Орусиянын Украинага каршы согушу үч жылга аяк басты. Анын кесепеттери глобалдуу мүнөзгө ээ: чыр-чатак дүйнөлүк саясий түшүнүктөрдү аласалдырып, экономикага доо кетирип, геосаясий олку-солкулукту пайда кылууда.
Балким, орус баскынчылыгынын кесепеттери эч бир жерде Борбор Азиядагыдай катуу сезилбеди. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан 2022-жылдын 24-февралынан кийин таптакыр башка жагдайга кез келди.
Москва көптөн бери чөлкөмдөгү алдыңкы тышкы оюнчу болуп келген, бирок согуш Орусиянын Борбор Азиядагы салмагын өзгөртүп, Кытай, Түркия, АКШ жана Евробиримдик үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөрдү түздү.
Бирок мындан ары Борбор Азиядагы жагдай эки жылдык маанилүү экономикалык, социалдык жана саясий өзгөрүүлөрдөн кийин кандай болот?
Украинадагы согуш Борбор Азияны кандайча өзгөрткөнүн жакшыраак түшүнүш үчүн «Азаттык» беш белгилүү серепчиден жана журналисттен чөлкөмдө кандай өзгөрүүлөр жүз бергендиги, келечекте дагы кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экендиги тууралуу сурады.
Орусия менен жаңыча мамиле
Темур Умаров, Берлиндеги «Орусия - Евразия» Карнеги борборунун илимий кызматкери:
Башында Борбор Азияга Орусия эми мыкты өнөктөш болбой калат, демек, аны менен кызматташуу мүмкүн эмес деген пикир басымдуулук кылган. Бирок акыркы эки жылдагы согуш башка реалдуулукту көрсөттү. Орусия обочолонгонуна жана экономикалык көйгөйлөрүнө карабастан, бул чөлкөм үчүн маанилүү өнөктөш бойдон калууда.
Азыр да кызматташуунун айрым тармактарында Москва Борбор Азиядагы авторитардык режимдер үчүн мурдагыдай эле сыйлуу өнөктөш болуп эсептелет. Ал эми Орусиянын өзү чөлкөмдөгү беш өлкөнү санкцияларды буйтап өтүүнүн жолу катары пайдаланууда.
Борбор Азияда коомчулуктун Орусияга болгон көз карашы өзгөрдү. Азыр эл Орусияны башка көз караштан кабылдап жатат. «Борбордук Азия барометри» жана «Демоскоп» тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолор бул өзгөрүүнү ырастап, коомчулукта түндүк коңшусун жактырбаган маанай пайда болгондугун белгилейт. Коомдук маанайдын өзгөрүшүнө Украинадагы согуш чоң таасир этти. Орусиянын Украинага басып кириши дүйнө коомчулугунун назарын Борбор Азияга бурду.
Келечекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында эң орчундуу милдет турат. Биринчиден, алар тышкы каржылык жана саясий мүмкүнчүлүктөрдү ички өнүгүшкө жумшап, эл аралык коомдоштук менен жигердүү иштешүүсү керек. Экинчиден, алар Орусия жана башка дүйнөлүк оюнчулар менен мамиледе кылдат тең салмактуулукту табууга тийиш. Орусиянын аракеттерин ойлонбой эле колдогондон алыс болуп, ошол эле учурда Москванын Орусияны айыптай берүүдөн да сактануусу абзел. Бул тең салмактуулукка жетишүү Борбор Азиянын келечектеги туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Казак дипломатиясына сыноо
Крис Риклтон, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Борбор Азия боюнча кабарчысы:
Орус аскерлери Украинанын шаарларын бомбалай баштаганга бир нече жума калганда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин режимин сактап калуу үчүн Москва башкы ролду ойногон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерий блогу кийлигишкен. 2022-жылы январда бул өлкөдө эгемендик доорундагы эң олуттуу жана кандуу толкундоолор жүз берип, натыйжада 238 адам набыт болгон.
Бирок согуш болор алдында Казакстан Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчил топторду таануудан чечкиндүү түрдө баш тартты. Көпчүлүк серепчилер ички жаңжалды жөнгө салууга кол сунганы үчүн Токаев Путинге карыз деп эсептешкендиктен, Казакстандын бейтарап туруму орусиялык депутаттардын жана Кремлдин үгүтчүлөрүнүн кыжырын келтирди.
Айрым орус серепчилери эки өлкөнүн ортосунда 7600 чакырымдык (кара жерде созулган дүйнөдөгү эң узун) чек ара жана Казакстандын түндүк аймактарындагы көп сандаган этностук орус калкы бар экенин ачык эле кыйытты. Бирок кайым айтышуунун курчуганына карабастан, Токаев Москва менен Астананын мамилесин жалпысынан туруктуу сактап кала алды.
