Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Экономика

бейшемби 9 Январь 2025

Календарь
2025-ж., Январь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
30 31 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчиси жана орун басарлары алмашты. Кумтөр кенинде иш кандай жүрүп жатат? Орун алмашууларга эмне себеп болду?

2024-жыл жуп аяктап жатканда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов кызматтан кетип, анын ордуна Бузурман Субанов дайындалганы белгилүү болду.

Андан тышкары ишкананын төрт вице-президентинин үчөө алмашканы маалымдалды. Дмитрий Долматовдун ордуна Каныбек Кошоков, Кубанычбек Турдукожоевдин ордуна Бакытбек Майлиев, Улукмырза Абакировдун ордуна Канатбек Кадыров дайындалган.

Кадрдык чечимдин расмий негиздемеси эч жерде ачык жарыяланган жок. Компаниядагы жетекчиликтин алмашуусунун себептери тууралуу анын юридикалык ээси “Кыргызалтындан” маалымат алуу да мүмкүн болгон жок.

Кен тармагын жакшы билген адистер жумуштан алынган орун басарлар мурунку өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жакын кадрлары болгонун, чечим кабыл алууга ушул жагдай таасир кылышы мүмкүндүгүн боолголошот.

Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков “Кумтөрдүн” башына такшалган адистер келгенин, алар кендеги буга чейин чогулуп калган көйгөйлөрдү чечүүгө белсенип киришүүсү зарыл деген пикирин билдирди.

“Дайындалган жетекчилерди мен жакшы тааныйм. Бир учурда мен ошол “Кыргызалтын” мекемесинин директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп жатканда, азыркы жаңы дайындалган жетекчи башында “Кыргызалтындын” аппаратында иштеп, андан кийин түрктөр менен бирге “Эти Бакыр Терексай” деген компания түзүлгөндө, ошол жерге биринчи орун басар, “Кыргызалтындын” өкүлү болуп барып иштеген. Өзү кесипкөйлүгү жагынан такшалган, жумушту жакшы билген адам деп айтсам болот. Ал эми ага орун басар болуп барган жигит ошол мезгилде алтын чыгарган “Солтон-Сары” мекемесинин жетекчиси болуп иштеген. Экөө тең тажрыйбасы мол, мындайча айтканда, тоо-кен тармагын жакшы түшүнгөн адистерден деп эсептейм. Эми келечекте ишмердиги кандай болот? Бүгүнкү күндө биз Кумтөрдөгү акыбал аябай жакшы деп айткандан дагы алыспыз. Ичинде көйгөйлүү маселелер көп. Ошолордун баарын чечиш керек”.

"Кумтөр" жаңы чечимдерди издеп келет

Кумтөр кениндеги алтын өндүрүү соңку жылдары бир топ солгундап кеткен. Кен мамлекеттин колуна өткөн 2021-жылы 14,5 тонна алтын казылган. Өкмөт муну канадалыктар менен күрөшүүдөгү кризистик мезгилге байланыштырган. 2022-жылы өндүрүш мурдагы калыбына келгендей сыяктанган. Бирок андан кийинки жылдары алтын казуунун көлөмү туруктуу түрдө төмөндөп келет.

Компания мындай көрүнүштү рудадагы алтындын курамы азайып кеткендиги менен түшүндүрөт. Алдыда жер астынан казуу менен калдык сактоочу жайдагы алтынды кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүшүнүн динамикасы өз калыбына келет деп ишендирет.

Тармактык адистер алтын казуунун пландан аз чыгып калышын кендердеги алтын корун изилдеп, мамлекеттик баланска коюудагы алешемдиктер себеп болуп жатканын айтышат.

Компания 2023-жылы Тоголок кенин казууга жана Жангарт аянтчасын чалгындоого лицензия алган. Маалыматтарга ылайык, чалгындоо иштери үч жылга созулат. Баштапкы эсептөөлөр боюнча, Тоголок кенинде 17 тонна алтын запасы бар.

Мурунку жетекчиси Алмазбек Барыктабасов “Биринчи радиого” курган маегинде алтынды жер алдынан казуу, калдык сактоочу жайда кайра иштетүү пландары тууралуу ой бөлүшкөн.

“Чалгындоо иштери 2013-2024-жылдары токтоп калган. Ошонун негизинде “Центерра” убагында Кумтөрдүн жашоосу 2026-жылдар менен бүтөт деген план болчу. Бирок кийин 2018-жылдан баштап чалгындоо иштери кайра улантылды. Азыркы күндө биздин ачык карьерди иштетүү мөөнөтү 2031-жылга чейин созулат. Азыр кенди жер астынан иштетүү долбоорубуз дагы ишке кире баштады. Мунун азыркы кездеги мөөнөтү 17 жыл. 2023-жылы австралиялык компания техникалык-экономикалык негиздемени карап, жасап берди. Анын корутундусуна ылайык, бул долбоор рентабелдүү жана ага ылайык, алтындын запасы 115 тоннаны түздү. Калдык сактоочу жайдын пионердик дамбасы 1995-жылы салынган. Ошондон бери азыркы күнгө чейин калдык сактоочу жайды колдонуп келебиз. Ушул 30 жылдан бери бүгүнкү күндө бул жерде дагы 120 тоннадан ашык алтыныбыз бар. 2025-жылдын соңу, 2026-жылы план боюнча бул калдык сактоочу жайды кайра иштете башташыбыз керек”.

Кыргыз бийлиги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү менен ал жердеги айлана-чөйрөгө кооптуулукту да жок кыларын айтып келет.

Бирок эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков ал оңой-олтоң иш эмес экенин, татаал технологиялык процесстер талап кылынарын айтат:

“Тенгиз Бөлтүрүк баштап, Акылбек Жапаров кошулуп “мына, биз калдык сактоочу жайды иштеткени жатабыз, кошумча алтын алабыз” деп айтып келгени бүгүнкү күндүн чечилип кала турган маселеси эмес. Мисалы, “Центерра” кетер алдында калдык сактоочу жайда 80 тоннадай алтын бар болчу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга бул долбоор 118 тонна алтын деп өткөрүп берилди. Эмне үчүн “Центерра” компаниясы карьердин ичинен бургулоо, жардыруу иштерин жүргүзүп, анан кийин жүк ташуучу техника менен фабрикага ташып барып алтын өңдүрүп жатты? Эгер калдык сактоочу жайдагы алтынды өндүрүп алуу оңоюраак, жеңилирээк болсо, анда эмне үчүн кумдун арасында жатканда оңой алып алып эле, тазалап чыгарып алышкан жок? Себеби анын технологиясында оор маселелер бар. Цианид менен алынган алтынды кайра бөлүп алуу өтө кыйын”.

“Кумтөр” - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Кен 1978-жылы ачылып, техникалык-экономикалык негиздемеси 1989-жылы даярдалган. 1992-жылы кыргыз өкмөтү канадалык “Камеко” корпорациясы менен келишим түзүп, “Кумтөр Оперейтинг Компани” түзүлгөн. Кенди иш жүзүндө казуу 1997-жылы башталган. Андан берки тынымсыз саясий оюндар, коррупциялык көрүнүштөр менен коштолгон тарыхта Кыргызстандын кендеги үлүшү улам азайып отуруп, тапкан пайдасы да берекесиз болуп келген. 2021-жылы Садыр Жапаров баштаган бийлик канадалыктар менен келишимди бир тараптуу токтотуп, сот аркылуу кенди мамлекеттин колуна алган.

Компаниянын маалыматы боюнча, азыркы учурда кенде 3 419 кызматкер иштейт. Анын 14ү чет элдик адис болсо, калганы жергиликтүү жарандар.

