Шаардык кеңештеги талкуу
Бул маселе 27-мартта Бишкек шаардык кеңешинде дагы көтөрүлүп, анда мэр Айбек Жунушалиев 1997-жылы мэрия чыгарган буйрук бар экенин депутаттардын эсине салды. Ал аталган буйрукка таянып жатканын, ошол кезде тургундарга проспект кеңейтиле турган болсо компенсация төлөнбөйт деген эскертүү берилгенин билдирди:
"Бардык негизги мамлекеттик актылар 1996-1997-жылдары берилген. Ошол чечимге ылайык, баарына эскертүү берилген. Алар жол кеңейтиле турганын, үйү же дубалы түрттүрүлсө кенемте төлөнбөй турганын билишкен. Бул чечимди 1997-жылы ошол жер тилкелерине мамлекеттик актыларды берип жатканда чыгарышкан".
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аскар Алмаз уулу Баш мыйзамдагы жеке менчик укугун жана Жер кодексин эске салып, жер тилкелеринин ордуна кенемте төлөп берүүнү сунуштады:
"Мен сизге кенемте төлөп берүү маселесин карап чыгууну дагы сунуштамакмын. Анткени элдин чынында эле колунда документтери, "кызыл китеби" турса, менимче, анда кенемте төлөп бериш керек. Шаарды дагы өнүктүрүү кажет. Биз аны колдойбуз. Бирок кенемтени дагы карап бериш керек".
Тургундар менен маселени чогуу талкуулап, алардын үнүн угуп, бир пикирге келүү керектигин шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абиров да айтты.
"Өткөндө сиз 1970-жылдардагы башкы планды айтып жаткансыз, эми 1997-жылды айтып жатасыз. Өкмөт бекиткен азыркы башкы план болсо 1996-жылдан бери колдонууда. Бул жылы Министрлер кабинети дагы бир башкы планды бекитиши керек. Ал эми алар (тургундар - ред.) "кызыл китеби" менен чыгып, бул жер биздики деп жатышат. Силер алардыкы эмес деген маалымат берип жатасыздар. Алар деле түшүнүктүү адамдар, чогуу отуруп, консенсуска келиш керек деп эсептейм", - деди ал.
Бишкек шаардык кеңешинин жыйынынан кийин Киргизия конушунун тургундары маалымат жыйын уюштуруп, мэр Айбек Жунушалиевдин жүйөсүн четке кагышты.
"Арыз даярдап жатабыз"
Алардын бири Алымбай Окунов шаар башчы айтып жаткан буйрукка ылайык, убагында жолдун жээгине салынган бир кафеге гана кенемте төлөнбөйт деген эскертүү берилгенин айтты:
"Ал бир эле кафеге тиешелүү болчу да. Эми ошого байлап туруп, ошол жердеги элдин баарына биз 1997-жылы эскерткенбиз деп мэр айтып жатат. Бул жалган маалымат. Ушундай жалган маалымат таратып жаткандыгы үчүн биздин жактоочубуз азыркы кезде арыз даярдап жатат. Бул моралдык эмес, материалдык дагы зыян болуп эсептелинет".
Киргизия конушунун тургундары өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылып, шаар башкармалыгынын мындай аракетине бөгөт коюуну өтүнүштү:
"Бизде эң негизги мыйзам - Конституция. Ал жеке менчикти коргойт. Биз ошол жерлердин ээлерибиз. Биз менен мыйзам чегинде иш алып барышы керек. Эгер ал тилкелерди мамлекет ала турган болсо, анда сатып алышы, же болбосо, башка жерлерди сунушташы керек. Бир чечимге келүү зарыл. Ал эми эскертүүсүз келип, жылгыла дегени туура эмес. Бул кийин бүт өлкөгө таасирин бере турчу укуктук прецедент болот", - дейт Киргизия конушунун тургуну Жаныбек Абдырахманов.
Мэр Айбек Жунушалиев учурда Киргизия конушунун жол боюнда жайгашкан айрым тилкелеринин мыйзамдуулугу текшерилип жатканын билдирди.
Шаар бийлиги Айтматов проспектинин Абсамат Масалиев (Түштүк магистраль) проспектинен Семетей көчөсүнө чейинки тилкеде автомобилдик жолду кеңейтип, алты тилкелүү трасса курууну, четине велосипед айдоочулары үчүн өзүнчө жол жана тротуар курууну пландап жатканы маалымдалган.
Ошол тилкедеги жол боюна салынган үйлөрдүн ээлери муниципалдык жерге кирип, "кызыл сызыктан" өтүп кеткенин айткан мэрия алгач 12 метрди бошотууну талап кылып, кийин 4-5 метр кыркыларын билдиргенин жергиликтүү тургундар айтып беришкен.
Архитектор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, курулуш, архитектура, долбоорлоо мекемелеринде министр, директор, төрага кызматтарын аркалаган Ишенбай Кадырбеков "Азаттыкка" курган маегинде "кызыл сызык" белгиленген жерге үй салууга, жерине "кызыл китеп" берүүгө уруксат берилиши мүмкүн эмес болчу деп эсептейт:
"Бул жерде жергиликтүү бийлик текшерип чыгышы керек. Себеби “кызыл сызыктагы” имаратка андай документти бере алышпайт. Архитектура “кызыл сызыкты” жана “курулуш сызыгын” карайт. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы да бар. Эки мекеменин маалыматын салыштыруу керек. Мамкаттоо чегин кайсы жерден алып өттү? Кээде эки мекеменин документи айкалышпай калышы мүмкүн. Ушуга карабай "кызыл китеп" берилген болсо, ошого кол койгон кызматкер жооп бериши керек. Мындай жагдайдын жаралып калышында уруксат берген жана көзөмөл кылбаган жактан эки ката болгон".
24-мартта Бишкектин башкы архитектуралык мекемесинин жетекчиси Урмат Карыбаев нааразы болуп жаткан тургундар менен жолугуп, 1975-жылы бекитилген "кызыл сызык" боюнча иштеп жатышканын билдирген.
Киргизия конушунун тургундары колунда тилкелерине тиешелүү бардык документтери бар экенин, эгер калаа башкармалыгы коомдук максатта жердин кайсы бир бөлүгүн кыркып ала турган болсо, аны базар баасында сатып алышы керек экенин айтып жатышат.
Суроо жараткан башкы план
Борбор калаанын башкы планы коомчулук үчүн ачык болушу керектигин айткан активисттер бир нече жыл мурда бул маселени көтөрүп чыгышкан. Ошондон кийин аталган пландын сүрөтү мэриянын расмий сайтына жайгаштырылган. Анда бул башкы план 2025-жылга чейин экени, аны өкмөт токтому менен 2006-жылдын 21-ноябрында бекиткени жазылган.
Былтыр июнь айында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкек жана башка шаарлардын башкы планы үч жыл ичинде бекитиле турганын билдирген. 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында административдик-аймактык реформа боюнча маселелер каралып жатканда депутат Дастан Бекешев бир топ шаарлардын башкы планы жок экенин, Бишкектин аймагы кыйла кеңейгенин белгилеген.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.
Реформанын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейген. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулган.
Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планын архитекторлор бир кыйла сабаттуу жасалганы менен, болгону 15-20% гана ишке ашты деп эсептешет. Башкы планда Аламүдүн, Ала-Арча дарыялары менен Чоң Чүй каналынын өрөөндөрү тоодон шаарга кирүүчү муздак аба агымынын нугу катары кызмат кылгандыктан анын аймагында курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган.
Соңку жылдары Бишкекте көп кабаттуу үйлөр көп курулууда. Алардын айрымдарынын мыйзамдуулугу да суроо жараткан.
Шерине