Казак саясий серепчилери айткандай, Казакстан «эки талдын башын кармай» алды. Буга Кытайдын колдоосу мүмкүнчүлүк берди.
2022-жылы сентябрда Кытайдын лидери Си Цзиньпин Астанага келип, таажы вирус пандемиясы башталгандан кийинки биринчи чет элдик сапарын жасады. Сапардын жүрүшүндө ал «Бээжин сиздердин өлкөнүн ички иштерине ар кандай күчтөрдүн кийлигишүүсүнө чечкиндүү түрдө каршы турат» деп убада берди. Анын билдирүүсү Батышка эле эмес, Москвага да кулак кагыш болду окшойт. Ошондон кийин түндүктөн келип жаткан ашкере агрессивдүү каралоолор жана кыйытуулар кыйла солгундады.
Бул окуя Орусиянын Украинадагы согушу тажрыйбалуу дипломат Токаев жана Казакстан чордонунда турган Борбор Азияда эл аралык мамилелерди жандандырууга кандайча түрткү болгонун ачык көрсөттү.
Казакстандын президенти сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында АКШ президенти менен өзүнүн Борбор Азиядан барган кесиптештеринин биринчи тарыхый жолугушуусунда Жо Байдендин жанынан ардактуу орунду ээледи. Андан соң беш лидер менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун ортосунда ушул эле ыңгайдагы сүйлөшүүлөрдү жүрүп, кийин француз лидери Эммануэл Макрон Казакстан менен Өзбекстанга келди. Токаев ошондой эле Түркия жана жалпы эле Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен да мамилесин чыңдады.
Кремлге мындай дипломатиялык иш-аракеттер жакпайт, мунун өзү иш жүзүндө жаңы талаштуу жагдай түзүлүп калганын билдирет.
Бир жагынан, Москвага санкцияларга азыраак кабылган жана дүйнөдөн четте калбаган өнөктөштөр керек. Бирок экинчи жагынан, ал Казакстандан акыры өзүнүн «ордун» тандоосун чыдамсыздык менен күтүп жатат.
Жаңы мүмкүнчүлүктөр
Лука Анчески, Глазго университетинин Евразия боюнча профессору:
Орусиянын Украинага басып киришинен улам Борбор Азия республикалары жаатташкан геосаясий кырдаалда кыйла эле ийгиликтүү жол таба баштады окшойт.
Чөлкөмдүн негизги оюнчулары болгон Казакстан менен Өзбекстан Кремлден этияттанган турумду карманышты. Басып алуучулук уланып жатканын олуттуу сындабаса да, алар Орусиянын тарапкери деп эсептелбейт. Бул «алтын ортолук» башка артыкчылыктарга да ээ болуп, натыйжада демократиялык эмес көз караштагы лидерлер үчүн пайдалуу болуп чыкты. Буга чөлкөмдүн өкмөттөрүнүн өз өлкөлөрүнүн ичинде авторитардык күн тартибин жандандыруу аракетинде жетишкен ийгиликтери далил.
2022-жылдан бери Казакстан менен Өзбекстан өз өкүмдарларынын бийликте калуу мөөнөтүн узартуу жолдорун таап жатканына күбө болуудабыз. Түркмөнстан бийликти династиялык негизде өткөрүп берди, Тажикстан өзүнүн династиялык мураскорун камдап жатат. Ал эми Кыргызстан болсо өз президентинин бийлигин борборлоштуруп, бир колго топтоо аракетинде.
Эгерде согуштун экономикалык жагдайларын карай турган болсок, басып алуудан Борбор Азия да кандайдыр бир пайда көрдү. Чөлкөмдөгү экономикалык жактан эң жакыр өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстан үчүн өтө маанилүү болгон Орусиядан акча которуулардын көбөйүшү Орусия менен эки тараптуу соода-сатыктын арбышы менен дал келип, чөлкөмдөгү экономикалык өсүштүн мүмкүнчүлүгүн арттырды.
Көп нерсе Батыштын алдыда кандай жооп кыларынан жана бул жагымдуу шарттар орто мөөнөттүү келечекте дагы сакталарына жараша болот. Маселен, санкцияларды алып салуу маселесине көбүрөөк көңүл буруу Борбор Азиянын согуштан таап жаткан экономикалык пайдасын азайтышы мүмкүн, ал эми Батыштын барган сайын катуулай баштаган талаптары Казакстан менен Өзбекстандын ортолук турумун алар үчүн ыңгайсыз кылып коюшу ыктымал.
Кытай, Орусия жана Борбор Азия
Жулия Шиорати, Лондон экономика жана саясат таануу мектебинин изилдөөчүсү:
Орусия Украинага басып киргенден эки жыл өткөндөн кийин кытайлык дипломаттар согушка байланыштуу бир кыйла ырааттуу жүйөлөрдү келтирүүгө жана Украинага карата дипломатиялык аракеттерин активдештирүүгө далалат кылып, жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Украинага экономикалык кыйыр колдоо көрсөтүп жатканына карабастан, Кытайдын Москвага карата туруму тең салмактуу бойдон калууда.
Өткөн жылы Кытайдын тышкы иштер министри Ван И украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба менен жолугуп, Украинанын Бээжиндеги жаңы элчиси дайындалды (бул орун 2021-жылдан бери бош турган). Белгилей кетсек, 2023-жылы июль айында Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка Кытайга барган, бул украин аткаминеринин согуш башталгандан берки биринчи жогорку даражалуу сапары эле.
Тең салмактуулукту табуу – оңой-олтоң иш эмес. Бээжин менен Москва Кремль согуш баштаардан бир аз мурда «чек арасыз» өнөктөштүктү жарыялашкан. Кытай Батышка каршы биргелешип каршы туруу үчүн маанилүү деп эсептеген Орусия менен мамилесине жана өзүнүн башка кызыкчылыктарына шайкеш артыкчылык берүү үчүн кез-кезде олдоксон аракет кылып келди.
Кытай май айында Борбор Азиянын беш өлкөсү менен тең маанилүү саммит өткөрүп, анын жыйынтыгында экономикалык жана саясий өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча жол картасы иштелип чыккан. Өзүн бейтарап тынчтык орнотуучу катары көрсөтүп, жаңжалды токтотуу боюнча иш-аракеттер планын жарыялоо менен Бээжин дагы согушка байланыштуу дүйнөлүк кадыр-баркын өзгөртүүгө аракет кылды.
Келечекте Борбор Азия мамлекеттеринин Кытай менен Орусиядан канчалык алыстагандыгы маанилүү. Бээжин менен Москванын көз карашы баардык жактан дал келбесе да, Ооганстан, Газа жана Иран боюнча бири-бирине төп келген турумдарынан көрүнүп тургандай, чөлкөм жана кеңири коңшулук тууралуу кеп болгондо алардын кызыкчылыктары дээрлик бирдей.
Бул Кытайдын Москва менен ар тараптуу кызматташтыгынын айынан Борбор Азиядагы жана бүткүл дүйнөдөгү позитивдүү аброюна доо кетирип жатат.
Евразиялык соода-сатык коридору
Эмиль Авдалиани, Тбилисидеги Европа университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору:
Украинадагы согуш Борбор Азия мамлекеттерин тышкы саясатта батыл болууга мажбурлап, чөлкөмдүн дүйнөлүк соода коридору катары маанисин арттырды.
2022-жылдын февралына чейин Евробиримдик да, Кытай да Орусия аркылуу өтүүчү Азия менен Европанын ортосундагы түндүк соода жолун жетиштүү деп эсептешкен, анткени алар Москванын көп салаалуу темир жол түйүнүн жана анын жумшак бажы эрежелерин колдонуп келишкен. Ал кезде Кара деңизден Каспий деңизи аркылуу Борбор Азияга чейин созулган Ортолук коридор (Транскаспий эл аралык транспорт жолу деп да аталат) көмүскөдө калып, ири державалардан инвестиция аз тартылган жана ага анча көңүл бурулган эмес.
Бирок Орусия кол салгандан кийин кырдаал өзгөрдү: Батыш державалары, Кытай, Түркия жана аталган жолду бойлой жайгашкан майда мамлекеттер аны кеңейтүү аракетин көрө баштады.
Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул көбүрөөк мейкиндикти жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Казакстанга келсек, согуш Астанага Москва үстөмдүк кылган расмий биримдикке жана ар түрдүү уюмдарга мүчө болгонуна карабастан, Орусияга болгон күчтүү экономикалык көз карандылыгын кайра карап чыгып, азайтууга шарт түздү. Казакстан жаңы инвестициялар салынган жана соода көлөмү көбөйгөн Ортолук коридордун негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп калды.
Кеңири мааниде алганда, согуштун жана андан кийинки Москвага каршы киргизилген Батыш санкцияларынын натыйжасында Орусия АКШ, Евробиримдик, Индия, Жапония, Иран, Түркия, Кытай жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен бирге Борбор Азиядагы көптөгөн негизги оюнчулардын бири гана болуп калды.
Ошентип, Украинадагы согуш соода жолдору же саясий өнөктөштөр болобу, иши кылып жаңы альтернативалардын таасири астында бүлгүнгө учурап жаткан орус үстөмдүгүнүн Борбор Азиядагы доорун аягына чыгарышы ыктымал.