Финансы министрлиги "Кылым банк" ачык акционердик коомун түзөт.
Финансы министрлиги "Кылым банк" ачык акционердик коомун түзөт.

Жыл башында өкмөт үлүшүнүн 100 пайызы мамлекетке таандык болгон “Кылым банк” ачык акционердик коому түзүлгөнүн жарыялады. Өкмөт бул чечимди банк секторун жана каржы системасын өнүктүрүү аракети катары түшүндүрдү. Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болот. Каражат бюджеттен которулат.

Буга чейин кыргыз бийлиги мамлекеттин карамагындагы айрым банктарды сатуу ниетин билдирген. Мындай шартта мамлекеттик жаңы банк түзүүнүн максаты эмнеде? Бул банк кандай иштейт?

Министрлер кабинетинин банк түзүү боюнча токтому 2024-жыл аяктап баратканда, 26-декабрда чыкты.

Документке ылайык, жаңы банк түзүү өлкөнүн банк секторун жана финансы системасын өнүктүрүү, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана экономиканы санариптештирүүгө дем берүү максатын көздөйт. Ал толук мамлекетке караштуу болот.

Финансы министрлигине ачык акционердик коом формасындагы жаңы банк түзүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана уставдык капиталына 1 млрд сом чегерүү тапшырмасы берилди.

Ар бири 1000 сомдук бир миллион даана акция чыгарылат. Уставдык капитал 2027-жылга чейин 5 млрд сомго жеткирилет. Банктык операцияларды жүргүзүү үчүн тиешелүү лицензия алынат.

Президенттин Иш башкармалыгына жаңы банкты туруктуу имарат менен камсыздап, техникалык жана коммуникациялык жактан тейлөө милдети тапшырылды.

Өкмөттүн чечимине ылайык, “Кылым банкка” эсептешүүлөрдү жана клиринг (жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы накталай эмес акча которуулар) операцияларын жүргүзүү, баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында чыгарылган баалуу кагаздарга идентификациялык код ыйгаруу укуктары берилип, ал өлкө аймагында борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп эсептелет.

“Кылым банк” азыркы учурда Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өтө элек.

Банк тармагы боюнча эксперт Бактыбек Шамкеев жаңы түзүлүп жаткан банктын аткара турган миссиясы тууралуу ой бөлүштү:

“Фондулук рыноктогу биздин өнүгүүбүз аябай жай темп менен жүрүп жатат. Азыр, менин билишимче, Министрлер кабинети мамлекеттик ишканалардын, жеке компаниялардын баалуу кагаздарын сатуу аркылуу ушул рынокту өнүктүрүү максатын коюп жатат. Ошонун негизинде ушул банк борбордук депозитарийдеги контрагент катары түзүлүп жатыптыр. Фондулук рынокко биздин ири ишканалар чыгып жатпайбы. Ошол эле Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун, “Камбар-Ата” ГЭСинин баалуу кагаздарын сатыш үчүн ушул банк жардам берет. Фондулук рынокту иштетиш үчүн инвесторлорду тартыш керек, аларга “ушул баалуу кагаздар пайда алып келет” деп кепилдик бериш керек. Банк ошонун негизинде түзүлдү деп ойлоп жатам. Эгерде ал өзүнүн ишин жакшы алып барса, анда биздин мамлекеттик мекеме болобу, ири жеке менчик компаниялар болобу, өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, баалуу кагаздарды чыгарып, инвестиция тартат. Мен бул банк ушундай максат менен түзүлгөн деп ойлоп жатам”.

Мамлекеттин экономикадагы ролу өсүп барат

Соңку 3-4 жылда Кыргызстанда экономиканын ар кайсы тармактарына адистешкен ондогон мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Былтыр май айында өткөн “Финтех жана туруктуу өнүгүү” аттуу каржы форумунда сүйлөп жатып. ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров мамлекет экономикадагы жетектөөчү күчтүн ролун өзүнө алганын билдирген. Ал экономиканын бардык тармактарына ири инвестиция тартуу үчүн Кыргызстандын алдыңкы корпорацияларын эл аралык биржаларга чыгарууга активдүү даярдык иштери көрүлүп жатканын айткан.

