Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Орусиянын бийлиги мигранттарды көзөмөлдөө үчүн атайын реестр түзүүнү көздөп жатат


 Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын өкмөтү эмгек мигранттарын көзөмөлдөп туруу үчүн 2025-жылы атайын реестр түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазды.

Реестрге миграциялык документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен же жокко чыгарылган, административдик кылмыштарга барып, өлкөдөн депортациялана турган чет өлкөлүктөрдүн жеке маалыматтары киргизилет. Басылма белгилегендей, азырынча бул реестрдин ишин тескеген кандайдыр бир нормативдик документтер жок.

Миграциялык саясат боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынында баарын базага киргизүү мүмкүн эместиги белгиленди. Мындан улам ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой майда-барат мыйзам бузууга баргандарга мунапыс жарыяланса жакшы болорун белгиледи.

Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлү Владислав Меньщиков бул демилгени колдоого даяр экенин билдирди.

Жыйында Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын саны 630 миңге жетери айтылды.

Украинада согуш башталганы Орусияда мигранттарга каршы рейддер, текшерүүлөр күчөдү. Полициячылар жарандык алып, аскердик каттоого турбай койгон чет өлкөлүктөрдү аскердик комиссариаттарга жөнөтүп жатышат. Ал эми жарандыгы жок мигранттарды депортациялоо же жеңилдетилген шартта паспорт алып берүү убадасы менен Украинадагы согушка айдап жатышканын укук коргоочулар белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG