Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Чырдан арылбаган “Керемет Банк” казак ишкерлеринин колуна тийди


"Керемет" банк.
"Керемет" банк.

Мамлекеттик "Керемет банк" жеке колго сатылганы белгилүү болду. Убагында колдон колго өткөн банкты өкмөт кымбат баага алып, арзан саттыбы? Ачык маалыматка таянсак, банктын жетекчилигине казакстандык банкирлер келди. Банктын директорлор кеңеши жаңыланып, башкармалыгынын төрагасы да жаңы болду.

17-сентябрда “Керемет Банк” жетекчилиги алмашканын жарыялады. Банктын жаңы төрайымы болуп Татьяна Куржей аттуу казакстандык менежер дайындалган.

Эки ай мурда, 8-июлда банктын Директорлор кеңеши да толугу менен алмашып, төрагалыгына Наталья Дружинина шайланган болчу.

Улуттук банк 10-сентябрда “Керемет Банктын” директорлор кеңешине сунушталган үч талапкерге макулдук берген.

“Улуттук банк "Керемет Банк" ачык акционердик коому тарабынан "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Дружинина Наталья Михайловнанын, директорлор кеңешинин мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эрмакбаева Клара Эргашевнанын жана директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Арзыматов Сыргак Жумадиловичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды”, - деп жазылган Улуттук банктын маалыматында.

Март айынан бери банктын расмий ээси болуп келген Финансы министрлиги азырынча эч кандай маалымат жарыялай элек. Министрликтин өкүлдөрүнө кайрылуубуз жоопсуз турат.

Юстиция министрлигинин базасында “Керемет Банктын” 2-августта кайра каттоодон өткөнү жазылган. Бирок азырынча жаңы ээлери жана жетекчиси тууралуу маалымат киргизиле элек.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары “Керемет Банктын” сатылганын, жаңы кожоюндары чет элдиктер экенин жазышууда.

Маселен, “Акипресс” маалымат агенттиги банктын уставдык капиталынын 75% люксембургдук компанияга сатылганын жазды. Маалыматтын чын-бышыгын расмий булактардан аныктоо азырынча мүмкүн боло элек.

Июль айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында банктын орусиялыктарга сатылганын жазган. Бул тууралуу журналисттер кайрылганда, банк маалыматты четке каккан.

Жергиликтүү медиаларда жарык көргөн маалыматтар боюнча, “Керемет Банк” бул жолу 850 млн сомго сатылган. Бул баа өкмөт сатып алган суммадан арзан. Мындай маалыматты Финансы министрлиги азырынча ырастай да, четке кага да элек. "Азаттык" радиосу бул маселе боюнча аталган министрликке кайрылып, бирок расмий жооп ала элек.

Жаңы кожоюндардын изи кайда барат?

Татьяна Куржей мурда Казакстандагы “Евразия Банкынын” төрагасынын орун басары болуп иштегендиги белгилүү. Наталья Дружинина дагы мурда “Евразия Банкында” директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, “Евразия Банкы” “Евразия финансы компаниясы” акционердик коомунун кол алдындагы компания болуп эсептелет.

Расмий сайтындагы маалыматка таянсак, “Евразия финансы компаниясы” казакстандык миллиардерлер Александр Машкевичке, Патох Шодиевге жана маркум Алижан Ибрагимовдун жесири Мукадасхан Ибрагимовага таандык.

Банктын директорлор кеңешинин дагы бир жаңы мүчөсү Клара Эрмакбаева дагы Казакстандагы “БанкЦентрКредит” банкында башкаруучу директор болуп иштеген.

Инвестициялар боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу “Керемет Банктын” жаңы башкаруучулары казакстандык миллиардерлердин бизнес структураларынан келгенин жана ири бизнестин схемаларын мындайча чечмелейт:

“Ошол структурасында иштеген адамдар аркылуу гана байланыштыруу кыйын. Бирок кандайдыр бир байланышы бар деген тыянак чыгарса болот. Байлоо бүгүнкү күндө абдан кыйын, билесиңер да. Анүчүн юридикалык тастыктоолор, юридикалык далилдер керек. Бизнесте, билесиңер да, бүгүнкү күндө чыныгы пайда табуучу тарапты, компанияны жаап-жашыруу кыйын эмес. Офшор аркылуу же башка компанияларга, башка кишилерге каттоо аркылуу жаап-жашыруу оңой эле. Бирок офшорго сатса, ал жактан офшордун мыйзамдарына ылайык, түпкү, негизги пайда табуучу тарап ким экенин эч ким билбейт. Офшордун эң негизги принциптеринин бири ошондой”.

“Керемет Банк” - “Росинбанк” - “Залкар Банк” - “АзияУниверсалБанк”

“Керемет Банктын” тарыхы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанкка” барып такалат. Банк 2010-жылга чейин дүңгүрөп турган, ыңкылаптан кийинки маалыматтар боюнча ал аркылуу көптөгөн мыйзамсыз акча адалдашып кеткен. Кийин “Залкар Банк”, “РосинБанк” жана “Керемет Банк” болуп бир нече жолу аталышын өзгөрткөн.

“Керемет Банк” болгондо мамлекеттик бюджеттен 8 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Кийин аудит жана тергөө органдары ал каражаттардын максатсыз пайдаланылгандыгы боюнча кылмыш ишин козгоп, банктын бир катар мурдагы жетекчилерин камакка алган. Банкты атайылап кудуретсиз абалга кириптер кылышкан деген айыптар айтылган.

Буга чейинки кайрылууларыбыздын биринде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев банктын маселеси парламент комитеттерде талкууланганын айткан:

“"Керемет Банк" боюнча маселени биз комитетте 2018-2019-жылдарда бир канча жолу караганбыз. Тилекке каршы, биз ошол учурда чечимди чыгарсак да, чечим Башкы прокуратурага жеткен жок. Башкы прокуратурага “иш козголсун, ушул жерде бир топ туура эмес чечимдер чыкты” деп тапшырманы бергенбиз. Бул боюнча бизде купуя маалымат катары бир топ эле маалыматтар болгон. Жабык режимде отурумдар дагы болгон. Биз “бул өтө чоң ката, себеби азыр бирөөнүн тапшырмасын аткарып, анан келечекте иш козголот” деп айтканбыз. Эми чындыгында бул жерде “Керемет Банкты” атайын банкрот кылып алып, анан Улуттук банк алып жатпайбы. Иш жүзүндө 8 млрд сом банкты капитализациялоого кетти. “Керемет Банкты” Орусиядан бир топ киши жана банктар сотко берип, “булар бизге карыз” деп көрсөткөн”.

Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жыл ортодо арсар абалда турган банктын 97,45% акциясын 2024-жылы март айында Финансы министрлиги сатып алган. Кыргыз фондулук биржасындагы маалыматка ылайык, сооданын суммасы 8 млрд 477 млн сом болгон.

XS
SM
MD
LG