“Биз банк секторубузга чоң ишеним артабыз. 2050-жылга карата адегенде 30 миллиарддык ылдыйкы орбитага, андан кийин 200 миллиарддык стратосферага алып чыгууга тийиш болгон экономикалык өсүш темпине жетүү үчүн бизде жогорку деңгээлде өнүккөн, ийкемдүү, акылдуу финансылык жана банктык сектор болушу керек экенин билебиз. Биз эл аралык капитал рыногун жаңыдан изилдей баштадык. Буга кызыгуу бар экенин айткым келет. Бирок биз чогуу активдүү иштешибиз керек”, - деген Жапаров.

Бирок бизнес чөйрө рыноктук механизмдер бузулуп, мамлекет экономикага ашыкча кийлигишип жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

Былтыр июлда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирүү таратып, өкмөт мамлекеттик компанияларга эксклюзивдүү укук берип, бизнестеги атаандаштыкка доо кетирип жатканын айткан. Уюмдун пикиринде, мамлекет айрым тармактарды монополия кылып, рыноктук экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров экономикада мамлекеттин ролу жалпы катышуучулар үчүн бирдей эреже түзүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө менен чектелиши туура болот деген пикирин айтты:

“Мамлекеттин негизги милдети, албетте, жалпы эрежелерди орнотуу. Мындай айтканда, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук. Ошол эрежелерди сакташы керек. Мамлекет өзү бир чарбалык ишкана түзүп, жеке тармакка атаандаштык кылып жатса, бул өзү жакшы эмес. Анткени мамлекетте эки рол бар да. Өзү эреже орнотуп, көзөмөлдөйт. Анан өзү дагы ошол жерде атаандаштык кыла баштаса, анда жеке ишканалар кызыкпай калат. Демек, мамлекет экономикага ашыкча кийлигишпеши, жеке секторго атаандаштык кылбашы керек. Кайсы бир сектордо жеке компаниялар жок болсо, анан монополияга таандык бир тармак болсо, ошол тармакта мамлекеттик ишканалар болушу мүмкүн. Негизи, дүйнөлүк көз караш менен караганда, мамлекеттик чарбалардын үлүшү жалпы экономикада 30% ашпаш керек, андан төмөн да болуш керек деген көз караш бар”.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда 21 коммерциялык банк бар. Кыргыз банктарынын пайдасы 2022-жылдан тартып кескин өскөн. Банктар 2024-жылдын он айында 26 млрд сом таза пайда тапкан. Анын көп бөлүгү валюталык операциялардын (акча которуулар, ар түркүн кызматтар үчүн комиссиялар, валюталарды конвертациялоо ж.б.) түшөт.

Буга чейин мамлекеттин колунда “РСК банк” (азыркы “Элдик банк”), “Айыл банк” жана “Керемет банк” деген үч коммерциялык банк болгон. Муну менен катар, 2022-жылы Мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлгөн. Ага өлкөдөгү ири инвестициялык долбоорлорду каржылоо миссиясы жүктөлгөн.

2018-жылы Улуттук банк менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөн “Керемет банктын” акцияларынын 97,45% былтыр март айында Финансы министрлигинин колуна тийген. Банктын ишмердигин капиталдаштыруу үчүн өкмөт ага 8,5 млрд сом каражат салган.

Беш-алты жылдан бери илең-салаң иштеп, колдон колго өтүп келген банкты башында мамлекет өкмөттүн короткон чыгымына баалап, сатыкка чыгарган. Бир нече жолу сатылбай калган. Бирок жыл аяктап жаткан маалда банктын 75% үлүшү чет элдик инвесторлорго сатылганы кабарланган. Мамлекеттин колунда акциялардын 22,45% калган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG