөн Азиянын рекордчусу болгон Тобокел Мамыровдун өмүр жолу баяндалат.
Тилеген Рахатбеков - шахмат боюнча майыптыгы барлар арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Ал апасынын колдоосу менен тагдырдын сыноосун татыктуу жеңип, Азиянын да чемпиону аталган.
Кыргызстандык көзү азиз үч параспортчу бийликтен ипотекага үй алууга жардам сурап кайрылууда. Алар өкмөт өкүлдөрүнө, Мамлекеттик ипотекалык компанияга да барганын айтып беришти.
Белгилүү футболчу Айдана Оторбаева кенедей кезинен турмуштун далай сыноосуна кабылган. Жокчулук, кемсинтүү, атасы менен мамилеси, айтор башынан өткөн окуяларга сынбай, футболдо ийгиликке жеткен. Айдана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынакка көрсөтүлгөн талапкерлердин бейнесин сунуштайт. Санжар Абаев - ат чабыштан Польшанын бир нече жолку чемпиону, Европада жылдызы жанган чабандес.
Ысык-Көлдөгү Каракол чаңгы (лыжа )базасында асма жолду тиреп турган түркүк кулап түшкөн окуянын чоо-жайын Ак-Суу райондук милициясы иликтей баштады.
Жалал-Абад шаарында Регионалдык олимпиадалык резерв мектебинде жарым жылдан бери окуп, машыгып жаткан жеткинчектер мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ала баштады. 2024-жылы сентябрда ачылган мектеп 100 баланы тандап алган.
2024-жыл дүйнөдө жана Кыргызстанда спорттук окуяларга бай болду. Жыл башында Кыргызстандын футбол курамасы экинчи ирет Азия кубогуна катышса, Париж Олимпиадасында эгемендик жылдар аралыгында кыргыз спортчулары эң көп байге алды.
Абакта жаткан жарандар сабалганын жакындары айтып чыгышты. Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда Шахед дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын билдирди. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз беш гана товарга калышы мүмкүн.
21-декабрь Бүткүл дүйнөлүк баскетбол күнү. "Азаттык" бул ирет топ элеген кыздар тууралуу баяндайт.
Дагы жүктөңүз