Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Орусия мыйзамсыз мигрантты баласын мектепке орноштуруу укугунан ажыратат


Орусия. Мигрант жумушчулар. Архивдик сүрөт.
Орусия. Мигрант жумушчулар. Архивдик сүрөт.

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын укугун кыйла чектөө боюнча чаралар көрүлүп жатканын бүгүн 19-сентябрда өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовойдун "Коммерсант" басылмасына курган маегине таянып «Свобода» радиосу кабарлады.

Азыркы тапта Орусияда бийлик уруксатсыз жүргөн чет элдиктердин атайын реестрин түзүп жатканы, ага илинген мигранттар машина айдоо, банк кызматынан пайдалануу, менчик укуктарын каттоого тургузуу, нике документтерин алуу, балдарын бала бакчага жана мектепке орноштуруу укугунан ажырай турганы айтылды.

Горовой белгилегендей, "кызыкдар мекемелер" жана депутаттар миграция жаатындагы ушул жана башка демилгелер боюнча иш жүргүзүп жатышат.

Жетекчинин айтымында, бүгүнкү күндө Орусияда чет өлкөлүктөдүн 9% – мыйзамсыз жүргөн мигранттар, алардын жалпы саны 739 миңдин тегерегинде. Көпчүлүгү Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Армениянын жана Азербайжандын жарандары. Соңку жылдары Орусияда мыйзамсыз миграция кыйла төмөндөй баштаганын белгилеген Горовой 2022-жылы чет өлкөлүктөр арасынан уруксатсыз жүргөндөр 30% болгонун кошумчалады жана кыскарууну «бардык деңгээлдеги бийлик органдарынын биргелешкен олуттуу ишинин натыйжасы» деп атады.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында 100 миңге жакын мигрант Орусиядан чыгарылганы, бул былтыркы жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүчтөн 50% көп экени белгилүү болду.

Жаңы жылдан тартып Москва облусунда мигранттарга ишмердиктин бир катар түрү менен алектенүүгө тыюу салынары облус бийлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылган.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурулган. Мигранттардын агымы соңку он жылдан бери эң төмөнкү көрсөткүчкө түшкөнүн экономисттер жумуш күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кризистин жаралышы катары баалап жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG