Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Жапаров Орусиядагы мигранттардын абалына көңүл буруу керектигин айтты


Акылбек Жапаров VI кыргыз-орус экономикалык форумунда. Ысык-Көл, 12-сентябрь, 2024-жыл.
Акылбек Жапаров VI кыргыз-орус экономикалык форумунда. Ысык-Көл, 12-сентябрь, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын Орусияда иштеп жүргөн жарандары - эмгек мигранттары эки өлкөнүн тең экономикасына эбегейсиз салым кошуп жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы бул тууралуу 12-сентябрда, VI кыргыз-орус экономикалык форумунун ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Мигранттардын маселеси көңүл бурууну жана тең салмактуу чечимдерди талап кыларын белгилеп, миграция маселеси биргелешкен аракеттерди талап кыларын, миграциянын агымын натыйжалуу уюштуруу зарылдыгын билдирди.

"Бул багытта биргелешип аракеттенүү гана эки тарапка бирдей пайдалуу болгон туруктуу чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк берет", - деди Жапаров.

12-сентябрда Ысык-Көлдө VI кыргыз-орус экономикалык форуму башталды. Форумдун ачылышына Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарды чектеген мыйзам долбоорлору байма-бай сунушталууда. Буга чейин Мамлекеттик Думада бир катар депутаттар, анын ичинен спикер да эмгек мигранттарына Орусияга үй-бүлөлөрүн алып келүүгө тыюу салуу керектигин билдиришкен.

Мамдуманын эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин башчысы Ярослав Нилов мигранттардын балдарын бала бакчаларда жана мектептерде акысыз окутууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага киргизүүнү демилгелеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG