Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Украинада президент эмки айда аныкталат


Украина -- Өлкөдө добуштардын санагы уланууда. Бирок ушу тапта эле эмдиги айда эки саясий клан - премьер Юлия Тимошенко менен оппозиция лидери Виктор Януковичтин командасы мамлекет башчысынын мандаты үчүн кармашканга камына баштады.
Украина -- Өлкөдө добуштардын санагы уланууда. Бирок ушу тапта эле эмдиги айда эки саясий клан - премьер Юлия Тимошенко менен оппозиция лидери Виктор Януковичтин командасы мамлекет башчысынын мандаты үчүн кармашканга камына баштады.

Украинада жалпы добуштардын 95 проценттен ашыгы саналып бүттү. Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович 36 процентке жакын добуш топтосо, премьер-министр Юлия Тимошенко андан 12 проценттей артта баратат.

Үчүнчү орунда Улуттук банктын мурдагы башчысы Сергей Тигипко келатат, ал эми азыркы президент Виктор Ющенкону шайлоочулардын беш процентке жетпеген гана бөлүгү колдоду.

Шайлоонун биринчи айлампасында күтүүсүз эчтеме болгон жок. Көрсөткүчтөр да жалпысынан эксперттер күн мурунтан болжолдогондой болуп чыкты. Негизги кармаш эми экинчи айлампада болмокчу.

Жергиликтүү айрым байкоочулар ортодогу он проценттей айрымага карабастан премьер Тимошенко эмдиги айдын башталышында президенттик мандатты утуп алышы ыктымал деп кыяз кылышат. Биринчи айлампада жарыштан чыккан талапкерлердин, алардын ичинде азыркы президенттин шайлоочулары өкмөт башчысына ооп кетиши ажеп эмес. Өзгөчө экс-банкир Сергей Тигипко көп ишти чечиши мүмкүн. Азырынча ал эки талапкердин эч кимисин колдобой турганын ырастоодо.

Тимошенко эртелеп эле башкы атаандашына каршы саясий фронт ачты. "Кылмыш чөйрөсүнүн кызыкчылыгын туюнткан Януковичтин президент болгонго кенедей да мүмкүнчүлүгү жок", - деп билдирди ал.

Премьер демократиячыл жамаатты өз тарабына чакырып, аларды бирдиктүү жана кубаттуу күчкө айлантканга, жалпы эсепте өлкөнү европа цивилизациясынын жолу менен алга сүрөгөнгө убада берди.

Виктор Янукович болсо өлкөнүн жарандары өзгөрүүлөрдү каалап добуш бергенин белгилеп, муну шайлоонун башкы жыйынтыгы катары баалады.

Оппозициянын лидери эмдиги айда мамлекет башчысы болуп калса, анда шайлоо алдындагы убадаларын изден тайбай ишке ашыра турганына ишендирди. "Украин мамлекети блокторго кошулбаган өлкө болот, Украина эч кандай аскери альянска эч качан кирбейт – элдин пикири ушундай, муну урматтоо жана эске алуу керек", - деп билдирди Янукович.

Айрым байкоочулар бул эки кландын – Янукович менен Тимошенконун саясий командасынын эл үчүн эч кандай айрымасы жок, ошол себептен экинчи айлампада добуш бергени шайлоочулар аз келет, бирок бийлик үчүн күрөшкөн эки топтун ортосундагы таймаш абдан катуу болот деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG