18-мартта "Азаттык" радиосунун обого чыкканына 72 жыл толду. СССР доорунда канчалык кыйын болсо да анын угармандары ар кандай айла-амал менен “Азаттыкты” угуп келген. Көпчүлүк “Азаттыкты” эгемендик менен киндиктеш деп билет. 72 жыл ичинде “Азаттык” далай сыноону башынан өткөрдү.
13-мартта тажик президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасы келишимине кол коюлду. 2021-2022-жылдардагы эки тараптан жүздөн ашуун өмүрдү алган жаңжалдардан кийин коңшулардын алака-катышы солгундап, чек араны тактоо менен алектенди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация Вьетнамда жүрөт. Бул кыргыз расмийлеринин Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бишкектеги “Аккула” ат майданынын 53 гектардан ашык жери ири курулуш үчүн вьетнамдык жарандар түзгөн компанияга берилери айтылган.
Кыргыз өкмөтү соңку төрт жылда ички карызды буга чейинкиден 1,5 эсе көп алды. Өкмөттүн бул саясаты кандай максатты көздөөрүн финансы министри Алмаз Бакетаев түшүндүрдү. Ал ички карыздын мөөнөтү бир кыйла кыска, үстөк пайызы жогору болгону менен, өлкө казынасы үчүн пайдасы көп экенин чечмеледи.
Улуттук банк өткөн жылдагы 45 млрд сомдон ашык кирешесин мамлекеттик бюджетке которот. Министрлер кабинети бул каражаттын ири бөлүгүн мамлекеттик ипотекалык компанияга берүү чечимин чыгарды. Банк кирешесин өкмөткө бергени анын ишмердигине кандай таасирин тийгизет?
27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйыны өтүп, ага кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору сунушталды.
Кыргызстандагы “Газпромнефть – Азия Операциялык компания” жоопкерчилиги чектелген коому жакында "Мунай Пром" деген аталыш менен кайрадан каттоодон өткөнү белгилүү болду. Январь айында “Газпром нефть Азия” компаниясы АКШ менен Улуу Британиянын санкциясына кабылган.
Украинада согуш башталгандан бери кыргыз паспортун алууну жарнама кылган орусиялык ортомчулар көбөйдү. Кыргыз паспортуна кызыккандардын арасында аттуу-баштуу орусиялыктар бар. Кыргызстандын жарандыгын соодалагандар кимдер? Алар анча акчаны кайда сарптайт? Кыргыз бийлиги кандай чара көрө алат?
Үч жыл мурун Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш баштагандан бери кыргыз паспортун алууга кызыккан орусиялыктар үчүн гүлдөгөн жаңы рынок пайда болду. Ар кандай визалык чектөө, санкцияларга туш болгон орусиялыктарга кыргыз паспорту чет өлкөлөргө чыгууда бир топ жеңилдик берет.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Соңку жылдары Кыргызстанда Кытайдын таасири артып бара жатышы ар кандай пикирлерди жаратууда.
Кыргызстан - Кытай кызматташтыгы 2024-жылы өзгөчө демдүү жүрдү. Эки тараптуу сооданын агымы дагы да көбөйдү. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Президент Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу боюнча 4-7-февраль күндөрү Бээжинде мамлекеттик сапар менен болот.
АКШ Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай-Мырза” компанияларына санкция салды. Алар Орусиянын “Газпром” компаниясынын Кыргызстандагы туунду ишканалары. Мунай рыногу жалгыз Орусияга байланган Кыргызстандын экономикасына таасир кандай болот?
АКШ “Керемет Банкка” санкция салганы белгилүү болду. Кошмо Штаттар Кыргызстанда колдон-колго өткөн бул банк эл аралык санкцияларды кыйгап өтүп кара тизмеге кирген орусиялык банк менен кызматташканын билдирүүдө. Бул санкция “Керемет Банкка” жана жергиликтүү банк системасына кандай таасир кылат?
Орусиянын Самара облусунда патент менен иштеген эмгек мигранттарынын бир катар тармактарда жумушка орношуусуна тыюу салынды. Башка аймактарда да кирген ушул сыяктуу чектөөлөрдүн Орусияда иштеген жүз миңдеген кыргыз жаранына таасири кандай болот?
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчиси жана орун басарлары алмашты. Кумтөр кенинде иш кандай жүрүп жатат? Орун алмашууларга эмне себеп болду?
Жыл башында өкмөт үлүшүнүн 100 пайызы мамлекетке таандык болгон “Кылым банк” ачык акционердик коому түзүлгөнүн жарыялады. Өкмөт бул чечимди банк секторун жана каржы системасын өнүктүрүү аракети катары түшүндүрдү. Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болот. Каражат бюджеттен которулат.
Cалыктын айрым эрежелерин жумшартуу боюнча маселеден улам өкмөт мүчөлөрү ортосунда эки ача пикир жаралды.
Cалыктын айрым эрежелерин жумшартуу боюнча маселеден улам өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда эки ача пикир жаралды.
Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) бардык товарга эмес, беш гана түрүнө киргизүү керектигин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Амангелдиев муну анын жеке пикири катары сыпаттады.
Дагы жүктөңүз