Элчилик Орусиянын тиешелүү мекемелерине бир нече кайрылуу жөнөтүлгөнүн, айрым мектептерде бош орун жок калганы үчүн мигранттардын балдарын кабыл алууда көйгөй жаралганы маалым болгон. Ушу тапта Москва шаарында жана облусунда 224 бала мектепке кирүүгө кезек күтүп жатканы расмий кабарланды.
"Эки баламды Кыргызстанга жеткирип, мектепке берип келдим"
Кыргызстандык Гүлшан жети жаштагы кызын Москвада 1-класска киргизе албай, "кезек жетип калар" деген үмүт менен отурган (аты өзгөртүлдү-ред.) мигранттардын бири.
"Бир эле кызым бар, орусча мыкты билет. Жаңы эле жетиге толду. Мектептер "бош орун жок" деп албай коюшту. Өзүм жалгыз бой энемин, жардам бере турган жакыным жок. Кыргызстанга да жибере албайм, кичинекей, өзүн эптей албайт, апамдын ден соолугу начар. Бир аз чоңойсо да мейли эле".
Орусия аймагында миграцияда жүргөн Чынара жыйырма жылга жакын убактан бери Москвада иштеп, балдарын кийинчерээк гана алып барган. Быйылкы жаңы окуу жылында "орун жок" деген негиз менен эки баласын мектепке албай коюшканын айтты:
"Мен балдарымды дал ошол мектеп курагына жеткенде өзүм карап, окуусуна көзөмөл кылуу үчүн алып келгем. Улуусу 6-класска, кичүүсү 3-класска кирмек. Мурда биз Москва облусуна караштуу жерде жашап, ошол жактагы мектепке барышчу. Быйыл ишибизге байланыштуу Москванын ичине көчүп келдик. Балдарымды мурдагы мектебинен чыгарып, өзүбүз жашаган райондогу бир канча мектепке арыз жаздым. Бирок баары дээрлик окшош "орун жок" деп жооп берип, алуудан баш тартышты. Менин балдарым орусча аябай жакшы сүйлөйт, бул жакта окуп жатышкан да. Тил билбесе да мейли эле. Балдарын мектепке бере албай, эмгиче "оң жооп болуп калсын" деген үмүттө үйлөрүндө кармап отурган кыргызстандыктар көп экен".
Чынара августтун акыркы күндөрүндө балдарын Кыргызстанга ата-энесине жеткирип берүүгө аргасыз болгонун кошумчалады.
"Жеке мектепке 65 миң рубль төлөп окута албайм"
Коңшулаш Казакстандан Москвага барып, мигрант болуп иштеп жүргөн Марал аттуу келин дагы 4-класста окуган баласын мурдагы эле окуган мектебине киргизе албай жатканын айтып көзүнө жаш алды:
"Башында барсак, "каттооңор жок экен" деп кайтарды. Эптеп батирдин кожойкесине жалынып жүрүп каттоого туруп, аны алып барсак, кыйладан кийин "орун жок" деген жооп келди. Барбаган жерип, какпаган каалгам калбады. Кайра-кайра "албайбыз" деген гана жооп келип жатат. Жаман болуп турам чынында. Кайда барарымды да билбейм. Жеке мектептеринин акысы аябай кымбат экен".
Орусияда мигранттарга балдарын мектепке киргизүү оор болуп жатканын айткан кыргызстандык мигранттардын арыз-муңун "Азаттык" буга чейин да баяндаган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 19-сентябрда Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттар тууралуу кайрадан комментарий берди.
Анда ушул тапта Орусияда жашап жаткан кыргызстандык мигранттардын балдары - жалпы 224 бала мектепке кире албай, кезек күтүп турушканы кабарланган.
"Үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап бул маселеге байланыштуу элчилик тарабынан Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына - президентинин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуу жөнөтүлгөн. Мындан сырткары элчиликтин жетекчилиги тарабынан Орусиянын тышкы саясат мекемеси жана президенттик администрация менен бир нече жолу консультациялар өткөрүлгөн. Ошондой эле бул маселе 10-июлда Красноярск шаарында өткөн Орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында да Орусия тарап менен талкууланган".
Билдирүүдө элчилик WhatsApp мессенжеринде түзүлгөн топ аркылуу жарандар арасында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы белгиленген.
"Орусия тараптан берилген маалыматка ылайык, балдарды билим берүү мекемелерине киргизүүдөгү кыйынчылыктар биринчи кезекте айрым мектептерде бош орундардын жоктугу менен шартталууда. Бул маселе Министрликтин жана Элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", - деп жазылган маалыматта.
ТИМ бир ай мурда, 16-августта да Орусиянын айрым аймактарында эмгек мигранттарынын балдары окууга кире албай жаткан учурлар бар экенин, бирок мындай окуялар көп эмес экенин маалымдаган.
Мектептерде окуу жылы башталгандан көп өтпөй, 9-сентябрда Мамдуманын эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин башчысы Ярослав Нилов мигранттардын балдарын бала бакчаларда жана мектептерде акысыз окутууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун демилгелеп жатканы белгилүү болду.
Депутат бул демилгеси тууралуу ТАСС агенттигине маек курган.
"Чет элдик ата-энелер кааласа балдарын коммерциялык негизде биздеги билим берүү мекемелерине жайгаштырышсын. Өзүнчө коммерциялык класстарды түзүшсүн. Биздин балдар чет элдик жумушчулардын балдарынын ашыкча көп болушунан жапа чегип калбашы керек", - деген Нилов.
19-сентябрда өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой "Коммерсант" басылмасына өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын укугун чектөө боюнча чаралар күчөтүлүп жатканын билдирген.
Ал азыркы тапта орус бийлиги уруксатсыз жүргөн чет элдиктердин атайын реестрин түзүп жатканы, ага илинген мигранттар машина айдоо, банк кызматынан пайдалануу, менчик укуктарын каттоого тургузуу, нике документтерин алуу, балдарын бала бакчага жана мектепке орноштуруу укугунан ажырай турганы айткан.
Горовой белгилегендей, бүгүнкү күндө Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын көпчүлүгү - Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Армения жана Азербайжандын жарандары.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында, быйылкы жылдын биринчи жарымында 100 миңге жакын мигрант Орусиядан чыгарылган, бул былтыркы жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүчтөн 50% көп.
2025-жылдан тартып Москва облусунун бийлиги облус аймагында мигранттарга ишмердиктин бир катар түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салынары айтылып жатат. Андай болсо алдыда мигранттар үчүн дагы бир катар оорчулуктар жаралат.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан.