Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

"ЕАЭБге мүчө болуунун кажети барбы?" Мигранттардын үй-бүлөсүн Орусияга киргизбөө сунушталды


Пермь шаарында мигранттардын балдары жекшембиде окуган класс
Пермь шаарында мигранттардын балдары жекшембиде окуган класс

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Коомчулукта мындай документ кабыл алынбаса деле жергиликтүү элдин мигранттарга карата маанайын курчутушу ыктымал экенин айткандар бар.

ЛДПР фракциясынын лидери Леонид Слуцкий "чет элдик жумушчулар чоң үй-бүлөсүн алып кирип, өлкөдө көзөмөлсүз миграция агымы жаралып" жатканын белгилеген. Ал "мигранттар бир кичи районду ээлеп, өзүнчө анклав түзүп алышкан" деп нааразы болгон.

"Депортация болуп, үй-бүлөсү Орусияда калгандар көп"

Кыргызстандык Нурайым он жылдан бери үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашап, иштейт. Алгачкы жылдары ондогон мигранттар сыяктуу балдарын чоң-ата, чоң-энесине калтырган жубайлар, өздөрү орун-очок алганда аларды чогуу алып кетишкен.

"Жакындарыңдын жаныңда болгону бардык кыйынчылыкты унуттурат" деген биздин маектеш соңку текшерүүлөр бир топ бүлөлөрдү экиге бөлүп койду дейт.

"Биз балдарыбызды кичине кезинде ата-энебизге таштап коюп, өзүбүз бул жакта жүргөнбүз да. Азыркылар антпейт, көптөрү балдарын өздөрү менен чогуу алып жүрүшөт. Бирок быйыл текшерүү аябай көп болуп, Кыргызстандан эс алуудан келатканда киргизбей койгон, бала-чакасы Москвада кала берген учурлар көп болду. Күйөөсүн көчөдөн эле кармап кетип, депортация болуп, аялы бул жакта калгандар көп. Текшерүүлөр мурдатан эле болуп келген, бирок азыр катаалырак. Үйүнө, жумушуна чейин кирип барып текшерип жатышат. Негизги көйгөй - жашаган жериңде каттоого туруу. Бирок батир ээлери үйүн ижарага берген менен каттоого турууга уруксат бербейт. Ошентип эле депортация болгондор аябай көп. Эми үй-бүлөсү кирбесин десе, жалгыз бул жакта иштөө кыйын эле болот го".

Слуцкийдин сунушу

Орусия миграция мыйзамдарын улам катаалдатып келет. Чет элдик жумушчуларга байланыштуу кезектеги мыйзамдын долбоорун Мамлекеттик Думанын ЛДПР фракциясы сунуштады.

"РИА Новости" агенттигинин жазганына караганда, фракция лидери Леонид Слуцкий башында турган депутаттардын тобу мигранттардын үй-бүлөсүн Орусияга киргизүүгө тыюу салууну көздөп жатат.

Мыйзам долбоорунун авторлору кеп "Орусияга эмгек келишиминин же патенттин негизинде келген, өлкөдө жашоо үчүн башка мыйзамдуу негиздери, башкача айтканда орус жарандыгы жок квалификациясы төмөн адистер жөнүндө болуп жатканын" белгилешкен. Ал эми жогорку квалификациялуу жумушчулардын үй-бүлө мүчөлөрүнө артыкчылыктар каралган.

"Мигранттардын үй-бүлөлөрү аларды үйүндө күтүшү керек. Алардын жакындары Орусияга келгенде бир үйдү же бир кичи районду ээлеп, анклавдарды түзүп алышкан. Өз тилинде сүйлөп, жергиликтүү тургундарды жек көргөн учурлар көп кездешет. Турак жай, коммуналдык кызматка акы төлөбөй, карызга батып, менчик ээлери аны чечүүгө аргасыз болушат. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечип, квалификациясы жок чет элдиктерге өздөрү иштеп жаткан учурда үй-бүлөсүн алып келишине тыюу салыш керек. Келип иштедиңби - кайра үйгө кетсин, башка сөз да болбошу керек", - деген Слуцкий "РИА Новости" агенттигине.

Слуцкий ушул эле айткандарын Телеграм каналына жайгаштырып, "мигранттар Орусияда төрөп, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алып жатканын" белгилеген.

"Мигранттардын балдары бала бакча, мектептеги орундарды ээлеп жатышат. Булардын бардыгы биздин жарандардын салыгынын эсебинен камсыздалып жатпайбы", - деп жазган.

Бул сунуш кабыл алынабы, жокпу азырынча белгисиз. Эксперттер мындай мыйзам долбоорлор кабыл алынбаса деле жергиликтүү элдин мигранттарга карата маанайын курчутушу ыктымал экенин белгилеп жатышат.

"Мындай сунуштар элдин мигранттарга болгон мамилесин бузат"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү:

Гүлжамал Султаналиева.
Гүлжамал Султаналиева.

"Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөндө сөзсүз үй-бүлөгө муктаж болот. Экинчиден, мамлекеттик деңгээлдеги саясатчылар кандай гана сөз сүйлөбөсүн элге тарап, таасирин тийгизе берет. Мамлекеттик Думанын депутаттарынын мындай сунуш-пикирлери элдин мигранттарга болгон мамилесин бузат".

Серепчилер миграциялык эрежелердин өзгөрүшү Евразия Экономикалык биримдигининне мүчө Кыргызстандын (ЕАЭБ) жарандарына да таасирин тийгизип жатканын сындап чыгышкан. Алар уюмдун негизи максаттары менен талабы аткарылбай жатканын белгилеп келишет.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга бир канча жылдан бери укуктук жардам көрсөтүп келаткан "Инсан-Лейлек" уюмунун кызматкери Нурсултан Карабаев муну кезектеги популисттик кадам деп сыпаттады:

Нурсултан Карабаев.
Нурсултан Карабаев.

"Жарандардын эркин жүрүшү деген ЕАЭБдин негизги аргументи болгондуктан, Кыргызстан бул уюмга кошулган. Азыр эми" бул келсин, бул келбесин" деп жарандарды дискриминация кылганы туура эмес. Албетте бул мыйзам кабыл алынса үй-бүлө институтуна таасири чоң болот. Бул көп ажырашууларга алып келет жана көп балдар ата-эненин мээриминен өксүп калат. Бирок муну популисттик сунуштардын бири деп ойлойм. Анткен менен кээде абсурддук мыйзам долбоорлор деле тез эле каралып, өтүп кетип жатат. Ушундай чектөө кирсе, анда биз биримдикке мүчө болгонубуздун кажети барбы, жокпу деген маселени ойлонушубуз керек. Анткен менен Орусиянын экономикасы, бизнеси үчүн деле мигранттар зарыл. Ошону булар түшүнүшү керек".

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 31-июлда орус жарандыгын алгандан кийин милдеттүү түрдө аскердик каттоого туруу жөнүндө мыйзамды үч окууда кабыл алган. Аны сактабагандар жарандыктан ажыратылат. ИИМ кимге паспорт бирилгенин дароо аскер комиссариаттарына кабарлайт. Мындан сырткары полицияга депортациялоо укугу берилип, визасыз жүрүү мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды.

Буга чейин мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же Чек ара кызматы гана кабыл алчу. Андан тышкары виза же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды "өлкөдөн чыгаруу режими" киргизилди.

Кыргыз бийлигинин жообу

Кыргызстандын бийлиги мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн кыргызстандык жарандарга тиешеси жок экенин айтып, Евразия экономикалык биримдигинин принциптери боюнча эмгек рыногунда толук кандуу укуктарга ээ экенин эске салган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев августтун башындагы маалымат жыйында Орусияда кыргызстандыктар салыштырмалуу кыйла жеңилдиктер менен иштеп жатканын, мигранттарга карата кабыл алынган эрежелер мыйзам бузгандарга гана тийиштүү деген пикирин айткан.

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

"Орусия киргизип жаткан жаңы мыйзамдар ушул өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөндөргө гана каршы колдонулат. Эгер биздин жарандар ошол жакка барып каттоого туруп, жумуш таап, иштеген жеринен каттоосун көрсөтө турган болсо, аларга эч ким тийбейт. Бул тараптан биз иш жүргүзүп жатабыз. Ар бир өлкө өз коопсуздугүн коргоо үчун ар кандай шарттарды киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, биздин жарандарга эч кандай тоскоолдуктар болбойт".

Министрдин белгилешинче, соңку 1,5 жылда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 400 миңге кыскарган.

Соңку текшерүүлөр, орус-украин согушуна байланыштуу мобилизация, эрежелердин улам катаалдаганы мигранттардын бул өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн негизги себеби болууда.

XS
SM
MD
LG