Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына дээрлик күн сайын сокку уруп жатканына эки жыл болду. Бул согуш Украинаны жана Орусияны кандай өзгөрттү? Киев менен Москванын маанайы кандай? Согуш качан, кандай шартта бүтөт?
Фронттогу кырдаал
17-февралда эки жылга созулган айыгышкан кармаштан кийин Украинанын чыгышындагы Авдеевка шаарын орус күчтөрү өз карамагына алды.
Украин жоокерлери колдон чыгарбай келген бул калаа үчүн салгылаш 2023-жылы күзүндө күчөгөн. Ошондо эле аскердик эксперттер Кремль Авдеевканы кандай гана болбосун басып алууну көздөп жатканын айтышкан.
Анткени март айында өтүүчү президенттик шайлоонун алдында орус президенти Владимир Путинге мактана турган жеңиш керек эле.
Фронттогу кырдаалды украин армиясынын запастагы полковниги Сергей Грабский эки жыл мурдагыдай эле чыңалган бойдон деп сыпаттайт:
“Душман дагы эле украин аймагына тереңдеп кирип баруу аракетинен баш тартпаганын жакшы түшүнүп турабыз. Ошол эле учурда ал кандайдыр бир аскердик чоң операция жүргүзө албастыгын да билебиз. Ал жылма чабуул тактикасын колдонуп жатат. Фронттун өз алдынча бөлүктөрүндө эбегейсиз ресурстардын жардамы менен жоготууларга карабай алдыга жылуу мүмкүнчүлүгү болууда. Муну биз Авдеевкада көрдүк. Түндүктө Купянск районунун айланасында чабуул коюуга аракеттенип жатышат. Узак убакыттан бери Днепрдин сол жээгиндеги аскерлерибизди тынымсыз аткылоону улантууда. Жалпылап айтканда, бизде фронт тилкеси деген деле түшүнүк жок. Анткени фронт - бүтүндөй өлкө аймагы. Душман Украинаны күнүгө тынымсыз аткылоодо”.
Авдеевканы алуу менен Кремль Украинадагы оккупациялап алган аймагын дагы 9 км2 кеңейтти.
Орус күчтөрү 2022-жылы февралда кеңири масштабдагы согушун баштап, ага чейин орусиячыл күчтөр ээлеп турган аймактарды кошпогондо Украинанын кеминде 10% басып алган.
Украин армиясы бул аймактардын бир бөлүгүн, өзгөчө Украинанын түндүк-чыгышындагы шаар-кыштактарды 2022-жылы күзүндөгү ийгиликтүү контрчабуулда бошоткон.
Анда украин күчтөрү саналуу апталарда 3000 км2 аймакты кайра кайтарып алып, отуздан ашуун калктуу конушту, анын ичинен Балаклея, Купянск, Изюм жана Лиманды орус күчтөрүнөн тазалаган.
Өлкө түштүгүндөгү контрчабуулдун натыйжасында Херсон шаары жана Днепр дарыясынын оң тарабы толугу менен бошотулган эле.
Украин армиясынын чагылгандай тездик менен өз жерлерин кайтарып алышы көптөр үчүн күтүүсүз болгон. Эксперттер мындай ыргак менен украин армиясы 2023-жылкы контрчабуулда дагы ийгилик жаратарынан күмөн санашкан эмес. Бирок андай болгон жок.
Буга орус армиясынын мыкты коргонуусу тоскоолдук жаратканын адистер белгилешет.
Орусия майдан тилкесин бойлой терең траншеяларды каздырып, "ажыдаардын тиштери" деп аталган үч бурчтуу бетондон жасалган тоскоолдуктарды жана миналарды орнотуп койгон эле.
Согушту иликтөө институтунун маалыматына караганда, Орусия 2023-жылы 857 км2 аймакты басып алууга жетишти. Ал эми украин күчтөрү 370 км2 жерин бошотту.
Учурда орус аскерлери Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарынын айрым бөлүктөрүн жана Крымды көзөмөлдөп турат. Украин президенти Владимир Зеленскийдин эсебинде, бул өлкө аймагынын 26% дегенди билдирет.
Салгылашуулар бир гана фронтто жүргөн жок. Буга чейин айтылгандай эле, орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймактарын дрондор жана ракеталар менен аткылоодо.
Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород облусунун дагы ар кайсы жерлери аткылоого кабылып келет.
2023-жылы дрон чабуулдары Санкт-Петербург менен Москва шаарларында да катталды. Орусия мунун баарын Киевден көрөт. Украин бийлиги Орусиянын аймагында болуп жаткан окуяларды комментарийлебейт.
Дрон чабуулдарын эске албаганда деле, Орусиянын аймагында согушка байланыштуу бир топ урунттуу окуялар болду. Алар Орусияны, орус бийлигин жана орус коомун канчалык өзгөрттү? Санкцияларга белчесинен баткан экономикасы кантти?
Орусиядагы кырдаал
Соңку эки жыл ичинде Орусия эл аралык санкцияларга эң көп кабылган өлкөгө айланды. Бул маалда орус экономикасы алдан тайганы менен кыйрап калган жок. Бийлик өкүлдөрү Батыштын санкцияларынан майнап чыкпаганын утур-утур кайталап жатышат.
Украинадагы согуштан улам Орусиянын банк системасынын 80% активи санкцияга кабылды. Өлкөдө эл аралык SWIFT төлөмдөр системасы иштебейт. VISA жана MASTER CARD сыяктуу карталарды колдонуу да мүмкүн эмес. Жүздөгөн чет элдик бренддер Орусиядан кетти, ишканалар жабылды.
Ушунун баарына карабай орус экономикасы 2023-жылы дээрлик 3% өстү. Аскердик өндүрүшкө багытталган экономика жаралды. Соңку эсептер боюнча азыр Орусиянын бюжетинин 40% армия менен атайын кызматтарга сарпталууда.
Журналист Фельгенгауэр орус экономикасынын өсүшү тууралуу билдирүүлөрдү ар кандай бааласа болорун айтат.
"Аскердик өндүрүшкө байланган тармактын баарына бюжеттик акча сарпталууда. Бул экономикалык өсүү эмес. Ооба, ал тармактарда жашагандар жакшы айлык ала башташты. Бирок автомобиль, авиация өндүрүшү эмне болгонун карагылачы. Алардын баары жок болду да. Ошону менен катар жай, ирээттелбей, чакан масштабда киргизилген санкциялар натыйжалуулугун көрсөткүчө дагы узак убакыт керек. Эки жыл эмес. Орусия - камдаган акчасы арбын, көптөгөн өлкөлөргө газ жана мунай саткан мамлекет. Бул дагы маанилүү фактор. Чындыгында, биз көргөндөй, Орусиянын экономикасы көптөр ойлогондон бекемирээк болуп чыкты. Бирок экономикалык өсүү жок деп ойлойм. Путинде акча көп экени жана ал бул акчаны кайсы бир тармактарга салып жатканы - бул экономикалык өсүү эмес. Мындан тышкары катар Орусия менен кызматташып жаткан өлкөлөр жана компаниялар бар экенин эстен чыгарбоо керек", - дейт Фельгенгауэр.
Чет элдик компаниялар чыгып кеткени менен, Орусиянын президенти Владимир Путин айткандай, “Мерседес” мингиси келгендер дагы эле минип жатышат. Өлкөгө чет элдик товарлар санкцияларды буйтап өтүүчү ар кандай жолдор менен, анын ичинен Борбор Азиядагы компаниялар аркылуу Орусияга ээн-эркин кирип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" кеңири иликтөө даярдаган:
Согуш башталгандан бери Орусиядан чыгып кеткендерин саны кескин көбөйдү. Алгач жарандык активисттер, журналисттер жана башка кесиптин ээлери чет өлкөлөргө агылды. 2022-жылы күзүндө жарыяланган жарым-жартылай мобилизация дагы он миңдеген адамдын өлкөдөн кетишине шарт түздү.
Аскерге чакыруулар бир гана запастагыларга эмес, пенсионерлерге, майыптарга, мигранттарга дагы келди. Айрымдарга чакыруу көчөдөн, университеттен жана ресторандардан тапшырылды. Мобилизацияга каршы чыккандар дароо кармалды.
Согушка андан тышкары түрмөдөгүлөр, анын ичинен орус абагында жазасын өтөп жаткан борбор азиялыктар да тартылды. Аларга орус бийлиги жарым жыл согушкандан кийин мунапыс убада кылган. Түрмөдөгүлөрдү согушка азгыруу өнөктүгүн Вагнер менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин өзү жеке жүргүзгөн.
Путиндин ашпозчусу атыккан Пригожин 2023-жылы жайында Орусиянын аскердик жетекчилигине каршы куралдуу козголоң уюштургандан көп өтпөй авиакырсыкта көз жумду.
Ал эми мобилизацияга тартылгандардын аялдары күйөөлөрүн фронттон артка кайтарууну талап кылган чакан акцияларды утур-утур уюштуруп жатат.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада набыт болгондордун так санын эч качан жарыялабайт. Соңку ирет Москва Украинадагы согушта алты миңдей жаранынан ажыраганын мойнуна алган. Журналисттер ачык булактардагы маалыматтарга таянып, согушта курман болгон 43 миң кишинин тек-жайын аныкташкан. Батыш менен Киев Орусия согушта он миңдеген аскерлеринен айрылганын билдирип келет.
Соңку эки жыл ичинде Орусияда сынчыл көз караштыгыларга каршы куугунтук күчөдү. Украинадагы согуш Орусияда "атайын аскердик операция" деп аталып келет. Согуш деп айтуу кооптуу. Ага каршы чыккандарды жазалаган мыйзамдар кабыл алынган. "Фейктерге каршы" деп аталган ал мыйзамда армиянын баркына доо кетиргендер административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эң көп дегенде 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда ушул берене боюнча 256 адамдын иши каралууда.
Орусияда эки жыл ичинде:
19 855 киши согушка каршы көз карашы үчүн кармалды;
“Мемориал” уюму 675 кишини саясий туткун деп тапты;
493 киши “чет элдик агенттердин” бирдиктүү реестрине киргизилди.
24 жыл мурда бийликке келген Путин март айында кийинки президенттик мөөнөтүнө шайланууга бел байлап турат.
Орусиядан чыгып кеткендердин арасында журналист, "Эхо Москвы" радиосунун редакторунун мурдагы орун басары Татьяна Фельгенгауэр да бар. Ал Орусияда калктын согушка каршы чыкпаганы согушту колдойт дегенди билдирбей турганын, коомдо коркуу бар экенин «Азаттыкка» айтып берди:
"Чет жактарга чыгып кетүүнү каалагандардын көптүгү орусиялыктар согушууну каалабай турганын айгинелейт. Федералдык эфирлер аркылуу орус пропагандасы Владимир Путин баштаган баскынчылык согушту баары колдоорун айтып жатат. Бирок эгер чындап ошондой болсо, чек араларда чыгып кетүүнү каалагандардын ушунчалык узун кезеги жаралбайт эле. Ошентсе да колдогондор бар. Аларды үч топко бөлсө болот. Биринчи топтогулар бийликте ким болсо ошону, анын айткандарын колдой беришет. Экинчи топтогулар - бул Гиркин-Стрелков сыяктуулар. Алар "Украинаны басып алыш керек, бул мамлекет эмес, кайтарып алыш керек ", - деп эсептешет. Алар бул согушту чын жүрөктөн, идеологиялык жактан колдошот. Үчүнчү топтогулар үчүн согуш - бул акча табуунун бир жолу. Согушка азгырылып, кылмышкерге айлануу менен акча таап, үй-бүлөңдү камсыздоонун кепилденген жолу да. Жакырчылыкка баткан адамдар идеология, мораль жөнүндө ойлоп да коюшпайт. Алар ак менен караны айырмалай алышпайт. Алар үчүн бул жан сактоонун аргасы."
Батыштын жардамы кечеңдесе эмне болот?
Фронттогу жагдайды билген эксперттер украин армиясында жоокерлер чарчап-чаалыкканын, аскердик курам жана курал-жарак жетишсиз экенин белгилешет. Чукул арада Киевдин өнөктөштөрүнөн, анын ичинен АКШдан жардам келбесе, Украин куралдуу күчтөрү чоң тоскоолдукка кабылышы ыктымал экенин эскертишет. Муну эки жылдан бери өлкөсүн коргоо үчүн согушуп жаткан Украинанын жетекчилиги да мойнуна алат.
"Батыш, НАТО, Украинанын өнөктөштөрү Украина чабуулду улантуу үчүн согушка эң маанилүү компоненттерди жеткирүүгө абдан кечигип даярданып жатышат. Бул бизди тынчсыздандырбай койбойт. Украиналыктар Орусиянын тизгинин тартарынан эч күмөнүм жок. Бирок эгер орустар күчүн улам арттыра берсе, Украинага мындан ары дагы согуштук снаряддар жана ошол сыяктуу нерселер жетишпесе - Орусия басымын күчөтүп, айрым бир аймактарда анча-мынча жеңишке жетиши мүмкүн. Андыктан батыштагылар жеңин түрө киришип, Украинага эмне зарыл болсо, баарын бериши керек", - дейт британиялык генерал, НАТО күчтөрүнүн командачылыгынын мурдагы орун басары Ричард Ширефф.
Украина ишенген бараандуу өнөктөшү АКШда Конгресстеги тирештен улам Киевге берилчү 60 миллиард доллардын башы ачылбай турат.
Американын президенти Жо Байден бир нече жолу Конгресске кайрылып, Украинага каржылык колдоо өтө зарыл экенин белгилеген. Документ Сенаттан өткөнү менен, республикачылар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасында кабыл алынабы же жокпу, белгисиз.
Украинанын башка өнөктөштөрү, негизинен Евробиримдикке кирген өлкөлөр Киевге курал-жарак жагынан колдоо көрсөтүүдө, бирок анын көлөмү Вашингтондон келчү жардамдан алда канча аз.
Былтыр жайында НАТОнун Вильнюс саммитинде «Чоң жети» (G7) бирикмеси Украинанын коопсуздугун камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди убада кылган.
Украинага четтен келчү аскердик жардам кечиккенинен Орусия пайдаланып жатканын, фронттун айрым жеринде кырдаал чындап кыйын экенин президент Зеленский 19-февралдагы кайрылуусунда айтты.
"Учурда фронттун бир катар тилкелеринде - орусиялык күчтөр эң көп топтолгон жерлерде абал өтө оор. Алар Украинага жардам кечиккенинен пайдаланып жатат. Өтө зарыл нерселер керек. Артиллерия жетишсиз. Фронт тилкесинде абадан коргонуу үчүн жана алыс аралыкка аткан курал-жарак зарыл", - деди Зеленский.
Бир катар басылмалар өз булактарына таянып, Батыш Украинадагы согушту "убактылуу токтотуу туралуу" ойлоно баштады деп жазууда. Бул тууралуу украин армиясынын запастагы полковниги Сергей Грабский өз ою менен бөлүштү:
"Батыш саясатчыларынын бири дагы Украинадагы согушту убактылуу токтотуу тууралуу ооз ача элек. Анткени мындай чечим болуп көрбөгөндөй коркунуч экенин түшүнүп турушат. Алтургай Америка согушту убактылуу токтотуу жөнүндө бир да жолу айткан эмес. Бул согуштун кийинки элементи ким болорун айта албайбыз. Ошол эле Борбор Азия мамлекеттери да болушу мүмкүн. Казакстан дагы ага каршы коркунуч канчалык өсөрүн билип турат. Бош калган, ачка, жаалданган, ичимдикке берилген орус аскерлери бир гана Балтика мамлекеттерине эмес, Казакстанды да көздөй багытталышы ыктымал".
Согуштун Борбор Азияга тийгизген кесепти
Украинадагы согуштун кесепти борбор азиялыктарга дагы тийүүдө. Орусия тарапта согушка келишим аркылуу, түрмөдөн азгырылып ондогон борбор азиялыктар катышууда. Алардын так саны белгисиз. Былтыр “Азаттык” орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.
“Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга абакка кесилди. Орус тарапта согушка катышкан дагы бир кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулун сот жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотту. Орус полициясы жай башынан бери мигранттар эмгектенген, жашаган жайларда тинтүү жана текшерүүлөрдү күчөттү. Мындай рейддер Орусиянын ар кайсы аймактарында мигранттарга каршы чакырык менен коштолууда. Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттарга каршы мыйзамдарды катаалдаштырууну сунуштаса, айрымдары армияда кызмат өтөбөгөн чет элдиктерди жарандыктан ажыратуу демилгесин көтөрдү.
Украинадагы согуш качан бүтөт?
Кантсе да эки жылга аяк баскан урушту жон териси менен сезген Орусия менен Украинада гана эмес, бул согуштун эпкини тийген дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да «согуш качан аяктайт» деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. Батыш Украинага каражат бөлөбү? Бөлбөй койсо эмне болот? Андан ары Кремль Европага согуш ачууну көздөбөйбү? деген суроолор да көптөрдү түйшөлтүүдө. Украин армиясынын запастагы полковниги Сергей Грабскийдин пикиринде, согуш 2027-жылга барып аякташы мүмкүн.
"Биздин контекстте согуштун кандайдыр бир логикасы бар экенин түшүнүү керек. Ага ылайык, өлкө түштүгүндөгү маселени чечмейинче, тактап айтканда, Крымды бошотмоюнча чыгыштагы ийгиликтүү аракеттер жөнүндө айтууга болбойт. Бул жерде Крым биздин ийгиликтин ачкычы экенин билебиз. Крымды жоготуу Орусия үчүн өлүмгө тете болот. Ошондуктан 2024-жыл согуш Украинанын жеңиши менен бүтө турган жыл деп айтууга болбойт. 2025-жыл боюнча да күмөнүм чоң. 2026-2027-жылдар реалдуурак көрүнүп жатат. Бул жерде мен айта албай турган фактор бар. Бул азыртадан байкала баштаган Орусиянын өзүндөгү кырдаалдын дестабилизациясына байланыштуу", - дейт Грабский.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери “10 миңдей жайкын тургун мерт болуп, 18 миңден ашууну жараат алды”. Эксперттер согушта набыт болгон жай тургундардын чыныгы саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет. Анткени орус армиясы көзөмөлдөп турган аймактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.
Жайкын тургундардын өлүмү тууралуу далилдерге карабастан, Москва Украинада аскердик инфраструктураны гана бутага алганын кайталап келе жатат.
Эки жылдык согуштун айынан Украинанын 44 миллиондой калкынын үчтөн бири же 15 миллиону гуманитардык жардамга муктаж болуп турат. Төрт миллион жаран өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду. 3,3 миллиондой киши дагы деле активдүү согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактарда күн кечирип келет.