Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн Орусияга алып келүүгө тыюу салууну сунуштады


Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев.

Дмитрий Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн Орусияга алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары билдиргендей, кеп убактылуу ишке келип жаткандар тууралуу болуп жатат.

Бул сунушун ал ТАСС мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери менен жолугушуу маалында айтты.

Медведевдин эсебинде, мындай чектөө мигранттардын анклавдарына каршы күрөшүү жана окуучулар орусча билбеген мектептерди тартипке келтирүү үчүн зарыл. Орусиянын мурдагы президенти мигранттардын балдарына мектепте күчтөп болсо да орус тилин үйрөтүү керек деп эсептейт ал.

"Акырындап, уруп-сөкпөстөн, тилди үйрөнүүгө мажбурлоо керек. Бала мектепке биринчи класска барса, ал жакта айрым класстардагы окуучулардын төрттөн үч бөлүгү орусча билбегени акылга сыйбаган көрүнүш. Акырындап аларды күчтөп үйрөтүү зарыл. Үйрөнбөгөндөрдү киргизбеш керек", - деди Медведев.

Буга чейин Мамлекеттик Думада бир катар депутаттар, анын ичинен спикер да эмгек мигранттарына Орусияга үй-бүлөлөрүн алып келүүгө тыюу салуу керектигин билдирип келишкен. Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой расмий каттоого туруп иштебеген чет элдик жумушчулардын санын азайтуу үчүн “жалгыз келди, жалгыз кетти” (б.а. мигрант өлкөгө жалгыз келсе, жалгыз чыгып кетиши керек) принцибин киргизүүнү сунуштаган.

Ал эми ЛДПР партиясы атайын сайт ачып, тийиштүү мыйзам долбоорун добушка койгон.

XS
SM
MD
LG