2024-жыл жуп аяктап жатканда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов кызматтан кетип, анын ордуна Бузурман Субанов дайындалганы белгилүү болду.
Андан тышкары ишкананын төрт вице-президентинин үчөө алмашканы маалымдалды. Дмитрий Долматовдун ордуна Каныбек Кошоков, Кубанычбек Турдукожоевдин ордуна Бакытбек Майлиев, Улукмырза Абакировдун ордуна Канатбек Кадыров дайындалган.
Кадрдык чечимдин расмий негиздемеси эч жерде ачык жарыяланган жок. Компаниядагы жетекчиликтин алмашуусунун себептери тууралуу анын юридикалык ээси “Кыргызалтындан” маалымат алуу да мүмкүн болгон жок.
Кен тармагын жакшы билген адистер жумуштан алынган орун басарлар мурунку өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жакын кадрлары болгонун, чечим кабыл алууга ушул жагдай таасир кылышы мүмкүндүгүн боолголошот.
Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков “Кумтөрдүн” башына такшалган адистер келгенин, алар кендеги буга чейин чогулуп калган көйгөйлөрдү чечүүгө белсенип киришүүсү зарыл деген пикирин билдирди.
“Дайындалган жетекчилерди мен жакшы тааныйм. Бир учурда мен ошол “Кыргызалтын” мекемесинин директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп жатканда, азыркы жаңы дайындалган жетекчи башында “Кыргызалтындын” аппаратында иштеп, андан кийин түрктөр менен бирге “Эти Бакыр Терексай” деген компания түзүлгөндө, ошол жерге биринчи орун басар, “Кыргызалтындын” өкүлү болуп барып иштеген. Өзү кесипкөйлүгү жагынан такшалган, жумушту жакшы билген адам деп айтсам болот. Ал эми ага орун басар болуп барган жигит ошол мезгилде алтын чыгарган “Солтон-Сары” мекемесинин жетекчиси болуп иштеген. Экөө тең тажрыйбасы мол, мындайча айтканда, тоо-кен тармагын жакшы түшүнгөн адистерден деп эсептейм. Эми келечекте ишмердиги кандай болот? Бүгүнкү күндө биз Кумтөрдөгү акыбал аябай жакшы деп айткандан дагы алыспыз. Ичинде көйгөйлүү маселелер көп. Ошолордун баарын чечиш керек”.
"Кумтөр" жаңы чечимдерди издеп келет
Кумтөр кениндеги алтын өндүрүү соңку жылдары бир топ солгундап кеткен. Кен мамлекеттин колуна өткөн 2021-жылы 14,5 тонна алтын казылган. Өкмөт муну канадалыктар менен күрөшүүдөгү кризистик мезгилге байланыштырган. 2022-жылы өндүрүш мурдагы калыбына келгендей сыяктанган. Бирок андан кийинки жылдары алтын казуунун көлөмү туруктуу түрдө төмөндөп келет.
Компания мындай көрүнүштү рудадагы алтындын курамы азайып кеткендиги менен түшүндүрөт. Алдыда жер астынан казуу менен калдык сактоочу жайдагы алтынды кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүшүнүн динамикасы өз калыбына келет деп ишендирет.
Тармактык адистер алтын казуунун пландан аз чыгып калышын кендердеги алтын корун изилдеп, мамлекеттик баланска коюудагы алешемдиктер себеп болуп жатканын айтышат.
Компания 2023-жылы Тоголок кенин казууга жана Жангарт аянтчасын чалгындоого лицензия алган. Маалыматтарга ылайык, чалгындоо иштери үч жылга созулат. Баштапкы эсептөөлөр боюнча Тоголок кенинде 17 тонна алтын запасы бар.
Мурунку жетекчиси Алмазбек Барыктабасов “Биринчи радиого” курган маегинде алтынды жер алдынан казуу, калдык сактоочу жайда кайра иштетүү пландары тууралуу ой бөлүшкөн.
“Чалгындоо иштери 2013-2024-жылдары токтоп калган. Ошонун негизинде “Центерра” убагында Кумтөрдүн жашоосу 2026-жылдар менен бүтөт деген план болчу. Бирок кийин 2018-жылдан баштап чалгындоо иштери кайра улантылды. Азыркы күндө биздин ачык карьерди иштетүү мөөнөтү 2031-жылга чейин созулат. Азыр кенди жер астынан иштетүү долбоорубуз дагы ишке кире баштады. Мунун азыркы кездеги мөөнөтү 17 жыл. 2023-жылы австралиялык компания техникалык-экономикалык негиздемени карап, жасап берди. Анын корутундусуна ылайык, бул долбоор рентабелдүү жана ага ылайык, алтындын запасы 115 тоннаны түздү. Калдык сактоочу жайдын пионердик дамбасы 1995-жылы салынган. Ошондон бери азыркы күнгө чейин калдык сактоочу жайды колдонуп келебиз. Ушул 30 жылдан бери бүгүнкү күндө бул жерде дагы 120 тоннадан ашык алтыныбыз бар. 2025-жылдын соңу, 2026-жылы план боюнча бул калдык сактоочу жайды кайра иштете башташыбыз керек”.
Кыргыз бийлиги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү менен ал жердеги айлана-чөйрөгө кооптуулукту да жок кыларын айтып келет.
Бирок эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков ал оңой-олтоң иш эмес экенин, татаал технологиялык процесстер талап кылынарын айтат:
“Тенгиз Бөлтүрүк баштап, Акылбек Жапаров кошулуп “мына, биз калдык сактоочу жайды иштеткени жатабыз, кошумча алтын алабыз” деп айтып келгени бүгүнкү күндүн чечилип кала турган маселеси эмес. Мисалы, “Центерра” кетер алдында калдык сактоочу жайда 80 тоннадай алтын бар болчу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга бул долбоор 118 тонна алтын деп өткөрүп берилди. Эмне үчүн “Центерра” компаниясы карьердин ичинен бургулоо, жардыруу иштерин жүргүзүп, анан кийин жүк ташуучу техника менен фабрикага ташып барып алтын өңдүрүп жатты? Эгер калдык сактоочу жайдагы алтынды өндүрүп алуу оңоюраак, жеңилирээк болсо, анда эмне үчүн кумдун арасында жатканда оңой алып алып эле, тазалап чыгарып алышкан жок? Себеби анын технологиясында оор маселелер бар. Цианид менен алынган алтынды кайра бөлүп алуу өтө кыйын”.
“Кумтөр” - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Кен 1978-жылы ачылып, техникалык-экономикалык негиздемеси 1989-жылы даярдалган. 1992-жылы кыргыз өкмөтү канадалык “Камеко” корпорациясы менен келишим түзүп, “Кумтөр Оперейтинг Компани” түзүлгөн. Кенди иш жүзүндө казуу 1997-жылы башталган. Андан берки тынымсыз саясий оюндар, коррупциялык көрүнүштөр менен коштолгон тарыхта Кыргызстандын кендеги үлүшү улам азайып отуруп, тапкан пайдасы да берекесиз болуп келген. 2021-жылы Садыр Жапаров баштаган бийлик канадалыктар менен келишимди бир тараптуу токтотуп, сот аркылуу кенди мамлекеттин колуна алган.
Компаниянын маалыматы боюнча азыркы учурда кенде 3 419 кызматкер иштейт. Анын 14ү чет элдик адис болсо, калганы жергиликтүү жарандар.
Шерине