Украинанын атайын кызматтарында кеминде 155 кытай жараны орус армиясынын катарында согушуп жатканы жөнүндө маалымат бар. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, орус бийлиги социалдык тармактар аркылуу келишим түзүүгө чакырган жарнак таркатууда.
"Кантип азгырып жатканы түшүнүктүү схема. Алардын бири – орусиялыктар жарнама жайылткан TikTok жана башка социалдык тармактар. Расмий Бээжин бул тууралуу кабардар", - деди Зеленский.
8-апрелде Зеленский Донецк облусунда Кытайдын эки аскери туткунга алынганын билдирген. Ал бул аскерлер жалданма жоокерлер болгон-болбогонун же Түндүк Кореянын аскерлериндей эле кандайдыр бир эки тараптуу келишимдин негизинде Украинанын аймагына кирген-кирбегенин так айткан эмес.
9-апрелде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь Бээжин өз аскерлерин Украинадагы согушка катышууга жибербегенин билдирген.
Быйыл февраль айындагы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иликтөөсүндө чет элдик согушкерлердин, анын ичинде кытай жарандарынын орус армиясында кызмат өтөгөнү тууралуу кабарланган. Журналисттер иликтеген тизмеде 36 жаштагы Кытайдын жараны Вэй Дуан да болгон. Ал Кытайдын жараны экенин жана Украинадагы согушка катышканын ырастап, бирок чоо-жайын айтуудан баш тарткан.
Расмий түрдө Кытай Украинадагы согушта эч бир тарапты ачык колдогон эмес жана Орусия менен да, Украина менен да соода байланышын улантып келет.
Шерине